Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:53

Казандагы Универсиадага кыргызстандык ыктыярчылар катыша алабы?


Закир Сариев, Казандагы Эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүү фондунун президенти.
Закир Сариев, Казандагы Эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүү фондунун президенти.

Казанда 2013-жылы бүткүл дүйнөлүк студенттик Универсиада өтөт. Болжол менен бул иш-чара 2013 жылдын июль айынын этегинде, август айынын башында өтүп, 20 күнгө созулат.

Азыр ага 170 мамлекеттен 50 000 спортчу келээри белгилүү болду. Казанда бул Универсиаданы өткөрүү чечимин Бүткүл дүйнөлүк студенттик спорт федерациясы (FISU) 2008-жылы Брюсселде кабыл алган.

Бул чоң иш чараны өткөрүүгө Орусиянын чыгыш борбору саналган Казан шаарынан башка Испаниядагы Виго жана Түштүк Кореядагы Кванджоу шаарлары да аракет кылышкан эле. Бирок Казан шаары 27 добуштан 20сын утуп алган. Бул Универсиаданын тарыхын карап көрсөк (1923 жылдан баштап), Орусияда бир гана жолу - 1973 жылы Москвада өтүптүр.

Албетте, дүйнөлүк деңгээлдеги маараке өткөрүү өтө сыймыктуу, ошол эле учурда жоопкерчиликтүү жана өтө чоң каражаттарды талап кылат. Бирок дүйнөлүк тажрыйбага кайрылсак, Универсиадага даярданууда өз ыктыяры менен жардам берген волонтерлордун ролу өтө чоң. Уюштуруу администрациясынын маалыматына караганда Казандагы Универсиадага 200 000 ыктыярчы (волонтер) керек.

Волонтерлор студенттик оюндардын ажырагыс бир бөлүгү жана дал ошолорго көп нерсе байланыштуу, айрыкча кандай маанайда өткөрүү. Дүйнөлүк тажрыйбага карасак, адатта волонтерлоднун милдети: уюштуруу комитетине жардам берүү, мейманканаларда жана логистика тармагында көмөктөшүү, конокторду тосуу жана узатуу, жалпысынан спорттук оюндарды өткөрүүгө жардамдашуу. Универсиадада болсо негизги команданын мүчөлөрүн: студенттер жана орто мектептин жогорку окуучулары түзөт.

Азыр жергиликтүү волонтерлор Россиянын жана дүйнонүн башка жерлеринде болуп жаткан ушул сыяктуу иш-чараларга катышып, тажрыйба топтоодо. Маселен алар 2009-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн ХХV Универсиадага, «Чемпиондор лигасы» матчына, жыл сайын өтчү «Улутттук кросс» жана «Лыжадагы Россия», «Жибек Жолу» раллисинде жана биринчи жолу өткөн «Россия - спорттук мамлекет» аттуу иш-чараларга жигердүү катышышты. Азыркы убакытта 20-апрелден баштап Кытайлардын Шеньчжэне шаарында бйыл жайында өтчү Универсиадага катышуу үчүн татарстандык волонтерлор арасында конкурс жарыяланды.

Менин айтайын дегеним, биз дагы кыргызстандык волонтерлорду Казан шаарында 2013-жылы өтчү Универсиадага жөнөтө алсак өтө жакшы болмок. Кудай буйруп, саясий жана экономикалык кризистен аман-эсен чысак, келечекте биз дагы эртеби-кечпи дүйнөнүн төрт бурчунан конокторду чакырып калсак, жаштарыбыз тажрыйба керек болоор деген үмүт менен... Арканды узун таштап дегендей…

Быйыл февраль айында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Канат Садыков баш болгон делегация Татарстандын премьер-министри Халиков менен жолугушканда да дал ушул тема боюнча сөз болду эле, демек башталышы бар, аны тиешелүү тараптар улантып кетээр деп ойлойм…

Эгер Кыргызстандагы тиешелүү мекемелер аракет кылып, биздин волонтерлор Универсиадага катышса, алар эмес биздин жаштар да утмак: тажрыйба алышып, жаштар арасындагы достук, пикир алмашуу күчөмөк.

Анан дагы айта турган нерсе айылдан барып, же орусча эптеп сүйлөй албаган кыргыздын жаш мигранттарынын фонунда сабаттуу, эне тилинен башка дагы эки тилди (орусча жана аглисче) “өкүртө” билген жаштарыбыз бар экенин башка элдер да көрмөк…

Закир Сариев, Казандагы Эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүү фондунун президенти.
XS
SM
MD
LG