Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Жароокер жан эле...


Бул сүрөткө Нургүл эже быйыл май айында Прагадагы бир жолугушууда түшкөн экен.
Бул сүрөткө Нургүл эже быйыл май айында Прагадагы бир жолугушууда түшкөн экен.
Баарыбыз тең бул дүйнөгө келген конокпуз. Алдастап жүрүп аны унутуп калып бүткүл дүйнөгө түркүк болуп, колубуз жеткендин баарын ала кетчүдөй шашкалактайбыз, көр пенделикке алдырабыз, жалаң жакшылык жасаш үчүн келгенибизди барган сайын унутабыз.

Нургүл эже бул дүйнөгө конокко келгенин бир саамга да унутпады. Ар бир жашаган күнүнө, саатына, кездешкен адамга кызыгып, суктанып жашады. Кызыктуу деген китептердин баарын окуганга ашыкты. Адамзаттын эң таланттуулары жараткан сүрөт, музыка, спектакль – деги кайсынысына убактысы, чамасы жетсе көрүп калууга куштарланды. Алардан алган таасирин башкалар менен бөлүшүп, өзү да абдан терең руханий азык алып, ошого каниет кылып жашады.

Кандай гана бактылуу жашоо сүрдү! Кандай гана керемет жерлерди кыдырып, кыялында самаган кооз нерселерди көрбөдү. “Аял жакшы – эр жакшы” деген сөз ага канча жолу айтсаң да жарашат. Анткени Тынчтыкбек Чоротегин жеткен зоболо, бийиктикке үйүң жылуу, дасторконуң кенен, кабагың жарык болбосо жете албайсың. Кызмат тепкичин айткан жокмун, канча киши кадырлап, урматтаарын айтып жатам. Жалаң Кыргызстанда эмес, Чоротегиндер бир кезде меймандап барган, же убактылуу жашап калган жерлердин баарын айтам.

“Азаттыктын” балдар-кыздары Нургүл эженин колунан далай ирет даам сызышты, “куттуу үйдөн куру чыкпайт” деп ар дайым белендеп турчу белегине арзышты. Прагадагы үйү бир ууч кыргыздар үчүн чакан Кыргызстан болуп калган эле. Эс алып кыдырып барганы, кыйналып көчөдө калгандары үчүн да эшиги ар дайым ачык, дасторкону белен эле.

Эмне дейбиз, ажал арабыздан ушундай эрте жулуп кетээрин билгенде жакшы сөздөрдү учурунда айтып калбайт белек. Сиздин бизге кылган жакшылыгыңыз, мээримиңиз ар бирибизди бир аз болсо да тазартты, жакшы адам болууга умтултту. Мындан ары да ошентет. Калган өмүрүңүздү артыңызда калган уул-кызга берсин. Адамгерчилик касиеттериңиз ошолордо улансын.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG