Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Жоголгон ымыркайдан дайын жок


№4 төрөтканадан жоголгон бир айлык Кызжибектин дайыны белгисиз бойдон калууда.

Врачтардын айтымында, ымыркай 10-октябрда жарык дүйнөгө келип, 5-ноябрда кечки саат 17:00 – 20:30 арасында жоголгон. Ошол учурда аталган төрөт үйдүн башкы врачы Гүлнара Мамытова иш сапары менен чет өлкөдө жүргөндүктөн, анын милдетин убактылуу Наби Тагиев аткарып турган. Тагиев ымыркайдын жоголгону тууралуу маалыматты түн жарымда гана укканын айтууда.


Ымыркайдын атасы Алмазбек Турсуналиев чүрпөсүнүн жоголгонун Москвада жүрүп уккан, баласын көргөн да эмес, жадагалса кыз-эркегин так билбейт. Ага жакындары адегенде “уулдуу болдуң” деп сүйүнчүлөп, кийин “врачтар жаңылып калыптыр, кыз экен” деп айтышкан.


- Мен кызымдын жоголгонун 7-ноябрда угуп, Москвадан сегизинде келдим. Негизи аялыма врачтар алгач уулдуу болдуң дешип, 2 күндөн кийин эсине келип эмизгени түшкөндө кыз экенин айтышыптыр. Биз дароо эле Бактыбек деп ат койгонбуз, кийин Кызжибек деп өзгөртүүгө мажбур болдук.

Ымыркай 8 айлык болуп ара төрөлгөндүктөн эне-бала эки башка палатага жаткырылган. Кызжибектин апасы, 38 жаштагы Айниса Суранчиева эки оор операцияны башынан өткөрүп дарыланып жаткандыктан аны менен байланыша алган жокпуз. Ал Москвада иштеп жүрүп “мекениме барып төрөйм” деп мындан 5 ай мурун Бишкекке кайтып келген.

Өңү купкуу болгон Алмазбек мырза ымыркайдын жоголушун ак халатчандарга байланыштырууда.

- Бизге өчөшкөн деле адамдар жок. Баламды врачтар өздөрү эле жок кылды окшойт. Сатып жибериши да мүмкүн. Жамандык болбой эле койсун, бирок кырсык болуп, бизден жашырып жатабы деп да ойлоп жатам.

Башкы врачтын милдетин аткаруучу болуп дайындалган Наби Тагиев 34 жылдык иш тажрыйбасында ымыркайдын уурдалышы биринчи жолу катталып жатканын айтууда.

- Ымыркайдын жоголушуна врачтарды күнөөлөгүм келбейт. Бул ишке кимдин тиешеси бар экенин тергөө гана аныкташ керек. Ар бир бөлүмдө медайым, санитардык врачтар иштейт. Алар бөтөн кишини киргизишпейт. Болгону бала жоголгон учурда эл көп болуп калган болуш керек.


"Кароолчуга эмес, дарыга акча жок..."

Биз төрөткананын имаратына киргенибизде Бишкектин калган ооруканаларындагыдай эле жолубузду тооруган коопсуздук кызматкерин же медайымды кезиктире алган жокпуз. Төрөт үйүнүн коопсуздук маселеси боюнча Наби Тагиев:

- Бизде коопсуздук кызматкери деген жок. Аларга да айлык төлөп бериш керек да. Аларга каяктагы айлык? Видеокөзөмөл көп акчаны талап кылат. Азыр бизде коопсуздукка эмес, дары-дармекке акча жетпей жатат.

Төрөтканадан алган маалыматтарга таянсак, ымыркай медайымдардын бири тарабынан атайын өзүнчө палатага которулган. Бул фактыны башкы врачтын милдетин аткаруучу тастыктаганы менен, эмне үчүн мындай болгонун чечмелей алган жок.

Бишкек ШИИБси ымыркайдын жоголушу боюнча оперативдүү маалыматтар бар дегени менен, азырынча эч кандай илинчек жок экенин айтып алакан жаюуда. Аталган мекеменин маалымат катчысы Бакыт Сейитов ымыркайга тийиштиги бар врачтардын үйлөрү толук тинтүүгө алынганын “Азаттыкка” кабарлады.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул окуя боюнча он кишиден турган атайын комиссия түзгөн. Аталган комиссия кызматтык териштирүүдөн кийин төрөт үйдүн жетекчилигин кызматтан алуу боюнча чечим кабыл алган. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы маалымдады.

Чуулгандуу төрөткана

№4 төрөткана чуулгандуу иштер боюнча алдына киши салдырбайт десек болчудай. 2007-жылы аталган мекеменин врачы жаңы төрөлгөн ымыркайды сатканы жатканда кармалып, кылмыш иши козголгон.

2009-жылы эки ай ичинде алты эне төрөттөн көз жуумп, коомчулукта резонанс жараткан. Мындан төрт ай мурун дагы бир эне төрөттөн жан берип, төрөткананын жетекчиси кызматынан алынган.

Ал ортодо бүгүн Октябрь райондук сотунда ушул эле төрөт үйүнүн санитардык кызматкери Гүлнара Жээналиеванын иши каралды. Жээналиева төрөтканага келген бейтаптардын чөнтөк телефондорун уурдаган деп айыпталууда. Жабырлануучулардын бири Жыргал Кенжебаеванын айтымында, санитардык кызматкер он чакты телефонду кымырып алган. Жээналиева күнөөсүн мойнуна алып, уурдалган буюмдарды ээлерине кайтарып берген.

XS
SM
MD
LG