Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

Азаттыктын жолунда...


1953-жылдын 13-март күнү "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргызча берүүлөрү алгачкы ирет обого чыккан экен. "Алдымдагы кагазды кармаган колдорум титиреп, алыстагы журтташтар үнүмдү угуп калабы деп аябай толкунданып сүйлөп атканым эсимде", - деп эскерген ал күндү ыраматылык Азамат Алтай. Андан бери 60 жылдай мезгил өтүптүр, далай суу акты, эл өзгөрдү, ааламдашуу (глобалдашуу) тегирмени бир саамга да токточу түрү жок баарыбызды жаңы - чек ара, саясий, экономикалык, диний, маданий тоскоолдукту тааныбаган заманага сүрөп алпаратат.

60 жылдык датага арнайы "Азаттыктын архивинен" деген рубрика ачып, эски берүүлөрдү жумасына бир-эки жолу кайталап берели деп турабыз. Анда биздин радиодо "кансыз согуш" жылдары иштеген, же ал замандагы берүүлөрдү уккан адамдар менен маектер, архивде сакталып калган кызыктуу макала, айтор тарых-таржымалга тиешеси бар ар кыл мазмундагы уктуруулар сунуш кылынат.

"Азаттыктын" АКШнын Стэнфорд университетинде сакталган архивин барактап таанышып, анда ондогон жылдар иштеген айрым ардагерлер менен маектешкен соң радионун тарыхый вазийпасы, макcат-мүдөөсү, салты башында кандай болсо ошол бойдон калганына ынандым. Бизди да ушул заманда кыргыз коомунун келечеги кандай болот, тил, маданият, улуттук нарк-насилибизди сактап кала алабызбы, дагы 50-60 жылда кандай эл болобуз деген суроолор түйшөлтөт, ойлондурат.

Орусияда жүрүп өз мекендештеринен кордук көргөн Сапаргүл, жаңы төрөлгөн балдарын таштай качкан келиндер, Бангладешке барып окуган балдарыбыз, чет элдик ишканаларга итатайы тутулган жердештер, бийлик менен байлык талашкан саясатчыларыбыз, алыскы тоолуу Алайда балдарды конки тептирип, спортко машыктырган айылдык мугалим, айыл-апаны багып, алды эки кабат заңгыраган үй салган мигранттар, өз акчасына төрөткана салдырган жердешибиз, Америка менен Англияда концерт берген таланттуу музыканттарыбыз - ушулардын баары биздин коомдогу бүгүнкү акыбалдын күзгүсү, эртеңки күнүбүз, келечегибиздин жышаана белгилери.

Ушул жана башка маселелерди ачык талкуулап, ой-санаасын "Азаттыктын" окурмандары менен бөлүшкөн бардык мекендештерге ыраазычылык билдирип, алдыдагы жылы жаңы жигер, күч-кубат, алдыга жетелеген жарык үмүт, көп жакшылык каалап кетмекчибиз.

Кыргызстан, Орусия, Кытай, Европа, Америка, Корея (биздин сайтка эң көп баш баккан окурмандар санына жараша тизмелегенге аракет кылдым), деги дүйнөнүн кайсы жеринде жашасаңыз дагы 2013-жылы "Азаттык" аркылуу кызыктуу оюңуз, окурман-угарман-көрөрмандар менен бөлүшчү мазмун-маңыздуу аңгеме-блог, сүрөт, же видео баяныңыз болсо бизге кат жазып кабарлашыңыз.

60 жылдыкка арналган атайын сынагыбыздын шарттары менен байгелерин алдыңкы күндөрү жарыялайбыз. Интернет доорунда биздин кесип 24 сааттык ишке айланды. Чарчабай-чаалыкпай сиздерге коомдогу жана дүйнөдөгү жаңылыктар менен кызыктуу окуяларды кабарлап, аларды сиздер менен чогу ачык талкуулоону улантабыз.

Эркин ой, эркин талаш-тартыш - бизден мурунку кесиптештер эңсеген АЗАТТЫКТЫН жолундагы алгачкы жетишкендиктерибиз. Ушуга да шүгүр. Алдыда дагы баарылап багындырчу узак жол бар...
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG