Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Баткен: Президентти күткөн окуучулардын бири кулап калды


Президентти күтөбүз деп...
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Өлкө башчысын тосуп алуу үчүн чогулган кыздардын бирөөсү эстен танып, кулап түштү.

Президент сүйлөп атканда эс-учун жоготуп, кулап калган 12 жаштагы Бегайым Амандилаева мурда-кийин ден соолугунан даттанган эмес экен. Жаңы мектептин ачылыш аземине окуучулар саат 11де чакыртылып, 3 сааттан ашык бир жерде турушкан.

11-октябрда Баткен облусунда иш сапары менен болгон президент Алмазбек Атамбаев шаардагы 600 орунга ылайыкташкан № 3 орто мектепти ачылуу аземине түштөн кийин, саат 14тө келди. Мектеп короосуна келген өлкө башчысы дароо эле мектеп мугалимдерине кайрылып, жаш балдар көпкө туруп калышкан жокпу, - деп кечигип калганына өзү да өкүнгөнүн билдирди.

- Мен мугалимдерге кайрылат элем. Мен жанаракта өттүм эле ушул жерден. Ошондон бери турушкан жокпу балдар кыйналып?

Президент ушул сөздү айтып оозун жыйгыча тизилген окуучулардын алдынкы сабында турган кыздардын бири кулап түштү. Ал 12 жаштагы Бегайым Амандиллаева экен. Кокус эле эс-учун жоготуп жыгылган кызды дароо коопсуздук кызматыны өкүлдөрү ары алып кетип, тез жардам Бегайымга жардам көрсөттү. Бегайым дароо эле өзүнө келип, кайра курбуларына кошулуп кеткен.

Бүгүн ал кадимкидей эле мектепке келип, окуусун улантып жатыптыр. Кечээки окуяны Бегайым мындача эскерди:

- Мурда мындай болгон эмес. Катарда турсам эле башым айланып кетти. Анан бир нерсе жыттатышканда өзүмө келдим. Азыр жакшы болуп калды. Сабагымды улантып жатам. Бизге эжейлер айтышкан да президент келгенде гүл кармап турасыңар деп. Азыр ден соолугум жакшы. Мурдакыдай болуп калдым.

Айрымдар бул окуяга жаш балдарды ачка, анан күн ачык тийип турган жерде көпкө кармап коюшканы себеп болгонун айтышууда.

Баткен шаарында жаңыдан ачылган № 3 орто мектептин директору Мээринса Жапарова президентти күтүп алуу үчүн тандалган окуучулар саат 11ге чакырылганын, бирок салтанатты көрүүгө кызыккан балдардын бир тобу эрте эле келип алышканын айтат:

- Негизинен балдарды алдын ала даярдык көрүү үчүн саат 11ге чакырганбыз. 11 де балдар келе башташты. Ал кыз болсо өзү тетик экен да. Келген кабарчыларга интервью берип, ары-бери чуркап жүргөн. Менимче, кичине башы айланып кетти окшойт. Ага чейин жакшы жүргөн да ал кыз. Анан ошол окуя болгондо тез жардам да ушул жерде эле дароо жардам берип, үйүнө жөнөтүп койдук. Эми бала экен да, президент келет экен деп эрте келип алышканы да болду.

Өлкө башчысынын аймактарга иш сапары учурунда коопсуздук чараларынан улам көпчүлүк учурда президент келчү жерди алдын-ала курчашып, элди эрте чогултуп алмай адаты Кыргызстанда мурдагы президенттердин учурунда калыптанган.

XS
SM
MD
LG