Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:51

Москвадан алган алгачкы таасирлер


Москвага келгениме көп болгон жок. Алгач жөнөп жатканда, бул жактагы мигранттарга карата мамилени угуп, бир топ ойлонгом. Тобокелге салып баса бергем. Көрсө, баары мен уккандай, мен ойлогондой эмес экен. Мигранттын жашоосундагы өйдө-ылдыйдын баары кишинин өзүнө гана байланыштуу тура...


Москва... Мигранттардын турмушу, жыргал-кууралы тууралуу менден башкалары деле жазып атышат, айтып атышат. Кимдир бирөөнү кучак жайып тосуп алса, а башкасын бооруна албаган бүгүнкү Москвадан байкагандарым төмөндөгүлөр болду:

Айдоочулар. Негедир Кыргызстандын айдоочуларына караганда бул жактагылар бир топ эле сабырдуу, түшүнүктүү көрүндү. Кыйма-чийме жолдордон кайсы жагынан келсе да, бири-бирине унчукпай эле жол бергени, жол бергендин артындагылар деле бир сигнал бербей чыдамдуулук менен күтө турушканы аябай жакты. Миллиондогон унаа бири оңго, бири солго өтүп, жол кыймылы бир нукта. Бир жөө жүргүнчү болсо да токтой калып, адамдык баалуулук терең урматталганы аябай кубантты. Негизинен, карапайымбы же чиновникпи мыйзам, эрежелерге бирдей баш ийип сыйлаганы, тартип сакталганы жакты. Метродобу, автобустабы акырын гана сүйлөшкөн адамдар жашы деле, карысы деле. Кыйкырып бакырып "өзүнөн кете" сүйлөп баратканды да угуп каласың, акырын кылчайып карасаң, баягы эле өзүбүздүкүлөр болгон болот. Шам-шум эткен жерде да, эс алуучу коомдук жайларда ар ким өзү менен...

Полиция. Албетте, полиция деле адам. Кээде мени бир эле күндө, бир эле учурда катары менен беш-алты полиция токтотуп калат. Себеби, өңүм Борбор Азиядан барган адам экенимди айтып турат. Кызык жери, паспортумду карап, “аа, кыргыз белең, баары бир акча жок да ээ?”, - дешип коё берген учурлар да болду. Кыргызча да үйрөнүшүптүр. “Канча акча бар?”, - дейт бирөөсү. “Жол кирем эле бар да”,- дейм, күлкүм келип. Унчукпай, бат-бат басып кетип калдым...

Тил маселеси. Тил билсең, дил билесин. Орусча оюн түшүндүрө албагандарды полиция эле эмес, айдоочулар жана башка коомдук тейлөөчү кызматкерлер да жактыра бербегенин байкадым. Бирок баары корс мамиле кылат дегенге болбойт. Эгер өзүңө ишенимдүү туруп, мамилени өзүң татаалдантып албасаң, эч ким сага догурунбайт экен...

Москвадагы жашоом эми гана башталды. Алгачкы таасирлерим ушулар. Алдыда жазчу далай окуялар бар.

Кубат МУРАТОВ, Орусиядагы кыргыз жараны
XS
SM
MD
LG