Мектептегидей «жайкы эс алууңду кандай өткөрдүң» деп бирөө-жарым сурай турган болсо, шар эле «батир издедим» дей турганмын. Батир маселеси борбор калаабыз Бишкектин көп келгин тургундарынын көкөйүнө көк таштай тийгенби дейм. Карасаң, баары эле түйүнчөктөрү менен көчүп-конуп жүргөндөй.
«Кайгы жокто кайын энем өлүп», мага да өзүнчө жай издөөгө туура келди. Дароо эле интернеттеги батир берилүүчү жарнамаларды чыгаруучу сайттарды жана гезиттерди казып отуруп калдым. Окусаң - ойдогудай, байланыша келгенде - бардыгы жакшынакай «реклама». Анан дагы бааларды асмандан алышканбы деген ой келет. Ортодо жоктон пайда көрүп, «2-3 саатта жайгаштырабыз» деген кыймылсыз мүлк агенттиктери жер жайнайт. Кайда түкүрбө, алар ошол жерде. Гезит болобу, интернет болобу, бардыгын ээлеп алышкан. Чалсаң эле, 400-600 сом сурап жатып калышат. Кой деп тааныштар аркылуу жана өз алдынча издөөдөн жыйынтык чыкпаган соң, акыры аларга кайрылууга туура келди. «Мейли, алганы аш болсун» дейин десең акчаңдын текке кеткенине ичиң күйөт. Мындайча айтканда, «сызга отургузмай».
«Кыймылсыз мүлк агенттиги - батирчи - батир берүүчү» - бул үчөөнүн ортосунда өзүнчө эле «бермуд үч бурчтугу». «Ким кимди?!» - деген заман, адамга адам ишенбей калган. Агенттикке барсаң батир берүүчү 3-4 телефондун номери үчүн 400-600 сомуңду төлөйсүң. Аны «комиссионный» деп коёт, башкача айтканда, кайтарылбайт. «Жайгаштырууга чейин толук иштешебиз» дегени куру бекер сөз. Агенттиктин «сызга отургузмайынын түрлөрү» төмөнкүчө:
1) Телефон менен байланышып барсаң, эми эле агенттиктин кызматкери менен сүйлөшкөндө «келсин» деген эмең «берип салган» болот. Же болбосо, кичине кызыктуураак болуш үчүн, «ана кел, мына кел» деп жатып, дайынсыз жоголуп кетет. Деги бул агенттиктер «кардарларды кармоо үчүн» ушундай бир жалган схеманы ойлоп тапканбы деп ойлоп калдым.
2) Кудай жалгабай калса, номур эч жооп бербей, шаарда андай даректе үй такыр жок болуп чыгат. Агенттикке келсең ийиндерин куушуруп, «биз үйүнө барып текшербейбиз, телефон менен эле байланышабыз» деп макоо болуп коюшат.
3) Жолуң болуп, кожокейни да, даректи да таап барсаң, «иий, тигиге-буга бербейм» деп айтпадымбы беле дешип жолго салышат. Агенттикке келсең ийин куушурмай.
4) Анан эле жарнамаларды карасаң, «ойдогудай» батирлер жайнайт. «Силерде жазылып турбайбы, алар кана» десең уялбай эле «ал жөн эле реклама» деп жооп берет.
5) Уруша баштаганыңда «азыр эле түштү» деп дагы номер бере калат, барсаң же акчасы туура келбейт, же сен сурагандан башка болуп чыгат. Агенттикке келсең, «и-ий, ушинтип койдубу, акчасын түшүрөм дебеди беле» деп билмемиш этишет. Айла жок, 2-3 жума күтүүгө туура келет.
Ошентип батир тапкыча, акчанын баары агенттиктерге, жол киреге жана бирдикке кетет. Үмүт үзүлбөйт эмеспи, ошентип бир эшикти катуу жаап, экинчисине бара бересиң. Анан да ылайыктуу бир вариант чыкса, бир учурда аны бардык кардарларына берип коюшат. Андай жарыя агенттиктерге бекер берилгендиктен, бир учурда бир тобунан келгендер бир эшикти каккылашат. Калганы кими биринчи жетсе же көбүрөөк берсе, ошонуку. Айтып отурса, сөз жетпейт. «Заманың бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол» деген кепти агенттиктер аябай жакшы өздөштүрүп алышкандай. Сураштырып көрсөм, негизи ушундай агенттик ачуунун өзү чоң көйгөй эмес экен. «Иттин уулу Байгара» деле ача алат. Башкысы - риэлтердик ишмердик жүргүзүү үчүн лицензия гана алуу керек, кардарлар менен иштөө келишимин алар Кыргызстандын аталган мыйзамына ылайык, өз алдынча «каалагандай» түзүп алышат.
Ушундан улам деги булардын ишин көзөмөлгө алган бирөө-жарым барбы же булар дагы эле билген жармасын чала беришеби, качанкыга чейин кардарлардын укуктары тепселенип келет деген суроолор туулат. Толуп жаткан мамлекеттик мекемелерден эч бири жокпу, же алардын ооздору акча менен жабылганбы?!
Күнөөнү бир эле агенттиктерге жана анда иштеген суйкайган «психолог» кыздарга коёюн десең, интернеттеги популярдуу diesel.elcat.kg форумундагы батир маселесине арналган беттерди окуп алып, төбө чачың тик турат. Агенттик батирчини, батирчи кожойкени, иши кылып бири-бирин алдамай, каратып туруп калп айтмай.
P.S: Мен болсо акыры жолум болуп, кокустан жакшы батир таап алдым. Ыраматылык чоң атам «адам абийри - тумар» деп көп айтчу. Абийирдүү болсоң, ошол сени тумарындай сактайт дегени, окурманым.
Лазат Такырбашова, Бишкек шаары