Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Турак-жай: Батир баасы асманда


Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн баасы жогору бойдон сакталып, жакын арада арзандаары байкалбайт.

Бишкекте көп кабаттуу үйлөр биринен сала бири курулуп, ага жараша батирлерди соодалоо кызыган кез. Ошого карабай, кыймылсыз мүлккө баа төмөндөгөн жери жок жана жакын арада арзандаары да күмөн. Мындай кымбатчылыкты ортомчулар, башкача айтканда, риэлторлор мигранттардын тапкан каражатын кыймылсыз мүлккө салып жаткандыгы менен да түшүндүрүүдө.

Бишкекте кыймылсыз мүлктү алып-сатууга арналган гезиттерде жана интернет-форумдарда “сатам” деген сунуштардын саны бир топ баракчалардын ордун ээлеп, күн сайын жаңырып турат.

“Теодор” кыймылсыз-мүлк агенттиктин аткаруучу директору Елена Чернышова жарнама бергендердин көбү батирлерин сата албай, сунуштарын бат-бат өзгөрткөнү менен, бааны төмөндөтүүгө ниети жоктугун белгилейт. Анын маалыматы боюнча, азыр бир бөлмөлүү батир 30 миң доллардан жогору болсо, эки бөлмөлүү 40тан, ал эми үч бөлмөлүүсү 45 миң доллардан баштап сатылууда жана бул баалар жакын арада төмөндөрү байкалбайт.

- Соңку үч жылда сатып жаткандардын саны анча деле өзгөргөн жок. Жети жыл мурда миграцияга байланыштуу батирлерин саткандар алда канча көп болчу. Азыр болсо тетирисинче, саткандар аз болуп калды. Элдин көбүндө деле акча чогултуп, батир сатып алууга мүмкүнчүлүк жок. Ошол себептүү, кыймылсыз мүлк базары эски үйдү сатып, ордуна башкасын алалы дегендер же сыртта жүрсө да, бул жактан үй алып коелу деген мигранттар эсебинен жашап атат.

"Ал эми сатуучулардын негизги бөлүгүнүн бир жакка кетейин деген ниети жок, алар өндүргөн акчаны кайра батирге салып жаткандыктан бааны ылдыйлатууга кызыкдар эмес, ошон үчүн ыңгайлуу кардарды күтүп кайра-кайра жарыяларды таратып жүрүшөт",- деп кошумчалады “Теодор” кыймылсыз-мүлк агенттигинин аткаруучу директору Елена Чернышова.

Риэлтор турак-жайларга бааны Бишкектин кайсы аймагында жайгашып, кайсы кабатта жана кандай акыбалда экендигине, социалдык инфраструктуралардын алыс-жакындыгы сыяктуу факторлорго жараша коет.

Анткен менен бардык талапка жооп берген батирлер деле тез сатылат деп айтуу кыйын. Мисалы, Бишкек тургуну Ажара Бекжанованын үй-бүлөсү 50 миң долларга баалаган эки бөлмөлүү батирин сата албай жатканына эки жыл толду. Ошого карабай алар бааны төмөндөтүүнү каалабайт, анткени, үстүнө акча кошуп, кенен үй алуу ниетин көздөшөт.

- Быйыл да интернетке, тегерек-четке жарыяларды илип койдук, кызыгып сурап жатышат. Бирок бааны укканда эле чалкасынан кетишет, "кымбат" дешип. Биз төмөндөтө албайбыз, анткени өзүбүздүн кеңейели деген пландарыбыз бар. Өткөн жылдары да сатабыз дегенбиз, анда кызыккандар өтө аз болчу. Эми билбейм эмне кылабыз. 50 миң доллар - бул базар баасы да, батирибиз жакшы жерде жайгашкан, абалы да жакшы.

Негизинен Совет учурунда курулган үйлөргө кызыккандар көп болгону менен, учурда жаңы салынып жаткан көп кабаттуу заманбап турак-жайлар популярдуу болууда.

“Площадь” агенттигинин менеджери Гүлмира Абдуллаеванын сөзүнө караганда, 10 жыл мурун Бишкекте жаңы үйлөрдөгү батирлер 100 чарчы метрден кем эмес болуп, калктын бай катмарына гана курулчу. Азыр болсо орто жашагандар деле чөнтөккө жараша батир алууга шарт түзүлгөн. Ошон үчүн алардын курулушуна талап бар.

- Кээ бирлери эски батирин сатып, үстүнө акча кошуп элиталык үйлөрдөн батир сатып алууда. Бирок алар аз эле. Көбүнчөсү узартылган мөөнөткө төлөө шарты менен алып жатышат, же ипотекага. Кээ бир ишканалар пайызсыз келишимдерди сунуш кылууда. Бул сунуштар негизинен орто жашаган бишкектиктердин колунан келет, ошон үчүн талап бар.

Абдуллаеванын айтымында, жаңы курулган үйлөрдөгү көлөмү 40 чарчы метрден башталган батирлердин бир чарчы метри 700-800 доллардан баштап сатылууда.

Риэлторлор Бишкекте батирлерге тургундардын мүмкүнчүлүгүнө төп келгидей реалдуу эмес баалар коюлганын моюнга алышат. Бирок бул жалпы дүйнөлүк тенденция, Түркияда деле, Бириккен Араб Эмираттарда деле, Черногория жана башка өлкөлөрдө деле турак-жай кымбат дешет.

Ошентсе да риэлторлор өз кардарларын Бишкекте турак үйлөргө баа мындан жогорулабайт, ал эмес, бир аз төмөндөшү да мүмкүн деп жоошутууда. Анын үстүнө жайкы эс алуулар башталгандыгына байланыштуу кыймылсыз мүлк базарында август айына чейин тынчтык өкүм сүрүп турмакчы. Бул аралыкта эксперттер Кыргызстан бажы биримдигине кирсе, курулуш материалдары кымбаттап, ага жараша элиталык үйлөрдүн баасы да өсүшү мүмкүн деп эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG