Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

Жылкы этинен чуу чыгып...


Кыргызстандагы тойлордун бири: жылкы этин кыя кесип...
Кыргызстандагы тойлордун бири: жылкы этин кыя кесип...
Дүйнө жүзүндө жылкынын учасын кыя кесе туурап, казы-карта, чучугун чүйгүндөтө бышырган, кышкысын согумга союп сүр аскан, аш-тойлордо бээ, тай соймоюн моокуму канбаган аз эле улуттар болсо керек. Мына ушундай феномендердин башында кыргызым менен казактар эле турат окшойт. Биз үчүн жылкынын эти кастарланган сый тамак болсо, кечээтен бери Улуу Британияда ызылдаган чуру-чууга айланды.

Британияда тамак-аш саткан “Теско” аттуу ири супермаркет түйүндөрүндө уйдун этинен жасалды деген бургерлерди текшергенде, эттин курамынан жылкынын ДНКсы табылып отурат. Бул алгач Ирландиянын тамак-аш коопсуздугу департаменти тарабынан аныкталды. “Миррор”, “Ивнинг Стандарт”, Би-Би-Си сыяктуу медиа дөө шаалары, жергиликтүү теле каналдар эми жылкынын эти кандайча уйдун этинен жасалган бургерлерге кошулуп калды деген суроону талкуулап жатып калышты.

Эртең менен чай ичип отуруп, кызыма ушуларды айтсам, ал да таң калат: “Апа, дүйнөдө жылкы этин жеген казак менен эле кыргыз го. Андай болсо англистерге жылкыны ушулар эле союп апкелишти да”, - деп көзүн бакырайтат ал.

Боорум эзиле күлгөнүм ай. Чын эле, тамак-аш коопсуздугун катуу көзөмөлдөгөн бул өлкөдөгү миллиарддаган фунт стерлингди айланткан “Теско” супермаркеттерине жылкыны союп, этин кыя туурап, кимдер бургер жасап берди экен? Азыр эми бул суроону Британиянын Тамак-аш коопсуздугу боюнча атайын расмий уюмдары изилдөөдө.

Кызыгы, аталган бургерлердеги эттин курамынын 23 пайызы жылкынын ДНКсынан турат экен. Ошондой эле андан чочконун этинин ДНКсын да табышыптыр. Адистер бул эки жандыктын эти адамдын саламаттыгына терс таасир тийгизбейт деп Британ калкын ынандырышууда. Супермаркет болсо текчелердеги миңдеген тонна бургерлерин сатуудан алып салды. Ушул окуядан кийин бул өлкөдөгү азык-түлүк саткан бардык дүкөндөрдө эттен жасалган тамак-ашты катуу көзөмөлгө алып, кайрадан лабораториялык текшерүүдөн өткөрмөй болушту.

Эрксизден маркум атамдын тору атын эстедим. Атам аны тай кезинен Ат-Башынын чоң базарынан сатып алып, сый-урмат менен кунан кылды, анан бышты чыкма болду. Бир асый кезинде улакка тартып, айылдын атактуу улакчы атына айланды. Күлүктүгү, жорголугу шумдук деп эле мактап жатышчу. Атам торусун байкемден башка эч кимге ыраа көрбөй укмуш кастарлады эле. Кышкысын үстүнө жылуу үртүк жаап, жайкысын Ак-Сайга айдап дегендей.

Анан ошол торусу мен университетте окуп жүргөндө 7-8 асый болуп картайыптыр. Үйдөгүлөр аны килкилдете семиртип, согумга сойгону камдашат. Бечара атам, сойгону келгенде “Торумдун этин жей албайм, дитим барбайт. Башкалар сойсун”, - деп базарга сатып ийген эле. А бирок ордуна семиз тай алып союп жегенибиз эсимде. Эми буларды бир англиске айтсам мени кандай кабылдаар экен? ...


Бактыгүл Чыныбаева, Лондон
XS
SM
MD
LG