Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:05

Сабакты жакшы окуп, мекенге салым кошом


Кыргызстан кооз өлкөлөрдүн бири. Түркүн түстүү гүлдөр, жапжашыл токойлор бар. Тунук булактарынын пайдасы ден соолукка пайда. Ошондой эле жайлоолор, жан-жаныбарлар, шаркыратмасы абдан кооз. Ысык-Көлгө көптөгөн туристтер келип кетишет.

Биздин Кыргызстанда нефть, көмүр, алтын, газ, жез, күмүш дегендей көп кен байлыктар бар. Кыргызстандын улуттук кийимдери, тамактары, салттары, оюндары абдан кызыктуу жана кооз. Көптөгөн баатырлар, сүрөтчүлөр, окумуштуулар, жазуучулар чыккан. Алардын бири Чыңгыз Айтматов. Чыңгыз Айтматов дүйнөгө таанылган улуу акын жана анын көп чыгармалары бар. Мен азыркы күндөн тарта жакшы окуп, өлкөмө өз салымымды кошкум келет. Келечекте ырчы болгум келет, анткени көптөгөн өлкөлөргө барып Кыргызстандын атын даңазаласам дейм.

Мекеним менин Кыргызстан.

Биздин тунук булактар,

Тоолору бийик аска-зоо.

Айланасы чырайлуу,

Бермети болсо Ысык-Көл,

Элиме байлык чачкандай,

Өнүгүп гүлдөп өсө бер,.

Дүйнөгө нурун чачкандай!

Эгерде биз жакшы иштеп, жакшы окусак, анда биз өнүгүп-өсөбүз. Кыргызстан сөзсүз өнүгөт.

Адылжан уулу Дастан, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы №1 балдар үйүнүн тарбиялануучусу

XS
SM
MD
LG