Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Жаңы-Жерде жаңы абак курулуп бүттү


Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бири.
Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бири.

Кыргызстанда биринчи жолу өмүрүнүн аягына чейин соттолгондорго өзүнчө түрмө курулуп, расмий ачылышы болду.

Курулушу жети жыл мурда башталган түрмө Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан. Мамлекет тарабынан тиешелүү каражат бөлүнбөгөндүктөн курулуш жарым-жартылай эми гана бүтүп отурат.

Долбоор боюнча аталган абак 500 кишини батыра алат. Бирок 200 кишиге ылайыкташкан бир корпусу гана бүткөрүлдү. Курулушка 185 млн. сом кеткен, абакты толук колдонууга берүү үчүн дагы 200 млн. сом талап кылынат.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрага орунбасары Нурлан Орозалиевдин айтымында, жаңы түрмө эл аралык талаптардын баарына жооп берет.

- 18 метр чарчы камерада төрт кылмышкер отурат. Өмүр бою эркинен ажыратылгандар өтө коркунучтуу кылмышкерлер болуп саналат. Ошондуктан алар күчөтүлгөн режимде кайтарылат. Ар бир камерага экиден видеокөзөмөл орнотулат. Эшиктер электрондук ачкычтар менен ачылып-жабылат. Бул түрмөдөн качып чыгуу мүмкүн эмес.

“Кыргыз түрмөлөрү кооптуу”

Кыргызстанда өмүр бою абак жазасын алгандардын саны 300гө жакын. Алар үчүн буга чейин өзүнчө жабык жай болбогондуктан ар кайсы абактарда убактылуу соттолгондор менен бирге жаза өтөп келишкен. Кылмыш-жаза кодекси боюнча бир же бир нече адамды өлтүрүү, террористтик акт уюштуруу сыяктуу оор кылмыш жасагандар өмүр бою эркинен ажыратылат. Мындай жаза 18 жашка чейинкилерге жана 60тан ашкандарга, ошондой эле аялдарга колдонулбайт.

Өмүр бою соттолгондор түрмөсү ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Советбек Арбаев билдиргендей, бул түрмө азырынча ишке кирбейт. Анткени анда иштечү 200гө жакын кызматкерге айлык акы жана штаттык бирдиктер үчүн каражат быйылкы бюджеттен каралган эмес. Арбаев азыркы убакта түрмө кызматкерлеринин да, анда кармалган адамдардын да коопсуздугу корголбогонун ачык айтууда. Анын пикиринде, мунун баарына каражаттын тартыштыгы себеп.

- Жабык жайлардагы эң башкы маселе коопсуздук. Биз азыркы турушубуз менен коопсуздукту сактай албайбыз. Анткени биздин түрмөлөр лагердик системада курулган. Миң киши кармалган түрмөлөрдө түнкүсүн кээде 10-15 эле адам иштейт. Анан алар кантип коопсуздукту сактайт? Айрым түрмөлөрдөгү чатактар кызматкерлердин аздыгынан болуп жатат.

Жаңы курулуп жаткан түрмө.
Жаңы курулуп жаткан түрмө.

Өлкөнүн жабык жайларындагы адамдардын укугу тийиштүү деңгээлде корголбой келгенин укук коргоочулар какшап келишет. Алардын бири - мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун. Ал тоок уурдаган адам менен бир нече адамдын өмүрүн кыйган кылмышкердин бир камерада кармалышы дүйнөлүк тажрыйбада жок экенин эске салууда.

- Өмүр бою кесилгендер өзүнчө изоляцияда кармалышы керек. Бул мыйзам бузууга жатат. Анткени алар жанында отургандарды өлтүргөндөн да кайра тартпайт. Алар абакта кошо отурган жаштарды да бузушат. Келечеги жок адамдар кайра соттолгондон коркпой кылмыштын бардык түрүнө барышат.

Өмүр бою соттолгондор кимге кызмат кылат?

Өмүрүнүн соңуна чейин абак жазасын алгандар кылмыш дүйнөсүнүн куралына айланды. Мындай оюн “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Анын ою боюнча соттолгон адамдар жасаган кылмышынын оордугуна жараша абактарга бөлүнбөсө жоготор эч нерсеси жоктор абактагы жеңил кылмыш жасагандар үчүн да, коом үчүн да коркунуч туудурат.

- Өмүр бою кесилгендер түрмө ичинен да кылмышка барат. Алар абактагыларга басым жасап, кысымга алышат. Алар зонанын ички тартибине ылайык оор кылмыштар үчүн торпеда, курал катары колдонулат. Оор кылмыш жасап же өмүр бою абакка кесилгендер эркиндиктеги кылмыш дүйнөсү үчүн кызмат кылбайт деп эч ким кепил боло албайт.

Учурда Кыргызстандын жабык жайларында 10 миңге жакын адам жазасын өтөп келет. Алардын 300гө чукулу өмүрүнүн аягына чейин соттолгондор. Өлкөдө өлүм жазасы өмүр бою абакка кесүүгө 2005-жылы алмашылган.

XS
SM
MD
LG