Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Аймактык тескөөчүнүн акыбети


"Азыркы кыргызстандык" рубрикасынын кезектеги каарманы – милициянын тескөөчүсү, подполковник Санжарбек Касыбаев.

Бишкектеги Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык ага тескөөчүсү Санжар Касыбаевдин милицияда иштегенине быйыл 13 жылга аяк басты, бирок бул кызматтын түйшүгү менен тээ Өзгөндө калган чыт курсак кезден тааныш. Атасы Жамшиддин милиционердик ишине шыктанып чоңойгон. Ишти минтип жон териси менен сезгенге чейин Бишкектеги Дене тарбия институтун бүтүрүп, Куралдуу күчтөрдүн атайын багыттагы батальонунда кызмат кылган.


Машакат жана акыбет

Санжардын милициянын аймактык тескөөчүсү болуп иштеп, анын көзгө көрүнбөгөн машакатын тартып келатканына эле он жылдан ашты. Ал карамагындагы беш кызматкери менен тогуз жолдун тоомундагы кыйма-чийме айтылуу Фучик гүлбагынын аймагын тескейт. Ош базар менен танапташ бул аймакта алдап кетти, уурдады, тоноду, сабады деп даттангандардан кеңседе кишинин аягы тыйылбайт, телефондордун үнү басылбайт. Бир жаңжал чыгып кетпесин деп аймакты күнүгө кыдырышат:

- Мисалы, участканы кыдырып жүрсөң коомдук жайда топтошуп алып ичкендер болот. Жөн кетпей тийишет, сөгүнүп-сагынат. Кафелерде ызы-чуулар көп болот. Төлөбөй коёт, официанттарды басмырлашат. Анын мастыгын далилдеш үчүн наркология диспансерине алып барыш керек, ал да кошумча, түйшүк, кошумча каражат...

Чыр чыгарган мастарды тартипке чакырганга милициянын чамасы жетпей, машинеси же бензини жок болуп калган учурлар көп. Мындайда коомчулуктан жардам сураганга аргасыз болушат. Эл жардам бербесе коомдук тартипти эле эмес, оор кылмыштарды да милиция оңой менен ача албайт дейт:

- 2004-жылы Бишкекте Филармония кызматкерин өлтүрүп, өзүнүн машинасына салып, мэриянын артындагы машина токтоочу жайга калтырып кетишкен. Ошол иш 2008-жылга чейин ачылбай келген. 2008-жылы мага келген маалыматтын негизинде ошол баланы Бишкекте курулуштардын биринде иштеп жүргөн жеринен кармап келгенбиз. Кылмыш ачканда бирден-бир жардам – коомчулуктун жардамы. Эл бизге жакшы жардам берет. Жергиликтүү турак жай комитеттери менен иштешебиз. Маалымат алмашып турабыз.

Иш үстүндө
Иш үстүндө
Участковыйдын түйшүгүн түшүнүп, эмгегин баалагандар көп. Бекеринен ал жыл сайын мыкты тескөөчү деп аталып, толгон-токой сыйлыктар ыйгарылып, подполковник наамы берилбесе керек деп ичинен компоёт, бирок тышынан сыр бербейт:

- Мактоолор болгондо сүйүнүп, бирок тышыма чыгарбаганга аракет кылам. Анын үстүнө элдин психологиясын да көп жыл иштегенде түшүнүп калат экенсиң.

- Чарчайсызбы?

- Албетте. Андайда он мүнөт уктасам жетет. Биздин жумуш эртең мененки сегиз жарымдан түнкү он бирге чейин. Телефон номерди элдин баары билет. Кайсы убакта чакырса барабыз.


Тескөөчүнүн ызасы, санаасы, ишеними

Санжар батыраак кызматтык тепкичтерди багындырсам деп жулунгандарга окшобойт экен. Токтоо, уяңдыгы да бар. Бирок ушундай убарасы көп кызматты жон териси менен сезбей туруп бийикке чыгып алгандар өөдөсүнгөндө кээде ыза да болот. А түгүл мыйзамды эң сонун түшүнүп туруп, сенин мыйзам сакчысы катары абийирдүү иштейин деген аракетиңди тыйынча көрбөй, жек-жааттар үчүн арачы түшкөндөр болот дейт:

- Арыз түшөт, мисалы бир жыл, эки жылдан бери он миң долларымды бербей жүрөт деп. Издеп жүрүп, аны таап келсең ар кайсы жактан чалышат, көбүнчө прокуратурадан чалышып, коё берип койгун дешет. Мыйзам чегинде иш кылабыз деп жооп берип, керектүү кагаздарын толтуруп, тергөөгө өткөрүп беребиз.

Кээде милицияны каратып туруп жектешет:

- Көчөдө жөндөн-жөн эле мыскылдап тийишкендер болот. Мындай кылганга болбойт, жакшы жол менен жүр деп эскертебиз. Формаңа асылган учурлар болот. Андай убакта оперативдүү топторду чакырабыз. Милицияны жамандашат. Ар кимдин айтканын ээрчибей, жаман ою барлар милиция менен келип эле бетме-бет сүйлөшсө...


Балдары менен дасторкон четинде.
Балдары менен дасторкон четинде.


​Анан кээде ушу кыргыздар эмне үчүн “бирин бири жер-жерге бөлөт, иштегенин көрө албайт, бутунан тартып, жамандап, ынтымакчылык жок” деп санаа тартат. Бирок баары бир Кыргызстандын келечеги жакшы болоруна ишенет:

- Кудай буюрса Кыргызстандын келечеги оңолот, ар бир адам пейилин оңдосо баары жакшы болот. Бул ар бир адамдан көз каранды экен. Эгер мен жакшы болсом, алдыга умтулуп, ынтымакчылык болсо оңолобуз. Ал үчүн баарыбыз салымыбызды кошушубуз керек, милициябы, башкабы, кошо иштешип, ишти чогуу алпарса...

Ошондуктан ал президентпи, министрби, эң жөнөкөй тескөөчүбү иштеш эле керек дейт:

- Чынымды айтсам муну чечпесем болбойт, тиги жакка барышым керек деп санааркап уктабай калам. Күндө ушул ойлор, милдетти так аткарыш керек. Аша чапкан эч нерсе жок. Элдин ишеничине кириш керек деген ой менен жашап келатам .

Милициянын аялы, балдары

Ушинтип жанын таштап иштеп жүрүп, Санжар үй-бүлөсүнө каалагандай көңүл бура албайт. Улуу кызы Мырзайымдын “атамдын жумушу менен да, өзү менен да сыймыктанам, бирок...” деп мукактаганынан атасынын үйдө көбүрөөк болушун каалаганы байкалып турат. Жубайы Махабат милициянын аялы болгонго эчак эле көнүптүр:

Майрамдарда, башка убактарда деле жаныбызда көп учурда болбой калат. Үйдөгү түйшүк биздин моюнга түшүп калат. Жумуштан кеч келет, түн ортосу оогондо, кээде таң аткыча кармалып калат. Жумушун жакшы көрөт. Аял кишибиз да, мурда ал жетпейт, бул жетпейт деп ыйлактачумун. Бирок баары бир көнөт экенсиң да. Бири-бирибизди түшүнөбүз.


Жубайы менен чай үстүндө.
Жубайы менен чай үстүндө.

Санжардын үч кыз, бир уулу бар. Алар №57 мектепте окушат, бардык башка балдар сыяктуу эле буларда да компьютердик программалар, англис тили, өнөр, ыр-бий сыяктуу заманбап кызыкчылыктар бар. Көп балалуу болгон үчүн балдарды мектеп кошумча акылардан бошоткон. Калган кем-карчты ага тескөөчүнүн айлыгына жараша кеңешип-кептешип толтуруп турушат. “Балдар чоңоюп калышты, кээде үйгө батпай чекилеше кетишет. Кеңседе болгондо сабактарын менин жаныма барып да окуп калышат” дейт.

Санжар үй-бүлөсү менен муниципалдык жатакананын бир бөлмөсүндө батир акы төлөп жашайт... Жатакана иштеген жеринен анча алыс эмес.


Аймактык тескөөчүнүн түйшүгү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG