Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Келечектеги ачылыштардын үрөнү - Кыргызстанда


Мёрдо Маклеад жубайы Гүлжамал Шерипканова, уулу Аманат-Жонатан менен, Шотландия, 2010.
Мёрдо Маклеад жубайы Гүлжамал Шерипканова, уулу Аманат-Жонатан менен, Шотландия, 2010.

Би-Би-Синин продюсери Мёрдо Маклеад Кыргызстан тууралуу ойлорун сунуштайт.


СССР - "орустар" эле эмес экен

Биздин муун үчүн Россия, СССР жана Советтер Союзу деген бир эле түшүнүк болчу. Бир учу Владивостоктон башталып, Ташкен, Киев, Тбилиси, баш калаасы Москва болгон зор өлкөнүн жашоочуларын «орустар» деп түшүнчүбүз. Кайра куруу маалында 15 улуттук республиканы ажыратып калдык.
Гүлжамал Шерипканова менен Мёрдо Маклеаддин үйлөнүү тою. Бишкек, 5-апрел, 2009-жыл


Эдинбург шаарында жолуккан бир бийкечке чейин Кыргызстан мурдагы совет республикаларынын бири, тоолуу экенин гана билчүмүн. Кыргыздардын тили славян эмес түрк тилдеринин бири, диний ишеними боюнча православ чиркөөсүнө эмес Исламды тутунаарын баамдачумун. Бирок чындыгында мен билгенден бир топ эле башка экен.

Ал бийкеч кийин мага түбөлүк жар болду, бир наристебиз бар. Мен өзүмдү Борбор Азия боюнча адис санабайм, бирок Кыргызстан менен Казакстанда бир топ эле жүрдүм. Кыргыз, казак, тажик, өзбек досторум бар. Өзүмдү Кыргызстанга жакын сезем. Менин кайындарым ал жакта жашайт. Мен бул өлкөгө, элге илгерилөө, бейкут жана бакыбат жашоо тилейм.

Өткөн жылкы түштүктөгү кан төгүүгө бүткүл дүйнө күбө болду. Мындай зордук-зомбулук жана жаатташуу кыргыздарга мүнөздүү эместей көрүнчү. Менин оюмча, саясий лидерлер өз максатына жетүү үчүн этникалык чыңалууну жардырып, чектен чыгарды. Тилекке каршы алар андай жоопкерчиликсиз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын көзөмөлгө алууга чамасы жетпей калды.


Кыргызстан жакшы сөзгө арзыйт

Ага карабастан, Кыргызстан тууралуу толгон токой жакшы сөздөрдү айтууга болот. Эли ачык пейил, меймандос, сабырдуу. Совет доорунда окугандар өтө билимдүү. Кээ бир каадаланып, сынды жактырбаган улуттарга салыштырмалуу кыргыздар өзүн-өзү чымчыган куйкум сөзгө маш.

Кыргыздын бай, кызыктуу тарыхы бар. Алар ишкердик менен соода-сатыкка «баары колдон келет» деген кыязда мамиле жасап, жаңы идея менен технологияларга ачык. Бишкек үйлөрдөгү интернет байланыштын деңгээли боюнча өнүккөн өлкөлөрдүн көбүнөн өтүп кеткен. Супер-маркеттердеги желим карточка менен алдын-ала төлөп койгон система күтүлбөгөн таң калууну жаратат.

Кыргызстанда медициналык жана тиш доктурдун кызматы тез жана эффективдүү. Тез жардам менен догдурлар жетиштүү адистик жардам көрсөтөт. Гезит-журналдар салыштырмалуу эркин, мамлекеттик аткаминерлер болсо сыналгыда берилген ыңгайсыз суроолорго көзү түз. Курч суроолорго, иликтөөгө ачыктар - сый менен ишенимге татыктуулар.

Дин эркиндиги Кыргызстанда мактаарлык абалда, бийликтердин түрдүү секталарга басым көрсөтпөгөнү туура.

Экономика, мыйзам жана тартиптүүлүк


Чукул чара көрүүнү талап кылат. Цивилиязация түптөлгөндө эле мамлекеттин негизги максаты калктын коопсуздугун жана коргонуусун камсыз кылган система куруу болгон.

Байыркы шумерлердин заманынан бери мамлекеттик органдар мыйзам токуп, аларды турмушка киргизүү жолдорун табышкан. Ошондой эле алар мамлекеттин түзүмүн жана өз элин коргоо үчүн армияны кураган.

Кыргызстанда мыйзамды басмырлоо, тартиптин жоктугу кайсы гана өкмөт болбосун тез арада чече турган көйгөйлөрдүн бири. Мыйзам жана сот адилеттиги менен эсептешпөө рак дартынын клеткасындай коомдо адамдардын илгерилөөсүн шалтурук кылат.

Мени кооптондурган нерсе - уюшкан кылмыштуулук бийликке таасир этип, милиция оор кылмыштарга көз жумуп жатканы. Андыктан акылдуу, демилгелүүлөр ишкердикти өнүктүрүүдөн кооптонуп, эртең анын бутуна турган ишканасы кылмышкерлер менен коррупциялашкан милициянын көзүн кычыштырат деп чочуйт.

Кыргызстанда сот системасын сыйлабоо, ага текебер мамиле - батыш менен бул өлкөнүн ортосундагы чоң айырма. Мунун бир макалага сыйбай турган көп себептери бир. Балким, алардын бири Советтер Союзу адамдарда болгон ишеним менен этиканын байланышын үзүп салганында болуп жүрбөсүн. Адамдар өз кылганы үчүн Жараткандын сотунун алдында жооп берерин сезбей калгандай. Балким мындай түкшүмөл өтө жөнөкөйлөштүрүлгөндүр, эмнеси болсо да көйгөй турат.

Келечектеги гүлдөгөн ачылыштардын үрөнү ушул жерде

Ал эми көптөрдүн мамлекеттик кызматка өз жеке кызыкчылыгын ишке ашырууга жетүүнү гана көздөп келгени иренжитет, ошол эле учурда кооптонууну пайда кылат. Батышта эң акылдуулар миллионер болууну эңсеп ишкерликке аттанат.

Ал эми мурдагы Совет чөлкөмүндө Билл Гейтс менен Стив Жобска окшогон таланттар турмушта жаңы нерселерди ойлоп табуунун ордуна мамалекеттик кызматта жылуу-жумшак орундуу ээлеп, пара менен майлуу келишимдерден түшкөн пайдага марып отура берет. Алар маңдай терин төккөн адамдардын акчасына кол салган коомдогу зыянкечтер.

Кыргызстанда айпод, компьютердик, уюлдук телефондун программаларын ойлоп тапчу мээлүүлөр бар. Келечектеги гүлдөгөн ачылыштардын үрөнү ушул жерде. Бирок мындай өзгөрүү мамлекеттик система реформаланмайынча жүзөгө ашпайт.

Аялдар урмат-сыйга татыктуу

Аялдарды сыйлоо азайып баратканы тынчсыздандырат. Советтер Союзунун бирден-бир өзгөчөлүгү - аялдар билимдүү жана калктын ишке тартылган калың катмарын түзгөн. «Советтик Кыргызстандын кызы» деген белгилүү сүрөт мен үчүн революциядан кийин аялдардын билимге жетүүгө умтулуусунун символу. Аялдар кыргыз коомунда маанилүү, ал тургай башкаруучу ролду ойногонун билем.

Курманжан датка – эл-жер башкарган кыргыз аялдарынын көп мисалдарынын айкын бири. Тилекке каршы, кедейлик менен эскирген салттар аялды мындай орундан четтетүүдө. Кыз ала качуу – «кыргыздыкы» деп мактана турган салттардан эмес. Бул деген зордук-зомбулук менен багындыруунун формасы.

Ашыкча каада - Борбор Азияга эле мүнөздүү эместигин Кэйт Мидлтон менен Британ канзаадасы Уилямдын үйлөнүү үлпөтү көрсөттү. Бул сөзүм үчүн мени Кэмбриж Беги менен Бекбийкеси кечирээр.

Бирок Кыргызстан сыяктуу тыйын-тыпыр тартыш, жумушсуздук көп өлкө үчүн жогорудагыдай чабылып-чарпылган үйлөнүү үлпөттөрү, тойлор өтө эле аша чапкандык. Муну тыйган мыйзам кабыл алуу оң деле натыйжа бербестир.

Бирок бул маселени кандайдыр бир жолун таап чечүү керек. А балким саясий төбөлдөрдүн балдары жупуну үйлөнүү тоюн өткөрүп, алдыдагы үй-бүлөлүк жашоого каражат үнөмдөөгө боло тургандыгын көрсөтөөр.

Улуттук идеология

Эксперттер Борбор Азияга карата «улуттук идеология» деген сөздү колдонууга өтө ынтызар. Батышта, балким бул эмне экенин так аңдабасак керек. Кандай болсо да АКШ, Ирландия, Германия сыяктуу мамлекеттерде улуттук идеология бар. СССРдин күчтүү улуттук идеологиясы болгон. Анда жаңылыштыктар болгону менен ал идеологиянын багыты жана системасы болгон.

Өз тагдырын өзү чечкен кыргызстандык жаштар жалпы улуттук идеяга муктаж. Бул деген Баш мыйзамды жатка билүү эмес, тескерисинче, «биздин эл биригип, бул кыйроодон турат» деген өңүттө болсо керек. Балким бул сүйлөм кулакка өтө жагымдуу болбошу мүмкүн. Аны «жылмалоону» акындарга тапшыралы.

Анан дагы өтүнүч – ТУУну жайына койгула. Кытай, Швейцария, Дания жана Австриянын туулары кызыл түскө бай, ага карабастан өнүгүп-өсүп жатат. Атактуу Панфилов дивизиясынын жоокерлери кызыл байрак менен чабуулга кирип, фашисттерден Москваны коргоп калган. Желек толугу менен жайында.

Мёрдо Маклеад, Би-Би-Синин продюсери

N.B: Бул макала автордун жеке пикирин билдирип, Би-Би-Синин саясаты менен көз карашын чагылдырбайт.


(Кыргызчалаган Гүлайым Ашакеева)
XS
SM
MD
LG