Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Мектепке бала киргизүү арифметикасы


Бишкектин Ала-Тоо конушундагы №82 мектептин окуучулары. 3-сентябрь, 2013.
Бишкектин Ала-Тоо конушундагы №82 мектептин окуучулары. 3-сентябрь, 2013.
Өз мекениме келгенден бери кубанычым койнума батпай, Ала-Тоомдун абасынан кере дем алып, кымыздан бал чайкап ичип, Лондондун жасалма мөмө-жемишинен тажаган жаным, чыныгы кулпунай менен жүзүмдү чакалап жеп жыргап эле жаткам. Бирок бул жыргал жаңы окуу жылынын башталышы менен басаңдарын билбепмин. Август айынын башынан эле базарларыбыз мектептин кийим-кечесине толуп, ата-энелер үчүн абдан түйшүктүү бир учурлар башталат эмеспи.

Төмөндө мен биздин өлкөдө баланы мектепке окутуунун орчундуу көйгөйлөрүн бирден санагым келди.

Биринчи: Мектепке кирчү балага Бишкектеги мектептерден орун табуу абдан оор экен. Баарынын дарбазасында эле июлдан баштап “Все классы переполнены, мест нет!” деп бадырайта жазып илип коюшуптур. Бирок деректирине кирип, иштеген жерди, ээлеген кызматты айтып, “Эже, сиздин мектеп мага аябай жакты. Баламды окуткум келет”, - десе кийимден тырмактын учуна чейин карап туруп (эгер жогорку стандартка туура келсе!) анан мейли эми деп орун таап берет да кирүүнүн шарттарын шакылдап сайрап баштайт. Кызыгы бул шарттардын арасынан баланын билим деңгээли, жаш өзгөчөлүгү, кызыкчылыктары, саламаттыгы тууралуу бир да нерсе уга албадым. Шарттардын баары кичинекей кагазга жазылган банктык эсепке гана байланыштуу. Мына ушул эсепке баланча миң сом акча төлөгөндө гана бала мектептен орун табат. Чынын айтсам, бир чети буга сүйүнгөм, анткени баламдын башын класс жетекчилери, же мугалимдери акча чогултабыз деп оорутпайт го дегем. Бирок...

Экинчи: Акчабызды банкка төлөп коюп (аз сумма да эмес 10 миң сомдун тегереги) эми балага кийим-кече алуу деген маселе чыкты. Биздин өлкөдө санитардык, гигиеналык жана коопсуздук жагынан эң эле коркунучтуу кийимдер балдардыкы экенин ошондо гана билдим. Бишкектин айталаасын ээлеп жаткан “Дордой” базарындагы балдардын мектеп формаларында “Made in KG”, “Made in China” же “Made in Turkey” деген гана жазуудан башка, бала кийими эмнеден тигилген, пахтабы же синтетикабы, кантип үтүктөш керек, кантип жууш керек деген сыяктуу суроолорго сатуучу өзү да жооп бере албайт. Уул-кызыбыз кийген костюм шымдардын дээрлик бардыгы отко оңой күйүүчү, чаңды, сырттагы микроб, вирустарды оңой эле жутуп алуучу кездемелерден тигилген. Мейли тигилсин дейли, бирок анын бала кийип жүргөнгө ыңгайлуулугу да жокко эсе.

Бут кийим тууралуу айтпай эле койоюн. Кайыш алууга бардык эле ата-эненин чама-чаркы туура келбейт, бирок арзаныраактарынын өндүрүш жыты баланын организмин канчалык уулуу заттарга “байытып” жатканын бир кудай эле билбесе...

Эми бааларга токтолоюн, Британияда эң арзан нерсе - мектеп формасы. Аны пахтадан, же адамдын ден соолугуна зыян келтирбей турган материалдардан бала чуркап, жатып, туруп ойногонго ыңгайлуу кылып тигишет. Ичинде болсо бармактай ак кездемеге кантип, канча температурада жууп, үтүктөш керек, кездеме эмнеден жасалганы тууралуу так маалымат жазылат. Эки жыл Лондондо жүрүп, эки баламды окутуп экөөнүн мектеп формасына 50 фунт-стерлингден ашык (болжол менен 3,500 сом) короткон жокмун. Ал эми Бишкекте болсо бир кызыма форма эмес, жөн эле ич кийим алганы 3 миң сом короттум. Демек форманын баасы андан 3-4 эсеге кымбат.

Үчүнчү: Ошентип, күткөн сентябрь да келди. Кызым мектепке сүйүнгөн бойдон кеткен. Сүйүнүч мектептен эле аяктаса керек. Класс жетекчиси уй тилиндей кагаз жибериптир. Анда да кайсы бир банктык эсеп жазылган, эми класстык фонд дегенге акча чогултушат экен. Анысы да аз сумма эмес. Кызымдын айтымында, ага гүл челек, чака, тряпка, бор сатып алышат. Таң калганым ушул болду. Анда биз мурдагы акчаны эмнеге бердик? Ага да макул, класстагы балдар кезек-кезеги менен “дежур” болушуп пол жууп, чаң сүртөбүз дегенди укканда төбө чачым тик турду. Себебин болсо класс жетекчи “Тазалык кылган кишиге төлөгөнгө акчабыз жок”, - деп опоңой түшүндүрүптүр. Ушунун баарын балдарга эки саат бою класстык саат кылып алып, ага кошумча өзүнүн предметтик сабагында да каңгыра какшап, баланчанчы числого чейин төлөбөсөңөр мектептен чыгарам дептир!

Жайкы каникулдан мектебин сагынып барган балдар үчүн бул чоң психологиялык сокку экенин педагог кантип билбейт? Бир класста отуз бала болсо, отузунун тең ата-энесинин дароо акча таап, мугалимге бере калганга мүмкүнчүлүгү барбы? Жетилип келе жаткан бала үчүн эң чоң сокку социалдык абалынын достору арасында билинип калышы экенин кантип мектептеги мугалим түшүнбөсүн. Анан калса, колун жөндөп жууй албаган балдарга пол жуудурса, чаңдагы ар кыл микробдор жугуп ооруп каларын кантип педагог билбесин. Эң кызыгы ата-энелердин мындай жоопкерсиздикке муюп, башын ийип макул болгону.

Анын себеби да жөнөкөй экен. Эгерде мугалимге же деректирге ата-эне тил кайрыса анын баласынын мектепте шору кайнайт. Байкушту болушунча басынтышып, эмоционалдык соккуга алышат, же “5” алса “4” коюп, “3” алса “2” коюп дегендей. Бирок качанга чейин эле ушундай баш аламандыктарга көз жума беребиз деп кыйкыргым келди. Биздин мамлекет азыр караган тармактар эле билим берүү, саламаттык, анан жол эмеспи. Андан башка же өндүрүш жок.

Мектеп бюджетинде деле пол жуугучка акча каралса керек. Мейли, каралбасын дейли, ошол класстык фондго деп класс жетекчи ар бир баладан 2 миң сомдон акча чогултат, жөнөкөй эле эсептесек, бир класста 30 бала болсо жылына 60 миң чогулат экен, ошондон ай сайын бир класска миң сомдон деп 9 миң бөлсө, бир мектепте 20 классты тазалап бер десе пол жуугучтун айлыгы 20 миң болот. Чогулткан акчалар мектепке, же окуу китептерине жумшалса макул элем, бирок китептерди да сатып алабыз.


Жашоодогу ар бирибиздин эң кымбат табылгабыз – биздин балдарыбыз. Аларды мектепке аманат жиберип жатып ар бир ата-эне ар апта сайын ар кыл түйшүк тартары жашоо стилибизге айланып бараткандай...

Бактыгүл ЧЫНЫБАЕВА,
журналист, котормочу жана илимий ишмер.
XS
SM
MD
LG