Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Диний кырдаал - Коргоо кеңешинин көз кырында


Бишкектеги борбордук мечит
Бишкектеги борбордук мечит

Президент Алмазбек Атамбаев башында турган Коргоо кеңеши бүгүн Кыргызстандагы диний кырдаалды талкуулап жатат.

Коргоо кеңеши өлкөдөгү жалпы диний кырдаалды талкуулап, соңунда маселени чечүүгө багытталган кандайдыр бир чечим кабыл алышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин алдындагы дин маселелери боюнча мамлекеттик комиссиянын деректиринин орун басары Табылды Орозалиев “Азаттыкка” билдирди.

- Коргоо кеңешинде жалпысынан өлкөдөгү диний коопсуздук каралат. Диний коопсуздук мамлекеттик коопсуздуктун бир бөлүгү. Бул абдан маанилүү. Ошондуктан талкууга алынып жатат. Өлкөдөгү диний коопсуздукка эмне себеп болуп жатканы, ички-тышкы факторлордун таасири жана башка диний чөйрөгө тиешелүү маселелердин баары талкууланат.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө дин курч маселеге айланганын байма-бай айтып келет. Ал “Азаттыктагы” буга чейинки маегинде бул маселеге мындайча токтолгон.

- Биринчиден, дин маселеси биздин өлкө динден тыш, дин менен мамилебиз жок дегенден келип чыкты. Буга чейинки өлкө башчылары диний мекемелерди, муфтиятты такыр карабай келген. Анын үстүнө ал адамдар менимче, динден алыс болгон. Албетте, бул мамилени өзгөртүшүбүз керек. Мамлекет тарабынан көзөмөл болбогондуктан ушундай кырдаалга кептелдик.

Атамбаев диний ишмерлердин сабатсыздыгын да сынга алган жайы бар. Ал жакында эле диний сабатсыздыкты жоюу жана конфессиялар арлык ынтымакты чыңдоо максатында “Ыйман” фондун түзгөн.

Өлкөдөгү диний кырдаалды Коргоо кеңешинде талкуулоону сунуштагандардын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев. Анын айтымында, диний фанатизмдин күч алышы, динге болгон мамлекеттик көзөмөлдүн жоктугу өлкөнүн коопсуздугуна олуттуу зыян алып келет.

Осмоналиев Кыргызстандагы негизги диний коркунучтар катары буларды атады:

- Чүй облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында христиан, ислам диндеринин элементтери кадимкидей мектептерде окутулуп жатат. Ага ким уруксат берди? Күч түзүмдөрү диний уюмдардан көз каранды болуп, алардын ырын ырдап, алар менен баш ийкешип мамиле кылып жатканы мени абдан кооптондурат. Айрыкча баптисттердин кыргыз тилдүү жана орус тилдүү болуп бөлүнүп жатышы диний кырдаалдын курч экендигинен кабар берет. Дин маселеси жеткен чегине жетти.

Дин таануучу Бакыт Мурзараимовдун ою боюнча, диндин олуттуу маселеге айланышына бирдиктүү диний саясаттын жоктугу себеп. Ал муфтият менен өкмөт дин маселесин эриш-аркак чечүүсү керек деген ойдо.

- Азыр биздин өлкөдөн Пакистанга, араб өлкөлөрүнө көптөгөн жаштар кетип жатышат. Алардан билим алып келгендердин да таасири күч. Ошондуктан диний саясаттын моделин тандашыбыз керек. Маселен, Түркия деле динден тыш мамлекет, ошол эле учурда демократиялык өлкө. Бирок дин башкармалыгы өкмөт менен бирдиктүү иш алып барат. Башкача айтканда алардын муфтияты түздөн-түз премьер-министрге баш ийет. Президент деле Түркиянын моделине ык коюп келатат.

Деген менен Кыргызстан динден тыш өлкө экенин эске салып, президенттин бир динге артыкчылык беришин сынга алгандар да жок эмес.

Акыркы убактардагы муфтияттын айланасындагы ызы-чуулар, Бишкек 2014-жылы Ислам кызматташтык уюму тарабынан ислам маданиятынын борбору аталышы коомчулукта ача пикирлерге жол ачып келет. Кыргызстан Баш мыйзам боюнча лайык өлкө (светтик) болуп саналат, ошол эле учурда калктын 80 пайызга жакыны өзүн мусулман деп эсептейт.
XS
SM
MD
LG