Интернеттен кыргыз гезиттерин ачып окуп отуруп, 3-4 жаштагы кызынын бетин, көкүрөгүн күйгүзүп алган келиндин маегин көрүп калдым. Ооба, бизде жаш балдары бар келиндердин түйшүгү сансыз. Ээлеген кызматы болбосо деле үйдөгү көр-тиричилик бүтпөйт. Анан калса бизде балдар короодо, же көчөдө ойноп жүргөнү адаттагы эле иш. Эртең менен курсагын тойгузуп чыгарып ийген бойдон камдуу эне болсо түштө дагы бир ирээт балдарын текшерип, тамак берет. Болбосо кечинде жатаарда бир жерден таап келет.
Айрыкча мектеп жашына чейинки балдардын абалы кызыктай эле. Биринчи класска барганга чейин (ал деген олчойгон 7 жаш) бир китеп бетин ачып, бир тамганы атынан тааныган баланы таппайсың. Албетте эгер бакчага барбаса. А бакчалар өлкөбүздө саналуу эле. Биздин элдин канында сиңип калганбы, балдарыбыз жакшы сабак окуй албай жатса мектепти, мугалимди күнөөлөйбүз.
Шаарда болсок жанталашып мыкты бакча, “шапкага” акча берсек да “күчтүү” мектеп издейбиз. Бирок үйдө ошол баланын убактысын кайда, кантип, ким менен коротуп жатканы аз адамды кызыктырат. Кызы күйүп калган энени айыптагым келбейт. Албетте бул кырсык. Бирок ушунун алдын алып, кудайдан аманат катары берилген балабыздын эмне менен ойноп, кантип сүйлөп жатканын карасак болот беле?
Лондондо жашаганыма эки жылга жакындап калды. Мурда “батышты туураба”, “маданиятыбыз батыштыкындай болуп калбасын” деген сөздөргө акылым сиңип бүткөн эле. Анткен менен бул жакка келгени өзүмдүн эң негизги функциям болгон ЭНЕ болуу милдетимди дагы бир ирэт башкача өңүттө туюп, аңдап, сезип, балдарымдын ар бир кыймылы, айткан сөзү, күткөн досу, өткөргөн мүнөттөрү, жеген тамак-ашы, таттуусу, ойногон оюнчугу менен окуган китебине көңүл буруп калдым.
Бул жакта мектеп жашы 3 жаштан башталат. 3 жашка чыгары менен ар бир баланын расмий мамлекеттик мектеби болот. Мектептин ичи бардык керектүү окуу куралдар, оюнчуктар менен жабдылган. Ар бир оюнчуктун баланын аң-сезимин өстүрүү менен психологиясына тийгизген таасири ар башка. Үчкө чыга элек жаш баланын да убактысы кур өтпөйт. Бара турган кружогу, музыкалык класстары толтура жана алардын басымдуу бөлүгү бекер. Булар (англичандар) балдардын жетилип, толук кандуу адам болуусуна абдан кылдат карашат. Ошол эле мезгилде аларды динине, тилине, улутуна бөлбөйт. Ар бир баланын өткөргөн убактысы саат-сааты менен аныкталган, такталган.
Кырсыктар да өтө сейрек кездешет. Мектепке балаңды биздикиндей 7 жаштан жалгыз койо берип койгонго болбойт. Эгерде жалгыз жарым бала көчөдө жүрсө анын ата-энеси жоопко тартылат. Күнүгө баланы 12ге чыккыча мектепке жеткирип, кайра алып келүүгө милдеттүүсүң. Бул - бала уурдоо, жоголуп кетүү сыяктуу кырсыктардын алдын алгандык. Бир оюнчук, же китеп сатып берсем ар дайым балдарым менен кошо аны ойноп, өзүм да ошол китептин мазмунун окуп, карап чыгышым керек. Кыргызстанда болсо оюнчуктун мааниси эмес, жыты буркурап сасып турса да көңүл бургандар аз го. Он жаштагы кызым китепканага бармайын, бир күндө жок дегенде бир китепти окумайын тура албайт.
Бишкектеги орус мектептен бул кызды китеп оку деп тилдесем, бул жактан эң оор жазасы китеп окутпай коюу. Анткени аны кызыктырган өз жашына ылайык миңдеген англис авторлордун китептери ай сайын улам жаңыланып чыгып турат. Беш жаштагы уулумдун өзү кызыккан темаларына ылайык китептери бар. Ойногон оюнчугуна жараша бойомо, сүрөт тартма, китеби даяр. Мына ушундай шарттар турганда балаңдын ар бир мүнөтүн көчөдөгү куру оюнга, капыстан чыкчу кырсыкка корото албайсың да...
Кыялданганым Кыргызстанда да ушундай шарттар пайда болуп, ар бир кыргыз ЭНЕ балдарынын бир мүнөтүн да чаң көчөгө, капыстан чыкчу кырсыкка коротпосо. Көр-тиричиликти бир бурчка жыйып коюп, балдарыбыздын өнүгүүсүнө, аң-сезимдик тарбиясына көңүл бурсак... Баланы төрөп, курсагын тойгузуп, кийимин бүтүн кылып коюу менен эле чектелбесек... Жок дегенде уктаар алдында ага бир жомок айтып, же бир китеп окуп берсек...
Бактыгүл Чыныбаева, Лондон