Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Нарын Айыптын энеси сотторго кайрылды


Райла Идинова.
Райла Идинова.

"Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди" деп 9 миллион сом доого жыгылган журналист Нарын Айыптын 90 жаштагы энеси сотторго кайрылды.

Журналист Нарын Айыптын 90го таяп калган энеси сатыкка коюлганы жаткан үйдө неберелери менен чогуу жашайт. Соттордон калыс чечим чыгарууну суранган Райла Идинова үй сатылса, талаада каларын айтууда.

Менин жалгыз эле тилегим – сөөгүм ушул үйдөн, баламдын колунан чыкса дейм.

- Эми соттор ишти акыйкаттык менен чечкендей болушсун. Бул үй атасынан калган мурас. Атасы 1981-жылы өз эмгеги менен алган. Балам ошол бойдон башка мүлк алайын, дүнүйө чогултайын деген жок. Мындан башка эркек балдарым каза болуп калган. Менин жалгыз эле тилегим – сөөгүм ушул үйдөн, баламдын колунан чыкса дейм. Эми сотторго ишенгим келет. Соттор акыйкат болот, теңдик менен чечет деп укчу элем.

Үч бөлмөлүү үйдүн үчтөн бир бөлүгү гана Нарын Айыпка катталган. Калган эки бөлүгү апасына жана карындашына таандык. Журналист Нарын Айып сот үйдү саттырган күндө деле доодон толук кутулбай турганын айтты:

Нарын Айып.
Нарын Айып.

- Мен мурдагы президентке 9 миллион төлөшүм керек да. Үйдү сатса деле жетпейт. Демек, булар 9 миллион сомдун бир бөлүгүн алганга даяр. Бирок "биз ошол акчаны бөлүп-бөлүп берели" десек болбой коюшту. Сот "9 миллионду бир бересиңер" деп жатат. Үч иш боюнча 3 миллион сомдон. Алар болсо үйдү сатып, доонун бир бөлүгүн алганга даяр. Биз ошентип "бөлүп төлөйлү" десек болбойт. Эмне үчүн аларга болот да, бизге болбойт?

Бишкек шаардык соту журналист жашаган батирдин үчтөн бир бөлүгүн сатуу боюнча маселени 22-февралда карайт.

Журналисттин энесинин кайрылуусу коомчулукта кызуу талкууга түштү. Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов соттор доону өндүрүүдө доого жыгылган адамдын каржылык абалын эске алышы керек деген пикирде.

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

- Албетте, баары эске алынышы керек. Анан эле "азыр төлө, баарын бир бер" деген туура эмес. Сот аткаруучулар бөлүп-бөлүп, графиктин негизиде өндүрсө болот. Бул ыкма сот практикасында кеңири колдонулуп келет. Убакыт бериш керек.

"Атамбаевдин бирөөнүн үйүн тартып алуу ниети жок"​

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Нарын Айыптын Бишкек шаарында жашап жаткан батирин сатыкка чыгарып, анын эсебинен айыппул өндүрүүнү соттон өтүнгөн. Анын алдында соттун чечими менен батир камакка алынган.

- Президент Алмазбек Атамбаевге келтирилген моралдык зыян үчүн чегерилген 3 миллион сомду өндүрүш үчүн Нарын Айыпович жашаган үйдүн үчтөн бирин сатыкка чыгарууну суранабыз. Үй Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан. Сатуу иштерин уюштурууну Октябрь райондук сот аткаруучуларына тапшырууну өтүнөбүз.

Нарын Айып менен кошо соттолуп жаткан “Адилет” укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Октябрь райондук сотунун чечимдерине макул болбой, шаардык сотко даттанган.

Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.
Чолпон Жакупова, Дина Маслова жана Нарын Айып.

Былтыр башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ушундай эле айыптоо менен Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Редакциядан: Макала жарыяланар алдында Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков “Азаттык” радиосу менен байланышып, эгер Нарын Айып ал үйдөн башка баш калкалар жайы жок экенин кагаз жүзүндө далилдесе, үйдү саттыруудан баш тартарын билдирди. Анын айтымында, Атамбаевдин бирөөнүн үйүн тартып алуу ниети жок.

Токсондогу эне сотторго кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG