Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:44

Кашаңдыгы кашайткан мамлекеттик машина


Чоң-Алай району менен Тажикстанды байланыштырган жолдогу унаалар.
Чоң-Алай району менен Тажикстанды байланыштырган жолдогу унаалар.
XIX кылымдын экинчи жарымында поюз, жолдун кыйласына ат араба ташыган почта менен азыркы компьютердик техниканы, Интернетти колдонууга мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик мекемелердин маалымат берүү ылдамдыгын салыштырып көрөлүчү. Ф.Энгельстин 1893-жылы 20-июлда Филиппо Туратиге жазган катынын биринчи сүйлөмү: «Сиздин 17-де жазган, кечээ кечинде гана келген катыңызга жооп жазууга шашып жатам». Италиянын Милан шаарынан Англиянын Лондонуна 2 күндө кат жетиптир! Ошол кездеги маалымат алышуунун ылдамдыгы дээрлик дайыма ушундай болгондугун Маркс менен Энгельстин, алардын санаалаштарынын жазышкан каттарынан байкайбыз. Ал эми биздин Билим берүү жана илим министрлигине 24-январда саат 11де киргизилген кайрылууга азыркыга чейин киши түшүнөрлүк жооп бериле элек.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чатакка байланыштуу чек аралар тосулгандыгына шылтоолоп, кышкы каникулга үйлөрүнө барган Кыргызстандын ЖОЖдорунда окуган тажикстандык студенттерди посттон өткөрбөй жатышат, ушул маселени тезирээк жөнгө салууга көмөктөшкүлө деп ушул министрликке январдын 24үндө этникалык кыргыздардын «Кара-Тегин» коомдук бирикмесинин төрагасы Аким Ходжаев экөөбүз кайрылган элек. БИМдин эл аралык байланыштар бөлүмү Тышкы иштер министрлигине дүйшөмбү күнү түштөн кийин кайрылса, ал жактан тажикстандык студенттердин тизмесин талап кылышыптыр. Толук тизме азыркыга чейин бериле элек. БИМ менен ТИМдин аралыгы жүз кадам.

Адегенде толук тизмени бере албайбыз, кайсы студенттер үйлөрүнө барган болсо, ошолордун аты-жөнүн тактап бергиле деп кайра бизден сурашты. Аким Ходжаев өзүнүн туугандарынын жана тааныштарынын гана тизмесин бериши керек экен да. «Толук тизмени неге бербейсиңер, бул мамлекеттик коопсуздукка же аскердик сырга эч кандай тиешеси жок маалымат эмеспи?» - дегенден кийин, «Бирдиктүү даяр тизме жок, ар кайсы ЖОЖдор боюнча файлдардан алып топтоштурууга убакыт керек», - деген шылтоону уктук. Колдо жазбай, машинкада ар бир тамгасын кайталап тербей, даяр электрондук тизмелерден, мисалы, 20 тизмеден көчүрүп алып бириктиргенге көп болсо 1 саат убакыт кетер, эмне мынча ыкшоосуңар, кичине ийкемдүүрөк, ыкчамыраак кыймылдабайсыңарбы десем, расмий кайрылууларга жооп берүүнүн 15 күндүк мөөнөтү бар деп камаарабайт БИМдеги жылуу кабинетте отурган кыздар.

Тиякта борошолуу Чоң-Алайдагы постто канча күндөн бери байкуш студенттер жалдырап күтүүдө 15-20 градустук суука кайыгып, качан уруксат берилет экен өтүшүбүзгө деп.

Бул арада тойго, оору-сыркоолордон кабар алганы, кайтыш болгондорго куран окутканы барган же келген карапайым жергеталдыктар Чоң-Алайдагы посттон 3 миңден 10 миң сомго чейин пара берип өтүүгө аргасыз болууда деген кабар келди. Айтмакчы, ушундай эле мазмундагы маалыматты Жогорку Кеңештегилердин бири да айтыптыр. Ким болсо да, рахмат ошол депутатка!

Чындыгында ири өлчөмдөгү товар ташыган коммерсанттардан, стратегиялык маанидеги жүк ташыган мамлекеттик кызматтардан ж.б.у.с. башка карапайым жүргүнчүлөрдү тоспой өткөрө бергиле деп Чек ара башкармалыгы же ТИМ телефон аркылуу эле маселени чечип койсо болмок. (Кечээ жакында Тажикстандын вице-премьер-министри менен биздин вице-премьер-министр кездешип, дээрлик бардык маселелерди чечтик дешти эле...)

Эгер студенттердин тизмеси ошончолук эле зарыл болсо, электрондук почта аркылуу заматта чек арачыларга жеткире алышмак. Мамлекеттик сыр болуп саналбаган ушул тизме сыяктуу маалыматтардын баары расмий сайттарга жайгаштырылууга тийиш эле (айтмакчы, расмий сайттарда элдин убарагерчилигин азайткыдай маалыматтар өтө аз, дээрлик жокко эсе; кээ бирлеринде байланыш начар же такыр эле иштебейт). Же тизмеде Кыргызстандын ЖОЖдоруна этникалык кыргыз деп жеңилдик менен кабыл алынган кыргызстандык эле «чоңдордун» балдарынын аты-жөнү барбы жашыргыдай? Айтмакчы, кезинде Тажикстан менен Кыргызстандын билим берүү министрлери кол койгон билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндөгү меморандумдун көчүрмөсүн берүүдөн баш тартышкан эле БИМдин Эл аралык байланыштар бөлүмүндөгүлөр.

Президент Алмазбек Атамбаев быйылкы жылды Мамлекеттүүлүктү чыңдоо жылы деп расмий жарыялабадыбы. Эми мамлекеттүүлүктү ушундай бюрократтар менен кантип чыңдайбыз деген ой туулат. Бул эми президент Алмазбек Атамбаевге, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбековго жана коопсуздук кызматтарынын башчыларына кулак кагыш болсун...

Жолдош ТУРДУБАЕВ, Кыргызстан Журналисттер союзунун мүчөсү
XS
SM
MD
LG