Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Бир жумада эки эне төрөттөн көз жумду


Бишкекте декабрдын алгачкы күндөрүндө эле эки эне төрөттөн каза тапты. Алардын жакындары өлүмгө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгонун айтса, ак халатчандар андай дооматтарды четке кагууда.

29 жаштагы бишкектик Миргүл Турдалиева 4-декабрда №2 төрөтканада көз жумган. Анын жакындарынын айтымында, буга дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгон. Маркумдун күйөөсү Улан Кубатовдун ырасташынча, Миргүлдүн саламаттыгы операцияга чейин жайында болчу.

- Аппаратка түшүп текшерилгенде баланын да, эненин да ден соолугу жайында болчу. Дарыгерлер да кооптуу эч нерсе жок экенин айтышты. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдык. Окуя болгондон кийин эмнеге операция кеч жасалганын сурасак, пациент меники эмес болчу деп койду. Эгер андай болсо эмнеге үч жолу операция жасайт. Үчүнчү операцияны көтөрө алабы десек, башка айла жок деп коюшту.

Ак халатчандар чын эле акпы?

Ошентип, Миргүлгө бир күндө үч ирет операция жасалып, акыркысы өлүм менен аяктаган. Бирок төрөтканага жаңы келгенде өзү төрөйт деп 16 саат бою операция жасашкан эмес. Дарыгерлер качан жатындан кан кетип, келин алсырай баштаганда гана операция жолу менен төрөтүү үчүн дүрбөлөңгө түшүшкөн.

Анткен менен Миргүл Турдалиеваны кабыл алган дарыгер Рыскүл Асакеева маркумдун дооматтарын четке кагууда. Анын ишендиришинче, Миргүлдүн өлүмүнө ак халатчандар эмес, анын аз кандуулугу себеп болгон.

- Анын каны нормадан аз, литрине 90-98 гана грамм болгон. Боюнда бар кезинде табити тартпай тамакты да аз жечү экен. Жолдошунун айтканы боюнча акыркы эки айда күндүз такыр эле тамак ичпей калган. Жатаарда эле өзүн кыйнап, бирдеме жечү экен. Келгенде эле суусу кетип, кансырай баштаган. Биз бардык аракеттерди көрдүк.

Дарыгерлер Миргүлдүн баласын аман сактап калышканы менен эненин өлүмү боюнча өз убагында милицияга кайрылышкан эмес. Бишкек шаардык милициясынын маалыматында маркумдун жакындары арыз менен кайрылганда гана тергөөчүлөр төрөтканадагы өлүмдү каттоого алышкан. Маркумдун туугандары дарыгерлер беш саатча өлүмдү жашырууга аракет кылышкан деп айтышууда.

Декабрдын алгачкы он күнүндөгү экинчи өлүм Бишкектеги чуулгандуу №4 төрөтканада катталган. Ал келин да 29 жашта болгон, өлүмү да Миргүлдүкүндөй табышмак бойдон.

Миргүл Турдалиева да №4 төрөтканага каттоого туруп, ушул жерде көз жармак экен. Бирок эне өлүмү көп катталган төрөтканадан чочулап, атайын №2 төрөтканага которулган.

Төрөттөн көз жумгандар боюнча комиссия түзүлдү

Ал арада Саламаттыкты сактоо министрлиги эки эненин өлүмү боюнча атайын комиссия түзүп, кызматтык иликтөө иштерин баштады. Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин маалымат катчысы Аскар Исаков “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Азырынча ким күнөөлүү экенин айтыш кыйын. Комиссия жума күнү түзүлгөн. Дарыгерлердин күнөөсү бар-жогун ошолор аныкташат. Азыр соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Комиссия ушулардын баарын эске алуу менен күнөөлүүлөрдү жазага тартат.

Быйыл жыл башынан бери өлкө боюнча 50 аял төрөттөн жан берген. Ал эми Бишкек боюнча былтыр төрөт учурунда беш өлүм катталса, быйыл жыл аягына чейин эле алтыга жетти. Адистер мындай каргашаларга кош бойлуу келиндердин ден соолугуна кайдыгер караганы жана айрым доктурлардын шалаакылыгы себеп болууда деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG