Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Мэр шайлоо: Бишкекте бир гана талапкер


Бишкек шаарынын мэрлигине бир эле талапкердин көрсөтүлүшү сынга кабылды жана түрдүү божомол жаратып жатат.

Айрым талдоочулар, жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоо болбой эле дайындоо болуп калды, шаардыктардын тандоо укугуна доо кетти деген пикирин билдирүүдө.

Шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясы Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин сунуштаган. Ал эми калган үч фракция шаар башчылыгына эч кимди көрсөткөн эмес.

Эң ириде Бишкек шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүк Оштогудай бир талапкерди алып чыкпаганы түрдүү сөз жаратты. Кубанычбек Кулматовду көрсөткөн Социал-демократтар коалициянын башка мүчөлөрү менен эсептешкен жок, же болсо жең ичинен кандайдыр бир соодалашуу болду, коалицияда ажырым кетти дегендер да жок эмес.

Анткен менен шаардык кеңештеги “Ата Мекен” фракциянын лидери Союзбек Салиев бул айтылгандарды жокко чыгарууда:

- Коалициянын ичинде ажырым жок экенин расмий ырастайм. Экинчиден, бизде болгону жети гана мандат бар. Ошондуктан өзүбүздүн мүмкүнчүлүктү карап көрүп, талапкер чыгарбайлы деп чечтик. Эми сунушталган талапкер менен жакыныраак таанышабыз. Программасын угалы. Шаардын проблемаларын кантип чечет, кандай жолдорду сунуштай турганын билели. Ошонун баарын таразалап көргөндөн кийин чечим кабыл алабыз. Бул киши депутаттарды ынандырышы керек.

“Замандаш” партиясынын теңтөрагасы Сапар Асанов да ушундай эле жүйөлөр менен талапкер сунушталбаганын билдирди:

- Коалициялык көпчүлүктө биздин 6 гана добушубуз бар. Өз алдынча эч кандай чечим кабыл албайбыз. Ошон үчүн талапкер көрсөткөн жокпуз.

Шаардык кеңештеги оппозициячыл “Республика” фракциясы мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин көрсөтүү ыктымалдыгы айтылып жаткан. Аталган фракциянын Жогорку Кеңештеги депутаты Курманбек Дыйканбаев мэр шайлоо боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берди жана шайлоодо сунушталган талапкер колдоого алынышы ыктымалдыгын белгиледи:

- Негизи Бабановду талапкер кылалы деген ой жок болчу. Биз салмагыбызды карап көрдүк, бизде 11 эле добуш бар. Кулматов деле реалдуу талапкер. Биз жакында өкмөткө байланыштуу башка кадамдарды жасайбыз. Аны убагында угасыңар.

Жарандык коомдун каршылыгы

Ал арада 50дөн ашык жарандык уюм "Бишкек демилгеси" деген кыймылга биригүүдө. Демилгечилердин бири, талдоочу Бакыт Бакетаев мэр шайлоодо демократиянын принциптери сакталбаганын сынга алды жана келечекте мэрликке талапкер көрсөтүлөрүн билдирди:

- Шайлоо ыкмалары архаикалык жана Рим папасын шайлагандай эле болуп калды. Аны кардиналдар конклавы шайлайт го, эл кошулбай, Бишкекте да так ушундай болуп калды. Ошондуктан биз, 58 уюмдун өкүлдөрү бир уюм уюштурдук. Өзүбүздүн төрагабызды шайлап, ал иштеп такшалат. Шаардын көйгөйлөрүн чогултуп, аны чечкенге кийлигишпесек, биздин жарандык укугубуз чектелип калгандай болуп жатат. Программа, долбоор, жарандардан сын-пикир чогултуп, координациялап, аны мэрге жана шаардык кеңешке жеткирип турабыз. Ошондой эле Бишкек форумдун төрагасы мэрликке даяр талапкер катары такшала берет.

Саясат талдоочу Эмил Жураевдин баамында, Бишкектин башчылыгына бир эле талапкердин көрсөтүлүшүнүн кесепети тийиши мүмкүн:

- Бир эле талапкердин көрсөтүлүшү көпчүлүк демократиялык өлкөлөрдө альтернативасы жок шайлоо деген жаманатты кыла турган феномен бар эмеспи. Бизде да ошондой болуп калды. Бул шаарды башкарууда, шаарды башкаруудагы элдин ордуна бир топ шек келтирди. Бир жагынан бул ошол эле фракциялардын тымызын сүйлөшүп алгандыгынан кабар бериши мүмкүн. Балким пассивдүүлүгүн көрсөтөт. Премьер-министр да талапкер сунуштоо укугунан колдонгон жок. Бул албетте өкүнүчтүү. Аз да болсо тандоо мүмкүнчүлүгү берилгенде жакшы болмок.

Бишкек менен Ош шаарынын мэрлигине талапкерлерди сунуштоо 8-январда аяктады, эми шайлоо 15-январда өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG