Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Жаңы мэр Кулматовдун ишин улантат


Бишкектин жаңы мэри шайланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00

Албек Ибраимовду шаардык кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн лидери Алмаз Кененбаев куттуктап, камчы карматты. 27-февраль, 2016-жыл

Шаардык кеңеш президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадры Албек Ибраимовду дээрлик бир добуштан Бишкек мэрлигине шайлашты.

Бишкек мэрин шайлоого шаардык кеңештеги 45 депутаттын 43ү катышып, бирөө гана каршы добуш берди. Ошентип калаа башчылыгына жалгыз талапкер Албек Ибраимов дээрлик бир добуштан шайланды. Ибраимов депутаттарга шаарды өнүктүрүү боюнча өз планын, программасын сунуштай алган жок. Ал мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун ишин улантарын учкай айтты.

- Менин максатым – Кубанычбек Кеңешовичтин демилгеси менен сиздер кабыл алган программаны улантып, андан ары ишке ашыруу. Ага жаңы импульс, жаңы дем-күч берүү.

Шарттуу шайлоо, өйдөдөн келген чечим...

Экс-мэр Кулматовдун шаарды өнүктүрүү боюнча создуккан программасы убагында депутаттардын катуу сынына кабылган. Анда жасалчу иштердин каржы булагы, так мөөнөтү көрсөтүлбөгөнү, долбоорлордун реалдуу эместиги айтылган болчу.

Шаардык кеңештеги добуш саноо, 27-февраль, 2016-жыл
Шаардык кеңештеги добуш саноо, 27-февраль, 2016-жыл

Шаардык кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Эрнис Докенов шайлоодогу одоно мыйзам бузууларга көңүл бурууда. Анын айтымында, мэрдин тагдырын шаардык кеңештин ордуна жогорку бийлик парламент аркылуу эчак эле чечип койгон. Ушул себептүү алардын добуш берүүсү формалдуу гана көрүнүшкө ээ.

- Мыйзамдарда шайлоо альтернативдүү негизде өтүшү керек деп жазылган. Жеке талапкер көрсөтүлүшүнө жол берилбей, жок дегенде эки талапкер болушу керек. Жергиликтүү кеңештерге өйдө жактагылар кийлигишпесе жакшы болмок. Мэрди шаардык кеңеш эмес, парламенттеги фракциялар тандап жатпайбы. Мында деле кимди коюшту ошолор чечти.

КСДП фракциясы Албек Ибраимовду мэрликке сунуштагандан баштап коомчулук сынына кабылган. Кыргыз тилинен берген сынагы нааразылыкты ого бетер күчөттү. Ибраимов 70 сөздөн турган дил баянында ондон ашык ката кетирип, Кыргызстан, коррупция, демократия деген сөздөрдү бирден тамга түшүрүп жазган.

Мэрди шаардык кеңеш эмес, парламенттеги фракциялар тандап жатпайбы. Мында деле кимди коюшту ошолор чечти.
Эрнис Докенов

Ал мэрликке шайланган соң журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, орфографиялык каталарын Т9 программасына көнүп алгандыгы менен байланыштырды. Аталган программа уюлдук телефондо жазганда сөздөрдү автоматтык түрдө тууралап турат.

- Ачыгын айтканда, баарыбыз эле компьютердик технологиянын курмандыгы болуп калбадыкпы. Мен дагы көптөн бери кол менен жаза элек болчумун. Баарыңар билесиңер компьютерде Т9 деген программа бар каталарды автоматтык түрдө оңдогон. Мен ошого ишенип койдум окшойт.

Жаңы мэрдин ысымы экөөбү?

Албек Ибраимов маалымат жыйынында Бишкекте теракт уюштурууга шектелип, учурда камакта отурган мурдагы “акжолчу” депутат Максат Кунакунов менен таеке-жээн экенин танган жок. Буга чейин айрым маалымат каражаттары анын мурдагы аты-жөнү Эркин Кунакунов болгонун кийин өзгөрткөнүн жазышкан. Жаңы мэр туугандары аны Эркин деп атарын бирок фамилиясын өзгөртпөгөнүн билдирди.

Албек Ибраимов шаардык кеңештеги шайлоо учурунда
Албек Ибраимов шаардык кеңештеги шайлоо учурунда

Коомдук ишмер Эдил Байсалов бул адамдын борбор шаардын башына келишин Кыргызстандагы “боло берет” саясаты менен байланыштырды. Анын пикиринде, бийлик башындагы адамдардын кетирген катасы үчүн жазаланбашы улам кийинкисин жоопкерсиздикке үйрөтүүдө.

- “Боло берет, эмне болуптур?” деген мамиле башка бир да мамлекетте жок. Бизде ката кетирсе эмне болуптур кайра башкасын дайындайбыз деп коюшат. Болбосо миллиондон ашык элди, борбор шаардын келечегин ишенимдүү колго тапшырышса жакшы болмок. Шаардын 50 жылдан кийинки тагдырына азыр пайдубал салган адамдар тандалышы керек эле.

Миллиондон ашык элди, борбор шаардын келечегин ишенимдүү колго тапшырышса жакшы болмок.
Эдил Байсалов

49 жаштагы Албек Ибраимов Чүйүн кулуну, алты баланын атасы. Ал мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен “Кыргызавтомаш” ишканасында чогуу иштеген. 2010-жылдан бери майлуу-сүттүү кызматтарды аркалап келет. Буга чейин “Манас” аэропортун, “Дастан” ишканасын, “Бишкек” эркин экономикалык аймагын башкарган. Ал коомчулукта Атамбаевдин каржылык-чарбалык маселелерин чечкен көзгө басар кадры катары сыпатталып келет.

Бишкектин мурдагы мэри үй-бүлөлүк шартына шылтап, 9-февралда кызматын тапшырган. Мыйзам боюнча ушул жылдын ноябрында шаардык кеңешке да, мэрге да кайрадан шайлоо өтөт.

XS
SM
MD
LG