Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Кең келечектүү Кыргызстан


Ата-бабаларыбыз каршылаштарынын катыгын берип, Кыргызстан деген өлкөнү сактап калышкан. Азыркы учурда баалуу байлыктарыбызга ээ боло албай убарабыз. Паракорчулук күч алып, карызга белчебизден батып, каржы каатчылыгы каптап турган кез. Экономикабыз гана төмөндөбөстөн, коомчулуктун улуттук баалуулуктарга, эне тилге болгон кайдыгерлик мамилеси терең ойго салаары бышык.

Кыргыз калкы кылым карытып көчмөндүктө, конуш которуп, кыйын кырдаалда каршылашкан, калмактарга кыр көрсөтүп, кытайлык Коңурбайды кубалап, Көкчөнү көз каранды кылган. Кадыры көтөрүлүп, Кытайдын калааларын карамагына киргизип койгон. Кыргыздарды кыргын кылууга камылга көргөн, Кокон каганатына кыр көрсөткөн, Курманжандай кубаттуу кагандар кокондуктарга каршы кашык каны калганча күрөшүп келген.

Кечээки күчтүү камкор кагандар күнүбүздө көрүнбөй куруп калгансыйт. Кыргызстандын кендери, кереметтүү кооз көлдөрү көп. Кумтөрдөгү кенибизди казбастан Канаданын "Камеко" компаниясына каалашынча каздырып койдук. Кышкысын карапайым калктын көйгөйү - Кара-Кеченин көмүрү. Кара-Кечеде көмүр калктын каалаганындай казылбай, Камаздар катарлашып калышууда. Күнүбүздө казактардын көмүрүнө көз карандыбыз. Кара-Кечени кыйратып казсак коңшуларга көз карандысыз калмакпыз.

Каржы каатчылыгы Кыргызстанды каптап кеткенсийт. Карызыбыз күндөн күнгө көбөйүүдө. Кайырчыдан кем калышпай, каганыбыз күнүгө коңшулардан карызга кредит көтөрүп келүүдө. Карызга келген кредиттерди ким короткону көрүнбөйт. Карызды кайра кайтарууда кандай кылабыз? Карапайым калктын көйгөйү. Кагандар кыргызга күйгөн киши катары көрүнүп, Кытайдан карыз көтөрүп келип, калтасына катып, Курманбектей качып кетишет.

Көчөдө күнүгө калжаңдаган карыларды, кыйкырынган катындарды көрөсүң. Көйгөйү кишинин күлкүсүн келтирет. "Кагандарды күнөөсүз камабагыла". Кагандар, Кумтөр кенинин Кыргызстан кызыкчылыгына көздөлгөнүн кобурашат. Кесиптештеринин короосуна кыйкырып киргенде, кабинеттеринен кубалаарын кыйытып, кагандыкты каалаганын көргөзгөндө, катуу критикага кабылып камалып калышты.

Коррупция күндөн күнгө көбөйүүдө. Кичинекей кагазга кол койдуруш кыйын. Кызматкерлер кабинетте кычырап клиент күткөнсүп, карапайым калктын калтасын калбырып катуу кыйнады. Коррупционер кагандар камалаарында кулагы кашайып каңырыштап, көзү көрбөй көкүрөгү көтөрүлбөй керебетинде катып калышат.

Коррупционер каган камалганын КТРден көрсөткөндө карапайым калктын көңүлү көтөрүлүп калат. Көрсө кагандар камерага көпкө камалбастан качып кеткенине күбөбүз. Камераны кайтарган кароолчулардын көздөрү көрбү? Көз көрүнө килтейген кишини качырып койгондоруна кабатырланбай койбойсуң.

Коомчулукта каразгөйлөр көбөйүп, комуздун кайрыктарын кыңылдатып, комуз көтөрүп, калпак кийгендерди келекелеп күлгөндөргө кейибей койбойсуң. Кыргызча кобурашкандар кыштак көрүнөт.

Кечээ күнү Кытай күрмөлөрүнүн көргөзмөсүнө келсек кыргызча кыйналып кобурашкан кыйшаңдаган кыздарды көрдүк. Кытай күрмөлөрү каршы кабатта көргөзмөгө койулганын кабардар кылды. Кабат, күрмөнү кулак кагышып катуу каткырышты. Кыргыздар кыргызча кобурашкандан корунушса, калгандарынын кыргызча кеп козгобогонун кайдыгер катары кабылдабасак.

Кыскасы кыргыз калкым, кыргызды кыргыз курутпай, кайдыгерликтен качсак, кыйынчылыкта карап калбастан, каралашып, кагандардын калтасына кеткен, Кыргызстандын карыздарын коңшуларга көп кармабай кайтарсак, кадырыбыз көтөрүлүп, кыйын кезеңдерде кыйынсынган коңшуларды калтырып, күнүбүздө кенибизди казган канадалыктардай күчтүү, кең келечектүү Кыргызстан куралаарына көпчүлүк кошулса керек.

Сапарбек Акунов, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти
XS
SM
MD
LG