Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Нургазынын кыялы орундалды


“Азаттыктын” сайтынан же биздин Фейсбуктагы баракчалардан кочкорлук майып окуучу Нургазы тууралуу видеотасманы көрсөңүз керек. Ал өз алдынча баса албагандыктан квадроцикл сатып алуу кыялын билдирген. Биз окуучунун кыялын бирге орундаталы деп коомчулукка кайрылганбыз. Андан бери эки айдан ашык убакыт өттү.

Бул аралыкта Нургазынын кыялын орундатуу сунушу менен айрым капчыктуу адамдарга да кайрылдык, бирок негедир көңүлсүнүшкөн жок. Жадагалса шайлоого аттанган 14 партиянын бири да добуш берүү укугуна ээ боло элек майып окуучуга кызыгып коюшпады. Ошентип “Элим, барсыңбы?” фондунун башчысы Хабиб Арзыкуловдун көмөгү менен “белгисиз демөөрчү” табылды.

Белгисиз дегенимдин да жөндүү себеби бар. Анткени 23 жаштагы атын атагысы келбеген кыз өткөндө 150гө жакын жетим баланы бир жума Ысык-Көлдө жеке каражатына эс алдырып келгенине өзүм күбө болгом. 23 жаштагы кыз кантип эле 700 миң сомун жанынан чыгарып жетимдерди эс алдырып жатат? Артында бир кызыкчылыгы болсо керек деген “журналисттик жаман ой” менен ал кызга жолугууга шаштым. Ошентип бет келише сүйлөшүп калдык. Хижаб салынган арык чырай кыз экен. Дароо маек алууга аракет кылганымда “мен кайрымдуулук иштерди бирөө көрсүн деп эмес, чын жүрөгүмдөн жасайм, балдардын кубанганын көрүп кудай ыраазы болсо ошол жетет”, деп жылмайып тим болду.

Демейде аз жардамын саз кылып айтып бүтпөс шекер тилдүүлөргө көнүп алгандыктанбы, айтор ишене албай көпкө жүрдүм. Кийин уксам ошондон көп өтпөй жардамга муктаждар үчүн Европадан келген кийим-кеченин 3 миң евролук чыгымын да төлөп бериптир.

Мына ушул чүкөдөй кыз тоодой болгон кайрымдуулук иштерди жасап жатат. Ал мактоого же атын чыгарууга деле муктаж эмес, тескерисинче караманча каршы. Мен бул блог аркылуу унчукпай эле муктаждарга жардам берип жүргөн адамдарды даңазалоо үчүн жаздым. Болбосо бир сомдук жардам берип коюп, он сомун өзүн пиар кылууга жумшагандар четтен чыгып жатпайбы.

Кайрымдуулукту же бирөөгө жардам берүүнү саясий упай топтоого айланткандар аман эле болсун, биз Нургазыга кайталы. Белгисиз кыз Нургазынын кыялын орундатууга чоң салым кошту. (Ага чейин майып окуучунун тагдырына кайдыгер карабаган мекендештерибизден да акчалай жардамдар топтолгон)

Ошентип Нургазынын “кыялын” жүктөп алып Кочкорго бет алдык. Нургазы баратабыз дегенди угуп алып жеткиче кудуңдап кайра-кайра чалып жатты. Көрсө ал досторун, туугандарын чогултуп, баары бизди чыдамсыздык менен күтүп жатышыптыр. Эми квадроциклди көргөндө Нургазынын көздөрү кандай жайнаганын сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Энеси эркек төрөгөндөй эле сүйүндү, маңдай жарыла. Ага квадроцикл абдан жакты. Ал кыялын орундатууга салым кошкондорго ыраазы болуп, сабактан калбай барам деп убада берди.

Баса, былтыр Нургазы тууралуу тасма тартып жатканымда атасы бар болчу. Тилекке каршы, 21-мартта автокырсыктан каза болгон экен. Мындан улам Нургазынын аталаш туугандары да квадроциклди көрүп жетине албай калышты. Анан да Нургазыны 9-класска чейин мектепке коляска менен сүйрөп барган иниси Дастанга боорум ооручу. Эми Дастандын да колу бошоду.

14 партияга окшоп элди куру кыялдарга семирте албасак да, майып окуучунун көксөгөнүн орундатып, билим алуусуна кичине болсо да шарт түзгөнүбүзгө кудуңдап жолго чыктык...

Нургазынын кыялын бирге орундаталы
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:05 0:00

XS
SM
MD
LG