Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

"Титаник үйдө" көйгөй көп


Июнь калабасында жапа чеккендер жаңы жыл алдында алган батирлеринин ачкычын кайра өткөрүп берүүнү көздөп жатышат.

Буга Ош шаарынын СМУТТ кичи районундагы 48 батирлүү үйдө шарттын жоктугу себеп болду. Шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчилиги бул убактылуу көйгөй экенин, жакынкы күндөрү маселе чечилээрин убада кылууда.

Оштон Араван районуна кетип жаткан жолдогу көп кабаттуу үйлөрдүн четинде турган жаңы, ак түстөгүсү бул жердеги турак жайлардын эң адемиси. Сыртынан жылтырап, заманбап көрүнсө да, көйгөйү ичинде.

Үйдүн комитет башчысы Талантбек Камбаровдун айтымында, имаратка азырынча номур бериле элек. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы курган бул үйдөгү 48 батирдин баары коогалаңда жабыр тарткандарга бөлүнүп берилген. Бирок азыр бул жерде жети үй-бүлө гана жашайт.

Талантбек Камбаровдун ишендиргенине караганда, калгандары шарттын начардыгына байланыштуу келбей жатат:

- Эшик-терезелери жакшы жабылбайт. 48 үй-бүлөгө ачкыч берилген. Үй алгандардын 65 пайызы өзбек тектүү, 35 пайызы кыргыз улутундагы жарандар. Азыр жети үй-бүлө гана жашап жатабыз. Калгандар келе элек. Себеби жашаганга шарты начар. Суу жок, газ жок, жылытуу тармагына кошулган эмес. Электр энергиясын суранып жүрүп жакында коштук. Жертөлөсүн суу каптап жатат. Ажатканабыздагы абалды көрүп эле биздин көйгөйдү түшүнсө болот (чынында эле ажаткананын полундагы суу кызыл ашыкка чейин жетет - С.Э.). Бир меникинде эмес, баарында ушул көйгөй. Эптемей эле кылып бүтүрүп коюптур. Суу түтүктөрү жакшы орнотулган эмес, кыймылдап турат. Бардыгы Кытайдын товары, сапатсыз. Ушул жерде кантип жашаса болот?

Талантбек Камбаров
Талантбек Камбаров
Калабада жапа чеккендерге салынган бул үйдүн көйгөйү Талантбек мырза күйүп-бышкандай эле бар экен. Пластикалык эшик-терезелер орнотулганына карабай, жашоочулар үй ичинде деле кабат-кабат кийинип жүрүүгө мажбур. Бөлмөлөрдүн канчалык суук экени адамдын оозунан чыккан буудан эле билинип турат.

Үйдүн дагы бир жашоочусу Гүлнура Боронбаева сууктан улам оору-сыркоо көбөйүп жатканын айтты:

- Үй тийгенине эле сүйүнүп, көчүп келип алганбыз. Суусу жок, жылуулугу жок, эптеп жашап жатабыз. Менин жети балам бар, азыр бул үйдө эки балам менен турам. Балдар эле эмес, чоң кишилер деле сууктан улам тумоолоп калган учурлар көп. Айла жок, ушинтип жашап жатабыз.

Төрт кабаттуу бул үйдүн жер төлөсүнө адам түшө албайт. Анткени эки айдан бери суу каптап турат. Ошондон улам адамдар "Титаник үй" деп атап алышыптыр. Үй башчысы Талантбек Камбаров бийликте отургандар бул маселени тезинен чечип бербесе, жашоочулар батирлердин ачкычтарын кайра тапшырууга мажбур болушарын айтты:

- Шаардын башка аймактарында да коогалаңда жапа чеккендер үчүн үйлөр салынган. Мисалы, Манас-Ата районундагы "Каныкей" ресторанынын артында, облустук оорукананын жанында салынган үйлөрдө бош батирлер турат. Биздин маселени тез арада чечип беришпесе, ачкычтарды кайра тапшырабыз. Бизге ошол башка үйлөрдөгү бош батирлерден беришин суранабыз.

Бул маселе боюнча шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчи орун басары Абдимуталип Калбековго кайрылганыбызда, ал кышкы чилдеде суу тоңуп, түтүктөр жарылгандыгына байланыштуу жертөлөнү суу каптап жатканын айтты. Ал эми батирлердин ичиндеги башка көйгөйлөрдүн себебин мындайча түшүндүрдү:

- Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан салынган бардык үйлөрдө ушул маселе бар. Себеби курулушту аткарган ишканалар эшик-терезелерди, суу түтүктөрүн жалаң Кытайдын сапатсыз каражаттары менен курган. Пластик түтүктөр жылытуу берилсе, ошол заматта кыйшайып калат экен.

"Азаттык": Бул кимдин күнөөсү?

- Курулушту аткарган компаниялардын күнөөсү.

"Азаттык": Кайсы компаниялар курду эле?

- Азыр анык эсимде жок. СМУТТдагы 48 батирлүү үйдү биз толук түрдө пайдаланууга бере элекпиз. Башкача айтканда, курулуш компаниясынан кол коюп, кабыл алган жокпуз. Адамдар үйгө муктаж болгон үчүн жашап жатышат. Жашоочулардын даттануулары менен үйдөгү көйгөйлөрдү тизмектеп, аны курган компанияга беребиз, алар оңдогондон кийин гана үйдү кабыл алабыз. Бул маселе жакын арада чечилет.

Коогалаңдан кийин Ош шаарында жапа чеккендер үчүн 11 көп кабаттуу үй салынган. Имараттарды ар кайсы курулуш компаниялары кургандыктан, аларга кеткен чыгым Муниципалдык менчик башкармалыгында жок. Кайра куруу боюнча мамлекеттик дирекция жоюлгандыгына байланыштуу бул боюнча так маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Мындай көйгөй Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы курган үйлөрдө биринчи жолу пайда болуп жаткан жок. Имарат талапка жооп бербестиги, дубалдардан жарака кетип жатканы боюнча жаңы батир алган тургундардын далайы буга чейин бийлик өкүлдөрүнө бир канча жолу кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG