Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

Бишкек: автоунаа жарылып, 14 киши жараат алды


Бишкек шаарында май ташыган автоунаа жарылып, алдын ала маалыматтар боюнча 14 киши ар кандай деңгээлде жараат алышты.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жарылуудан каза тапкандар да бар болгонун, алардын саны такталып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бүгүн кечке жуук Фучик көчөсүндө май ташыган автоунаа жарылып, өрттөнүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуяга газ жабдыгын туура эмес колдонуу себеп болгонун билдирди.

Өрт өчүрүүгө алты атайын машине жана куткаруучулардын бир бригадасы тартылган.

Бишкекте май ташыган автоунаа жарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

XS
SM
MD
LG