Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

“Өз бала” үчүн өз жолун тоскон оңобу?


Алайдагы жол тосуу, 29-май, 2014.
Алайдагы жол тосуу, 29-май, 2014.
Менин жумушка келген убактым адатта президенттин кортежи өткөн мүнөттөргө дал келет. Билесиңер, кызыл таякчан байкелерибиз “Манас “ проспектисин чычкан өткөрбөй, кан буугандай тосушат. Ансыз да шашып жаткан жаным тигилерге жиним келип, ашып кетсе 10 мүнөттүк “жол тосууга” араң чыдайм да, “Эмне үчүн президент жолдон өткүчө баарыбыз күтүп турушубуз керек?” деп өзүмө-өзүм акылдуусынып жоопсуз суроо узатам...

Бирок мени түйшөлткөн мындан да тереңирээк суроо бар: Эшматов же Ташматов камалса эмне үчүн жолдор жабылат?..

Кыргызстанда стратегиялык маанидеги өзөк жолдор биринчи жолу буулуп жаткан жок. Ооба, буга чейин да болгон жана мындан кийин да улана бериши мүмкүн. Макул, аргасыздык дейли, элдин үнүн бийликке жеткирүүнүн акыркы жолу дейли...

Бирок жол тосуу менен ким-кимди коркутуп, ким-кимди кыйнап жатат? Баягы эле эл да. Мына Ош - Эркеч-Там жолу бир жумага жакын убакыт бою жабылып турат. Жолдон Атамбаев же башка аткаминерлер өтө албай калдыбы, же жол тоскондордун талабы аткарылдыбы? Жок, эптеп соода менен күн көргөн соодагерлердин соодасы жүрбөй, жакшылык-жамандыкка бараткан жолоочулар жолдо калды. Оорусу күчөп ооруканага же бирөөгө топурак салып калайын деп шашып бараткандар, эмчектеги баласы ыйласа мына өтөбүз деп соорото берип "мынасы" түгөнгөн энелер азап чегип жатышат. Кайран гана убакыт, кайран гана сабыры түгөнүп саргайган эл...

Жол тоскондорго эч эле түшүнбөйм. Аксакал аталарды, "Баатыр энелерди" алдыга салып, жолго кум-шагыл төгүп, дөңгөлөктөргө өрт коюу биз үчүн жаңылык деле болбой калды. Анан да жол тоскондор үчүн атайын боз үй тигилип, мал союлуп, бий бийленип кадимки шеринедегидей элес калтырат. Эми карагыла, кыргыз үчүн ыйык делген аксакал аталарда, ардактуу энелерде барк-баа деген калдыбы өзү? Же жакшылыкта же жамандыкта гана тигилчү боз үйдөн тамтык калдыбы? Ташмат камалса ойго да, жолго да тигебиз, маанилүүсү камалган адам “өз бала” болуш керек. Кыргызстанда жашагандар го билет жогорудагы айтылган баалуулуктардын барк-баасын, а чет элдиктер кыргыздын сакалдууларын “жол тоскучтар” катары гана кабылдары турган иш.

Эгер Ташмат бийлик тараптан чындап куугунтукталып, ак жеринен абакка отуруп калса, сот же жогорку бийлик тарабынан курмандыка чалынып жатса, Ташматтын тарапташтары анда ошол бийлик бутактарынын башында отургандардын жолун тоспойбу, Ташматка да, саясатка да тиешеси жок элде эмне күнөө? Өзгө да, жатка да бирдей иштечү мыйзамга баш ийгенди качан үйрөнөбүз? “Өз баласы” үчүн чындап жаны ачып, чындык үчүн чыркырап, эч жерден акыйкат таба албай, айлалары куруса ошол маселелерди түздөн-түз чече алчу кишилердин жолун тоссун да. Албетте, жол тосконго чейин сүйлөшсө болот, тиешелүү органдарга, жетекчилерге кат менен кайрылса болот, болбой эле баратса ачкачылык сыяктуу каршылык көрсөтүүнүн толгон-токой жолдору бар да. Бир гана жол тосуу эмес.

"Кыз боозуса - энесин коркутат" болуп, Ташмат камалса деле, Эшмат кармалса деле “өз балабыз” деп өзүбүздүн жолубузду бууганды токтотпойлубу, туугандар!
XS
SM
MD
LG