Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Мергенчилер: аңчылык бизнеске айланды


Учурда Кыргызстанда чет элдик жарандар үчүн аңчылык турларын уюштурган 46 жеке фирма бар.
Учурда Кыргызстанда чет элдик жарандар үчүн аңчылык турларын уюштурган 46 жеке фирма бар.

Жергиликтүү мергенчилер Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттик кайберендерди атууга уруксат берүүнү бизнеске айлантканын айтып чыгышты. Бирок аталган агенттиктин өкүлдөрү мындай айыптоолорго макул эмес.

"Чындык издеп чыркырап Нарындан борборго келдим" деген мергенчи Азат Исаков Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик аңчылыкка уруксат берүүнү бизнеске айлантканын айтууда. Анын пикиринде, аң уулоого лицензиялар тааныш-билиштин, жемкорлуктун негизинде гана чет өлкөлүктөргө берилип, жергиликтүү мергенчилердин кызыкчылыгы корголбой жатат.

- Аңчылыкка лицензиялар сынактын негизинде берилип жатат деп мактанып жатышат. Бирок 11 кишиден турган комиссияга жергиликтүү бийликтен эч ким катышпайт. Агенттиктин беш-алты кызматкери эле баарын чечип коёт. Негизи комиссиянын сегиз мүчөсү катышканда гана кворум болот. Булар болсо катчыны кошуп, жети киши менен эле конкурс өткөрүп жатышат. Мындан сырткары конкурстун тандоо критерийи түшүнүксүз. Базасы барларга, көптөн бери иштегендерге бербей, акча сунуштагандар гана лицензия алып жатат.

Исаков мындай фактылар боюнча бир нече мергенчи тиешелүү органдарга кайрылып, майнап чыкпай жатканын кошумчалады.

Кылмыш иши козголгон кызматкер ишин уланта береби?

Ал ортодо октябрь айынын соңунда беш аркар-кулжага, сегиз тоо эчкисине лицензия берүү үчүн 9500 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттиктин бөлүм башчысы Өмүрбек Мусаканов кылмыш иши козголгонуна карабай ишин улантып жатканы маалым болду.

ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев буларды билдирди:

- Мусаканов бир күн камалып, эртеси эле ден соолугуна байланыштуу деген жүйө менен үй камагына чыгарылган. Ал 9500 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн. Ага 313-берене боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок кылмышка шектүү ага карбай ишин улантып жатат. Милиция да, прокуратура да бул факт боюнча агенттик жетекчисине тийиштүү материалдарды жөнөткөн, бирок эч кандай чара көрүлгөн жок. Тергөөгө тоскоол болбошу үчүн жок дегенде кызматынан убактылуу четтетүү керек эле.

Милициянын маалыматында, Мусаканов лицензия берүүчү 11 кишиден турган комиссиянын төрага орун басары болуп саналат. Ал колго түшкөн учурда алган акчаны өрттөп жиберген жана үйүнөн мындан башка 35 миң доллар, 10 миң евро табылган.

Деген менен Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин башчысы Сабыр Атажанов прокуратура Мусакановго козголгон кылмыш иши боюнча бир да расмий документ жөнөтпөгөнүн айтат. Анын кылмышын тастыктаган билдирүү келмейинче Мусаканов ишин уланта берерин кыйытты.

- Биринчиден, бизге милиция да, прокуратура да жазуу түрүндө кагаз берген жок. Интернеттеги "шоу-видеону" мен да көргөм. Бирок расмий документ болбосо, кызматкеримди кантип иштен алам? Эгер кылмыш иши чын эле козголгон болсо, тиешелүү органдар мага билдирүү жолдошу керек эле. Анан Мусакановду интернетке чыгыпсың деп эле кантип иштен бошотом?

Жергиликтүү аңчылар мушкер Руслан Абасовдун жана жакында эле Караколдо киши колдуу болуп өлгөн мергенчи Акжолтой Асановдун өлүмүн аңчылыктагы криминалдык көрүнүштөргө байланышы болушу мүмкүн деп түкшүмөлдөшөт.

Анткен менен аңчылык департаментинин башчысы Алмаз Мусаев мындай дооматтарды четке кагып, комиссия ачык-айкын иш жүргүзүп жатат деп ишендирүүдө.

- Комиссия коррупциялык иш-аракеттерди алдын алуу үчүн атайын түзүлгөн. Мурда аңчылык аянттарын облус жетекчиси эле бөлүштүрүп койчу. Азыр 11 киши бардык критерийлерди карап чыгат. Жети киши катышса кворум болду деп эсептелет. Албетте жерин тарттырып жибергендер нааразы болбой койбойт. Алар ич күйдүлүк кылып бизге каршы чыгып жатышат. Болбосо бизге нааразы болуп жаткан мергенчилердин өздөрүнүн мыйзамсыз иштери толуп жатат.

Учурда Кыргызстанда чет элдик жарандар үчүн аңчылык турларын уюштурган 46 жеке фирма бар жана аларды таасирдүү адамдар башкарары айтылып келет. Алардын ар бири кеминде 70 миң гектардан аңчылык жайытына ээлик кылат. Улуттук илимдер академиясынын маалыматында, өлкөдө 17 миңге жакын аркар-кулжа байырлайт жана алардын саны жыл санап азаюуда.

Мыйзам боюнча ар жылы аталган жаныбарлардын жарым пайыздан бир пайызга чейинкисине аңчылык кылууга уруксат берилет. Тагыраак айтканда, жылына 70тей кулжа, 250-300 теке атылат. Чет элдиктер аталган жаныбарлардын атууга алардын мүйүзү кымбат болгону үчүн кызыгышат. Алар дүйнөгө аты чыккан Марко Полонун ургаачысын 350 миң, эркегине 55 миң сомдон төлөп аң уулашат. Чет өлкөлөрдө сейрек кездешкен жаныбарларга мылтык кезөө мындан бери дегенде он эсе кымбат.

XS
SM
MD
LG