Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Жал-Артис: 110 батир кимге тийген?


Бишкектин Жал-Артис кичи районундагы көп кабаттуу үй.
Бишкектин Жал-Артис кичи районундагы көп кабаттуу үй.

"Социалдык турак жай" программасы боюнча үйгө муктаж мамлекеттик кызматчыларга батир бөлүштүрүүдөгү коррупциялык схемалар ачыкка чыгууда. Жал-Артис кичи районунда бүткөрүлгөн 110 батирге кимдер ээ болгонун тастыктоочу тизме жашыруун сакталып турат.

Жал-Артис кичи районунда бүткөрүлгөн 110 батирге кимдер ээ болгонун тастыктоочу тизмени өкмөт жашыруун сактап келген. Бийлик органдарында иштеген турак жайга муктаж жарандар үй алууга кезек бузулуп, жеңилдетилген шартта берилчү батирлер жең ичинен таратылып кеткенин айтышууда.

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин жетекчилиги аталган батирлер өкмөттүн квотасынын негизинде сунушталган тизме боюнча гана бөлүштүрүлгөнүн белгилеп, аны тастыктоочу айрым документтерди көрсөттү.

Өкмөттүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги буйругунун негизинде Жал-Артис кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдөн 410 батир бөлүнгөн. Андагы 201 жана 202 номурлуу турак үйлөрдүн 110 батиринин курулуш иштери 2010-жылдын октябрь айында бүткөн.
Бишкектеги мындай кымбат үй көптөрдүн капчыгына туура келбейт
Бишкектеги мындай кымбат үй көптөрдүн капчыгына туура келбейт
Бул батирлердин ачкычын тапшыруу аземи ошол жылдын 13-декабрына белгиленип, бирок белгисиз себептер менен кийинкиге калган. Ипотекалык насыяны төлөө он беш жылдык мөөнөткө белгиленип, батирдин наркынын отуз пайыздык төлөмү мамлекеттик казынадан төлөнүп берилген. Батирлердин чарчы метри 460 доллардан бааланып, жылына он пайыздык үстөк койулган. Мындай жеңилдетилген шарттагы батир алуу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын эмгек жамааттарынын тизмеси түзүлгөн.

Бирок президенттик аппараттын кесиптик кошуундар уюмунун төрайымы Рита Досмамбетова ушул кезге чейин андагы бир дагы кызматкер жеңилдетилген шартта батир ала электигин билдирди:

- Канча батир берилгенин мына ошол мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Нарбаевден сурагыла. Бизге эч нерсе берилген жок. Маалыматтын баарын мына ошол кишиден сурагыла. Нарбаев жооп берсин. Турак жайды бөлүштүрүү маселеси аларда. Бизге ушул кезге чейин бир дагы батир берилген эмес. Кимге эмне берилгенин мына ошол жактан такташ керек.

Тизме канчалык так?

Кыргыз өкмөтү арзан наркта жана узак мөөнөттө төлөп кутулуу шарты менен батир берүүгө кореялык “Артис Глобал” курулуш компаниясы менен 2006-жылкы макулдашуунун негизинде жетишкен. Аталган компания башкы план боюнча 1390 батирлүү көп кабаттуу 16 үй куруп, анын 410ун “Социалдык турак жай” программасынын алкагында батирге муктаж мамлекеттик кызматкерлерге куруп бермек. Бул үчүн өкмөт Жал кичи районунан тиешелүү жер аянтын бекер берип, инженериялык иштерге көмөктөшүү милдетин алган.

Өкмөт ар бир мамлекеттик бийлик мекемесинин эмгек жамааттарынын санына жараша батирлерди алуу боюнча квотаны бекиткен. Анын негизинде үйгө муктаждардын документтерин карап чыгып, чечим чыгарыш үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.
Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Каныбек Нарбаев бүткөрүлгөн батирлер сунушталган тизменин негизинде гана бөлүштүрүлгөнүнө токтолду:

- Мына ошол комисия мамлекеттик органдардан сунушталып келген тизмелер менен тиешелүү документтерди гана карайт. Мен керек болсо ал комиссиянын ишине кийлигишкен эмесмин. Комиссия мүчөлөрү ар кайсы мамлекеттик мекеме өкүлдөрүнөн турган. Кайсы министрликтен сунушталган кызматкерлердин тизмеси боюнча шектенүү болсо, мына ошол комиссияга кайрылып, тактап алышса болот. Ал комиссия министрликтер берген тизменин негизинде гана иштеди. Мына ошол батирлерди катардагы кызматкерлери алдыбы же жетекчилерби - аны мына ошол министрликтер менен мамлекеттик мекеме-уюмдар өздөрү чечишкен. Биз “ага бер, буга бер” деп алардын ички ишине кийлигишкен жокпуз. Мына ошол 400 батирдин жүзүн бөлүштүрүү жагы Бишкек шаардык мэриясына берилген. Бүткөн батирлерди бөлүштүрүп алышты.

Өкмөттүк квотанын негизинде Бишкек шаардык мэриясынын карамагына муниципалдык кызматкерлер үчүн 20 батир 2011-жылдын башында бөлүнүп берилген. Бирок шаардык мэрияда аны кайсы кызматкерлерге бөлүштүргөнү боюнча так маалымат жок. Ал батирлер план боюнча шаарда иштеген, турак жайга муктаж мугалимдерге, дарыгерлерге жана социалдык кызматкерлерге бөлүнмөк. Бирок аталган батирлер жең ичинен бирөөлөргө берилип, же сатылып кеткен болушу мүмкүн деген шектенүүлөр күч.

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов социалдык турак жай катары бөлүнгөн батирлер тууралуу эч нерсе билбей турганын белгиледи:

- Жок, мен бул тууралуу эч кабарым жок экен. Менин учурумда батирлерди бөлүштүрүүнү мэриянын карамагына алган эмеспиз. Ушул күнгө чейин муниципалдык кызматкерлер үчүн батирлер бөлүнүп, аларды бирөөгө да таркатып берген эмеспиз. Мурункусун билбейт экем. Мен билгенден андай болгон эмес.

Бир нече убакыттан соң кайра чалып, мэрияга 20 батир бөлүнгөнү боюнча документтер бар экенин айттык.

– Жанагы батирлерди тактап жатабыз. Биздин адистер буга чейин 2009-жылы 20 батир бергендей дешти. Тактап атабыз.


Катардагылар жетпеген батирлер

Ошол эле кезде борбордук бийлик органдарында жеңилдетилген шартта батир алууга кезекке турган кызматкерлердин тизмеси бир нече жолу өзгөртүлгөн фактылардын бети ачылды. Көп жылдык эмгек тажрыйбасы менен үйгө муктаж болуп жүргөн катардагы мамлекеттик кызматкерлердин кезеги артка жылып, алардын жетекчилери батир алган фактылар айгине болду.

Иликтөө учурунда Жал-Артистен 2011-жылы Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева эки бөлмөлүү, өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурканбек Момуналиев эки бөлмөлүү, акыйкатчы Турсунбек Акун эки бөлмөлүү, Юстиция министрлигинин статс-катчысы Чынара Мамидинова бир бөлмөлүү батир алганы ачыкка чыкты.
Батир алгандардын тизмеси өкмөттүн буйругунун негизинде “кызматтык пайдалануу үчүн” деген жашыруун гриф менен сакталгандыктан калган аткаминерлер жана алардын жакындарына катталган батирлер тууралуу маалыматтар азырынча тактала элек.

Мындай шартта өз атын атагысы келбеген өкмөт аппаратынын кызматкери катардагы жөнөкөй кызматчылардын батир алышы кыйын экенин кыйытты:

- Мен аталган программа боюнча канча чуркасам деле батир ала алган жокмун. Мамлекеттик кызматта борбордук аппаратта сегиз жылдан бери иштейм. Бирок ошол кезде турак жай алууга аябай муктаж болуп, кезекке тургам. Документтерибизди топтоп, кесиптик кошуундар уюмунун жыйыны болуп, үйгө муктаж кызматкерлерди сунушташкан. Ошол боюнча кезекке туруп, бирок тизме улам жыла бергендиктен батирди туугандардын жардамы менен эле сатып алууга туура келди. Мамлекеттен батир берет экен деп күтсөң, бир нече жылдап күтүп жүрө бергидейсиң.

Жетекчилер үйгө муктаж

“Социалдык турак жай” программасынын алкагында жеңилдетилген шартта төлөө мөөнөтү менен Жогорку Соттун карамагына алты батир каралган. Анын төртөө 2011-жылы бүткөрүлүп, толук тапшырылган. Буга чейин Жогорку Соттун аппаратында ондогон кызматкерлер батир алуу үчүн кезекте турган.

Бөлүнгөн батирдин бирин өзүнө алган Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева чынында эле турак жайга муктаж экенин, бирок аталган батирде учурда жашабай эле турганын мындайча белгиледи:

- Бул жакка көчүп келгенден бери менин борбордо өзүмдүн батирим жок болчу. Үй-бүлөм чоң, төрт балам бар. Анан мен деле башка кызматкерлердей эле кезекке туруп, мына ошол батирди алдым. Жада калса бул батир мага бекер берилген жок. Ипотекалык насыянын негизинде ар ай сайын төлөп турабыз. Акыры мен деле Кыргызстандын жараны катары болгону эки бөлмө батир алдым. Башкалардан өзгөчөлөнгөн бир өзгөчө хан сарай сатып алсам бир жөн... Азыр ал жакта жашабайбыз. Ал батирде менин агамдын уулу турат. Агам мага бир чоңураак батир алганга жардам бере турган болду. Эки бөлмө батирге төрт балам менен батпайбыз да. Ошондуктан азыр кайненемдин үйүндө турабыз.
Юстиция министрлигинде 2008-жылдан баштап Жал-Артистен жеңилдетилген шартта батир алууга элүүдөн ашуун мамлекеттик кызматкер кезекте турган. Аталган министрликтин карамагына квота боюнча сегиз батир каралып, анын экөө 2011-жылы тапшырылган. Анын бири Юстиция министрлигинин статс-катчысы Чынара Мамидиновага ыйгарылган.

Чынара Мамидинова 1998-жылдан 2001-жылга чейин Бишкек шаардык мэриясынын укук департаментинде башкы адис болуп иштеген. Андан кийин Юстиция министрлигинде ар кандай жетекчи кызматтарды аркалаган.

Юстиция министрлигинин статс-катчысы Чынара Мамидинова батирди мыйзамдын чегинде алганын билдирди:

- Менин буга чейин өзүмдүн жеке менчик турак жайым жок эле. Азыр эжем менен ошол батирде жашап жатам. Мен ал батирди алууга кезекке турганда Юстиция министрлигинде статс-катчы эмес болчумун. Анда мен башкармалыктын жөнөкөй эле бир адиси элем. Анан бул жерде мени жетекчилигине салып, батир алып алды деген туура эмес. Бул маселе кесиптик кошуундар уюмунун жыйынында мыйзамдын алкагында чечилген.

Акыйкатчынын эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун чечими менен Акыйкатчы институтунун карамагына бөлүнгөн эки батир башкы адис Келсинбек кызы Кереметканга жана акыйкатчынын жардамчысы Азамат Ниязалиевге берилмек. 2010-жылы бир бөлмөлүү батир Келсинбек кызына берилип, бирок Ниязалиев көптөн бери күтүп жүргөн эки бөлмөлүү батирин ала албай калган. Анткени 2010-жылы 27-майда Азамат Ниязалиев жүрөк оорусунан каза болгон. Анын туугандары артында баласы калганын эске алуу менен бөлүнгөн батирди берүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылып, бирок канааттандырарлык жооп алышкан эмес.
Ошол эле кезде акыйкатчы Турсунбек Акун 2010-жылы февралда президенттик квотанын эсебинен өзүнө эки бөлмөлүү батир алууга жетишкен. Бирок ал өзү аталган батирди президенттик администрацияда адам укугу боюнча комиссияны жетектеп турган учурунда бөлдүрүп алганына мындайча токтолду:

- Омбудсмендин квотасына эки гана батир каралган. Бири алды. Экинчисин жанагы каза болуп калган жигит ала албай калды. Ал эми мен батирди болсо президенттик администрацияда иштеп турган кезимде бөлдүрүп алгам. Анын акчасын төлөп кутулгам. Учурда ал жакта балдар турушат. Ал эми менин мурдагы жардамчымдын туугандары мен ага бөлүнгөн батирди өзүмө алып алгандай арам ойлоп келишиптир. Мен өзүмдүн колумда иштеген кызматкерге берилчү батирди кантип алайын? Андай болгон эмес.

Катчы кыздын кезеги

Иликтөөнүн жүрүшүндө Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун жардамчысы Мирлан Рыскулов эки бөлмөлүү батир алса, катчысы Гүлзина Мурзалиева бир бөлмөлүү батирге ээ болгону аныкталган. Ага чейин батирге кезекте турган адистер Жаңыл Жээналиева менен Миргүл Нуралиева кийин кызматтарынан бошоп кетишкен.

Катчы кыз Мурзалиева кандай жол менен тизмедеги кезектен алдыга секирип кеткени белгисиз бойдон калды. Ал эми учурда юридикалык бөлүмдүн башчысы болуп иштеп жаткан Мирлан Рыскуловдун үй-бүлөлүк шартына жана кызынын оорукчан экенине байланыштуу жамааттын 36 кызматкери анын батир алышына каршы эместигин билдирип, кол коюп берген протокол менен тааныштык.

Мекеменин кесиптик кошуундар уюмунун башчысы Гүлсара Асанова батир алууга кезек күтүүнүн тизмеси бузулган эмес деп билдирди:
Кезекке туруп, бирок тизме улам жыла бергендиктен батирди туугандардын жардамы менен жөн эле сатып алууга туура келди.

- Башында үч батир берилип калды. Ошондо биринчи кезекте Мойдунова жана Жумабекова деген эки кызыбыз алышты. Анткени алардын документтери даяр болуп, бир бөлмөлүү батир алууга макул болушкан. Анан көп өтпөй дагы бир эки бөлмөлүү батир берилип калып, аны кезекте турган Рыскулов алды. Андан кийин дагы бир батир берилип калып, ал мезгилде эмгек жамаатындагылардын эч кимисинин документи даяр болбой калгандыктан Мурзалиева бир бөлмө батир алды. Анын документтери даяр болчу. Бул жерде бирөөлөр нааразы болгудай тизме одоно бузулган учурлар деле болгон жок.

Ошол эле кезде президент менен өкмөттүн аппараты баш болуп, бир катар министрликтер менен ведомстволор курулуп бүткөн 110 батирдин эсебинен ушул күнгө чейин алардын карамагына батирлер бөлүнө электигин айтышууда.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Жоробай Абдраимов аларга деп каралган сегиз батирдин бири да үйгө муктаж кызматкерлерге берилбегенин билдирди:

- Биздин кызматкерлер ушул кезге чейин Жал-Артистен эч кандай батир алышкан эмес. Кагаз бетине көп нерсе жазылат. Бирок ошонун бардыгы аткарылса, биз минтип жүрбөйт элек. ИИМдин өздүк курамынан бир дагы кызматкерге ушул күнгө чейин батир берүү маселеси чечиле элек.

Сандар унутта калганда...

Бул жагдайды иликтөө учурунда жеңилдетилген шарттагы батирлерди бөлүштүрүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын катчысы Гүлжан Калимбетова айрым мамлекеттик бийлик органдары тарабынан коюлган дооматтарды четке какты. Ал квота боюнча курулуп бүткөн үйлөрдөгү батирлер жободо көрсөтүлгөн тартип боюнча бөлүштүрүлүп берилгенине токтолду:

- ИИМ башында ага караштуу батирлерди алуудан баш тарткан. Кийин курулуп бүткөн батирлердин бардыгы таратылгандан кийин “кайра алабыз” деп калышыптыр. Эми кийинки этаптан берилет. Ал эми президенттик аппаратка он батир бөлүнсө, ошонун үчөөн алышкан. Өкмөттүн аппаратына дагы он батир каралып, үчөөн алышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов анын карамагындагы мекемелер “Социалдык турак жай” программасынын алкагында Жал-Артистен бир дагы батир албаганын белгиледи. Министр Кубатбек Боронов муну аталган жеңилдетилген шарттагы батирдин насыясын төлөп алууга эмгек жамаатынын каржылык мүмкүнчүлүгү жоктугу менен түшүндүрдү:

- Азыркы мезгилге чейин Жал-Артистен бизден бир дагы кызматкер батир алган жок. Анткени эмгек жамаатындагылар алган маянасы батир үчүн ай сайын төлөнө турган насыяны төлөөгө жетпейт деп баш тартышкан болчу. Эми азыр биз өзүбүздүн күчүбүз менен көп кабат үй куруп, турак жайга муктаж кызматкерлерибизге арзан насыянын негизинде батир берели деп жатабыз.

Ошол эле кезде батирлерди бөлүштүрүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын документтериндеги маалыматтар министрдин айткандарын ашкереледи. Министрлик бир дагы батир албаган болсо, анын карамагына бөлүштүрүлгөн батирлер кимдин ээлигинде калды деген суроонун башы ачык бойдон калды. Аталган комиссиянын катчысы Гүлжан Калимбетова Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги жалпы квота боюнча каралган 13 батирдин алтоо тапшырылып берилгенин документтердин негизинде ырастады:

- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аппаратынан үч киши, өрткө каршы күрөшүү кызматынан бирөө, тоо-кен өндүрүшү жана өнөр жай коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан эки адам батир алган. Бул кызматтардын бардыгы ошол кезде ӨКМдин курамына кирип турган. Дагы жакшы - күбөлөндүрө турган документтер бар. Батирлерди алып алышып деле алган жокпуз деп айта беришет турбайбы.

Жал-Артис кичи районундагы курулуп бүткөн 201-202-номурлуу көп кабат үйдүн эсебинен каралган 110 батирдин жыйырмасы Бишкек шаардык мэриясына, калган 90 батир мамлекеттик бийлик органдарынын борбордук аппараттарынын ортосунда бөлүштүрүлгөнү аныкталды. Бирок тиешелүү мамлекеттик мекеме-уюмдардын ичинде батирлер кандайча бөлүнгөнү белгисиз бойдон калган.

Мекемелер аралык комиссия болсо ушул кезге чейин тизмелерди коомчулукка ачык жарыялаган эмес. Мына ушуга байланыштуу “Азаттык” ар бир мамлекеттик мекеменин батир алган кызматкерлеринин толук тизмесин берүү боюнча өкмөткө өтүнүч кат жөнөттү. Ошондуктан алдыда бул боюнча иликтөө дагы улантылмакчы.
XS
SM
MD
LG