Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Таш-Көмүр: төрөткана убактылуу көчпөйт


Иллюстрация
Иллюстрация

Таш-Көмүр шаарындагы төрөткананы шарты жакшы деп саналган аймактык ооруканага көчүрүү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин чечимин шаардык кеңеш колдобой койду.

Төрөткананы көчүрүүгө каршылыгын буга чейин аялдар кеңеши да билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги мындай чечимге өткөн айдагы облустук, республикалык штаб жыйынынан кийин келген.

Өз чечимин министрлик кош бойлуу энелердин саламаттыгына кам көрүүнү жакшыртуу, өлүмүн азайтуу максаты менен негиздөөдө.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча 1994-жылга салыштырмалуу аймакта азыр төрөттүн саны да 50% азайды. Өткөн жылы шаарда 783 бала төрөлсө, быйылкы жылдын алты айынын жыйынтыгы менен 335 ымыркай дүйнөгө келген. Ошол эле учурда төрөт имаратында жандандыруу бөлүмүнүн жоктугунан энелердин өлүмү жоюлбай келет. Статистикалык маалыматтарга караганда, Ала-Бука жана Таш-Көмүр эне өлүмү көп катталган аймактарга кирет.

Бул өңдүү проблемаларды азайтуунун жолун министрлик шартты жакшыртуудан көрүп жатканын облустагы координатору Маматжан Миянов мындайча билдирди:

- Ал төрөт бөлүмү менен оорукананын аралыгы бир чакырым. Кокус төрөп жаткан эненин абалы оорлосо, замбил менен ооруканага алып келүү керек. Ал жерде реанимация жок. Ошол себептүү былтыркы жылы бир эне каза болсо, быйыл да беш айда бир эне каза болуп жатат. Биздин максат эне жана баланын саламаттыгы үчүн аларды шарты бар жерге алып келели деген эле ой. Бул жерде кээ бир адамдар саясатташтырып, көчүрүүгө каршы болуп жатат. Имаратын сатып жиберет экен дешүүдө. Ал министрликтин балансындагы имарат да, кайда сатмак эле? Мунун баарын туура түшүнсө деп ойлойм.

Акча жок, шарт начар

Төрөт бөлүмүнүн жетекчиси Раимберди Капаров башка жакка көчүүгө негиз жок деп эсептейт.

- Менин жеке пикиримде, ал жакка көчүрүүгө болбойт. Төрөттөгү аялдар тынчтыкты каалашат. Эгер ооруканага көчүп барсак, ал жерде ызы-чуу, жугуштуу оорулар да бар, ар кандай адам кирип-чыгат. Анан ал имараттын палаталары да кош бойлуу энелерге ылайыкталган эмес, тардык кылат. Бизде бул жерде бардык шарт бар, дарыгерлер дагы жетиштүү. Облуста кандай операциялар болсо, биз дагы ушул жерде жасайбыз.

Каршы болгон тараптардын дагы бири, аялдардын шаардык комитетинин төрайымы Кадича Умбеталиева мындай жүйөлөрдү келтирди:

- Шаардын келечеги чоң, дагы жаңы үй-бүлөлөр пайда болот. Ошол себептүү бул төрөткана керек. Мындай жаңы салынган имараты менен төрөткана жаныбыздагы район-шаарларда жок. Чырылдап жатканыбыздын себеби да ошол, имараты менен сактап калышыбыз керек. Бул жерде адистер жетишпейт дейт. Башкы дарыгери министрликтин алдына бул маселени коюш керек, болбосо биз, аялдар айтып чыгалы. Кандай көйгөйлөр болсо коомчулук, жашоочулар менен биргеликте чечели деп жатабыз. Эгер каражат тартыш болсо марафон өткөрүп да жардам берели.

Депутаттар колдогон жок

Төрөткана маселеси өткөн жумада Таш-Көмүр шаардык кеңешинин сессиясында да каралды. Көпчүлүк депутаттар төрөткананы ордунда калтырууну колдошту. Төрага Бекболот Минбаев маселени чечүүнүн төмөнкүдөй жолдорун сунуш кылды:

- Төрөткана ордунда калышы керек. Таш-Көмүрдө турмуш оңолот. Бул имаратты перинаталдык борборго айландырсак болот. Биздин айланабызда 350 миң калк жашайт. Биз министрден суранышыбыз керек, бул өлкөдө курулган акыркы төрөт имараты.

Жыйынтыгында шаардык кеңештин депутаттарынын жана жашоочулардын атынан Саламаттыкты сактоо министрлигине бул багытта кайрылуу жолдоо чечимине келишти.

Таш-Көмүр шаарындагы аймактык оорукананын карамагындагы төрөткананын 105 орунга ылайыкталган үч кабаттуу имараты 1987-жылы курулуп, ишке кирген. 1994-жылдан кийин орундар 25 орунга чейин кыскарган. Учурда төрөттү кабыл алуу жана эне-балага көзөмөл иштери имараттын 3-кабатында гана жүргүзүлөт. Калган кабаттар бош турат.

Бир артыкчылыгы – бул төрөткана күнү-түнү иштеп, Аксы, Ала-Бука райондорунан келгендерди үзгүлтүксүз кабыл алуу шарты бар. Өксүгү - эне-баланын саламаттыгына көз салууга толук шарт түзүлгөн эмес. Облус аймагында эски жылда төрөт учурунда жети аял көз жумса, быйыл беш ай ичинде эле алты өлүм катталган. Ала-Бука жана Таш-Көмүр эне өлүмү көп катталган аймактардын катарына кирет.

XS
SM
MD
LG