Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:32

Өтүп бүтпөгөн өткөөл мезгил


Биздеги ыңкылаптар, жан талашкан бийлик талашуулардан бир чети уялсаң, бир чети сыймыктанасың. Себеби азыр бир доордон экинчи доорго өтүү мезгили. Совет мезгилиндеги аң-сезимден демократиялык аң-сезимге өтүү мезгили. Кошуна КМШ өлкөлөрүнөн биз аң-сезим жагынан алда канча алдыга жылып алдык. Алар да ушул өткөөл жолду кеч да болсо өтүшүнө туура келет.

Бирок биздин аткаминерлердин чектен чыккан жоруктары абдан кейитет, өткөөл мезгил түгөнбөчүдөй сезилип кетти. Жалган убада бермей, кызарган эле жерди жулмай, ач көздүк, ичи тардык. «Көзүм көрбөсө көчүгүмү бөрү жесин» дейби, кийин тарыхта баары ачыка чыгып, кара тамгалар менен жазылып калбайын деп деле уялышпайт.

20 жыл мурдагы элдин аң-сезими менен азыркы элдин аң-сезими башка. Азыр эл акылдуу, бара-бара эч кимге алданбайт, кимдин кандай экенин айттырбай эле билет жана азыркы бийликтегилердин эч кимисине ишенбейт. Бирок ошондой болсо да күндөн күнгө тазалануу жүрүп жаткандай. Бирин бири чукумай, ачыкка чыгармай, урушмай, талашмай жыйынтыгы «тазалануу» эмеспи.

Бирок биздин мамлекет кичинекей болгондуктан жең ичинен тил табышууларга жол берилип, ачылган кылмыш жабылып калып жатат, жеп-жутуп алгандарды кустура албай жатышат, айласы кеткенде качырып ийип жатышат. Элдин акысын жегендер жаза албаса, мыйзам иштебесе, анда биздин эмнебиз мамлекет?

Мына азыр Жогорку Кеңеш таркасын деп жатышат. Таркаса эмне болот? Кайрадан эле ушулар шайланат. Андан көрө өкмөттү алмаштыруу оңой экен. Премьер-министр начар иштесе коалиция таркай коюп тез эле өкмөттү алмаштыра коёт экен. Көп чыгым кетпейт, экономикага анча зыяны тийбейт. Уялбагандан өзун уял дегендей талапкерлигин койгондордун баарына 3 айдан премьер-министрлик орунду берели. Креслого отурганын сындап чукуп жатып калалы. Себеби баарынын чукула турган нерселери толтура. Акыры премьер-министрлик креслодон баары качып, адам таппай калганда гана аркасы таза, эч кимден коркпогон, элим-жерим деген таза «патриот» кыргызга кезек келет. Ага чейин кезекти «тазаларга» беришпейт.

Кыргыз элинин келечеги үчүн, Кыргыз мамлекетинин өсүп өнүгүшү үчүн эмне кылышыбыз керек? Биздеги башы көрүнгөндөрдүн бирине да ишене албайбыз. Бизге чет өлкөдө иштеп, тажрыйба топтогон, аң-сезими жогорку деңгээлдеги, пара эмне экенин билбеген, таза, чыныгы патриот кыргыздын 10 жигитин тандап, убадасын катуу алып, даярдап, жалаң жаштардан турган күчтүү партия түзүп, бийликке жетиш керекпи? Анда эл жүз пайыз колдойт беле? Башка дагы кандай жолдор бар деп ойлойсуздар?

Илгери кыргыз эли эр жүрөк, эли-жерин сүйгөн, эркиндикти сүйгөн, баатыр, меймандос, айкөл эл болгон, кыргыз жигиттери элин баккан, өзүн эмес элди ойлогон, ачарчылык оор мезгилдерден элин сактап калган, намыскөй болгон дешет. Ошол чынбы? Чын болсо кана канында сакталып калган бирөө чыкпайт? Баары биринен өтүп, бири куу. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир адамды угуп, ынтымактуу жашаган эл кайда?!

Суроо көп, жооп жок. Жоопту чогуу издейли. Жогоркулар дагы эмне болоор экен деп олтура бербей ойлонуп көрбөйлүбү, окурман. Өлкөгө эмне кылып жана кантип салым кошсок болот? Элге туура жол көрсөтүүчү, адашкан чиновниктин бетине айтып, кара кылды как жарган калыстык кылуучу аксакалдарыбыз, илимпоздорубуз, профессорлорубуз, докторлорубуз, интеллигенциябыз эмнеге унчукпайт? Эмнеден коркушат?

Пикети, ачкачылыгы, ызы-чуусу жок эле каршылыгыбызды билдирсек болобу? Мисалы: ММК, телевидение, интернет аркылуу ачык айтылса түшүнүшөбү? Түшүнбөйт го... Суроо көп, жооп жок...

Жоошбек Маматалиев, Бишкек шаары
XS
SM
MD
LG