Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Чуулгандуу төрөтканадагы жаңы чуу


Бишкектеги №4 төрөт үйүнүн дарыгерлери жаңы төрөлгөн баланы чарчап калган ымыркай кызга алмаштырып салышкан.

Чарчап калган кызга алмашып кеткен ымыркай жаш үй-бүлөнүн экинчи наристеси. Ымыркайдын энеси бул окуядан кийин кан басымы көтөрүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Уулдуу болгонун угуп сүйүнгөн ата Оштон учак менен жетип келген.

Аты-жөнүн коомчулукка жарыялоону каалабаган атасы окуяны мындайча сүрөттөп берди.

- Мен төрөттөн кийин киргенде балам менен кыз бир ваакуумда жаткан. Ошол жерден экөөнүн биркалары алмашып кетиптир. Мен деле аны билген эмесмин. Эртең менен дарыгерлер чалып “балаң чарчап калды” дешти. Өлүкканага барсам менин балам эмес эле кыз экен. Анан төрөтканага кайра келгиче эле департаменттен келип ызы-чуу түшүп калыптыр. Келинчегим 26-февралда төрөгөн. Мен Ошто болчумун.

Ошентип ызы-чуудан соң бул ата-энеге уулу кайтарылып берилген. Уулдуу болгон ата ымыркайлардын алмашып кетишине кокустук себеп болгон деп ойлойт.

"Ымыркайлар атайын алмаштырылган..."

Ал тапта Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Амангелди Мурзалиев аталган факт боюнча Октябрь райондук прокуратурасы тергөө ишин баштаганын “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, билип туруп эркек баланын ордуна чарчап калган кызды алмаштырган төрөткананын 3 дарыгери жана 3 акушери иштен алынды.

- Азыркы учурда бул факт боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Бирок биз күнөөлүүлөрдү кызматтан алдык. Башкы дарыгердин орун басары өз арызы менен кетти.

Мурзалиевдин маалыматына таянсак, ымыркайлардын бир гана биркалары алмашпай, жарык дүйнөгө келгендерди каттаган журнал да атайын оңдолгон. Ал муну атайын жасалган кылмыш деп баалады.

- Ымыркайдын колундагы бирканы өлгөн балага тагуу – бул атайын жасалган иш. Буга тиешеси бар адамдардын баары түшүнүк кат жазып беришти. Алар эми жабдыктын тартыштыгына шылтап актана башташты. Эмне кыз менен эркектин айырмасын билбей калабы? Анда эмнеге гинеколог болуп иштеп жүрүшөт? Колундагы брелогун алмаштырып, журналды оңдоп атайын эле жасашкан. Эми албетте себептерин тергөө аныктайт да.

Чуулгандуу төрөткана

Деген менен аталган төрөткананын баш дарыгеринин орун басары Чынара Рахманова ымыркайлардын алмашып кетишине ооруканадагы ара төрөлгөн ымыркайларды салчу инкубатордун тартыштыгы себеп болгонун айтууда. Бирок ал дарыгерлердин шалаакы мамилесин да четке какпайт:

- Бул күнү 13 ымыркай айы-күнүнө жетпей ара төрөлгөн. А бизде болгону 6 эле инкубатор бар. Айла жок экиден жаткырууга туура келген. Экөө тең бир килограммга жетип-жетпей, бирөө 920, экинчиси 925 грамм болуп төрөлүшкөн. Аларды инкубаторго салбасак болбойт эле. Менимче, бул окуя кокустан эле болду. Балким медайым ымыркайларды которуп, же таразага тартып жатып биркаларын түшүрүп алып, кайра байлаганда алмаштырып алган болушу мүмкүн. Бизде түнкүсүн 4 киши иштеш керек болсо, дарыгерлердин тартыштыгынан экөө эле иштейт.

Рахманова дарыгерлерди иштен алуу менен маселе чечилбей тургандыгын, андан көрө төрөткананы медициналык жабдыктар жана дарыгерлер менен камсыз кылуу керектигин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин социалдык саясат, саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиеванын айтымында, мындай окуялардын улам-улам жүз беришине дарыгерлердин кесиптик деңгээлинин тайкылыгы себеп:

- Бул сөзсүз түрдө шалаакылык. Бирок ушундай окуялардан улам адамдардын тагдыры чечилип жатпайбы. Негизи медицина тармагында кокустан келген адамдар иштебеши керек. Чын жүрөгү менен иштеген адамдар болгондо мындай окуялар болмок эмес. Бизде тескерисинче дарыгерлик кесипке бизнес жасап, акча табам дегендер көп келип жатат.

№4 төрөткана чуулгандуу иштерден улам коомчулукка жакшы белгилүү. 2007-жылы аталган мекеменин дарыгери жаңы төрөлгөн ымыркайды сатканы жатканда кармалып, кылмыш иши козголгон. 2009-жылы эки ай ичинде алты эне төрөттөн көз жумуп, коомчулукта резонанс жараткан. Мындан бир нече ай мурун дагы бир эне төрөттөн жан берип, төрөткананын жетекчиси кызматынан алынган. Өткөн жылдын ноябрь айында дагы бир ымыркай уурдалып, ызы-чуулардан кийин кайра табылган. Аталган төрөтканада күнүнө орто эсеп менен 20 эне көз жарат.

XS
SM
MD
LG