Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:43

Маркум Табылды Эгембердиев китебиме жазган баш сөзүндө: “Агындыларды” биз көнүп калган бир дагы жанрга жабыштыра албайсың. Бул роман да, повесть да эмес, очерк да, аңгеме да эмес, иши кылып эчтеке эмес. Бирок аңгемедей жеңил окулган, кара сөз менен ырдалган поэма десем туура болчудай” деп жазган эле.

* * *

Атактуу Расул Гамзатов “Менин Дагестаным” аттуу китеби тууралуу: “Бир катар редакторлор менен сынчылар менин жазганымды айтышат: “Же роман эмес, же жомок эмес, же повесть эмес” дешип. Мен каршы эмесмин. Кандай кааласаңар ошондой атай бергиле. Мен адабияттын закону менен жазганым жок, мен өз жүрөгүмдүн буйругу менен жаздым. А жүрөк деген закон дегенди билбейт. Тагыраак айтканда анын эч кимге, эч нерсеге баш ийбеген өз закону бар. Ошондуктан мунум аңгемеби, жомокпу, уламышпы, же макал-ылакапбы же ой жүргүртүүлөрбү же жөн эле макалабы - билбейм” деп жазган.

* * *

1978-жылдын 24-апрелинде советтик жазуучулардын бир тобу Нью-Йоркко барып, америкалык жазуучулар менен жолугушкан. Артур Миллер, Джойс Кэррол Оутс баштаган бир катар жазуучулар советтик роман жанры жөнүндө баяндама жасашкан. Өзгөчө 18 жаштагы америкалык жаш жазуучу сүйлөгөндө америкалыктар жетине албай дуулдап, аябай сүрөөнгө алышкан. Ошондо, ошол кезде 81 жаштагы Валентин Катаев сөз алып:

- Урматтуу мырзалар! Кымбаттуу айымдар! Мен роман деген эмне экенин билбейм. Мен эмнени кааласам, эмнени жазгым келсе ошону гана жазам. Мени адабияттын ар кандай формасы менен рамкасы кенедей да кызыктырбайт, мен үчүн алардын эч кандай мааниси да жок. Гоголь “Өлүү жандарын” эмне үчүн “поэма” дегенин, Пушкин ыр менен жазган “Евгений Онегинин” эмне үчүн роман дегенин, Хемингуэй “Чал жана деңизин” эмне үчүн аңгеме дегенин билбейм. Ким мага азыр ордунан туруп “роман” деген эмне экендигин айтып бере алат? Жакында “Новый мир” журналына бир чыгармамды жарыяладым. Ал чыгармам мен үчүн аңгеме да, роман да, поэма да, эссе да, эскерүү да, и мемуар да, кат да, кайрылуу да, иши кылып мен эмнелерди айткым келсе ошонун баары,-деген экен.

* * *

Совет адабиятынын дагы бир классиги, грузин жазуучусу Нодар Думбадзе адабий жанр тууралуу мындай дептир:

-Роман деген эмне экенин мен дагы билбейм. Азык-түлүк өнөр жай министрлиги жакында “Туристтин завтрагы” деген консерва чыгарыптыр. Мен турист болбосом да ошол консерванын даамын татып көрөйүн деп, тилекке каршы таңкы завтракта эмес, ужин маалында ачтым. Консерва чынында эле мыкты экен, мага аябай жакты. Адабият деген да ошол “туристтин завтрагы” сыяктуу баарына жагыш керек. Ал “таңкы чыгарма”, “түшкү чыгарма” же “кечки чыгарма” деп бөлүнбөйт. Келгиле, элге жага турган гана чыгарма жазалы, ал эми анын жанрын тигиндей же мындай деп атап алыш адабиятчылар менен сынчылардын иши. А чындап келсе жанрдын эч кандай мааниси деле жок. Элге жанрың эмес, жазганың менен жагасың.

* * *

Мен бүгүн бет ачарын өткөрүп аткан Султан Акторпоктун “Кыргызча жашоо бормулаларын” да жанрдын алкагына баш ийбеген, деги эле буга чейин мектептеги же окуу жайларындагы адабиятты окуткан китептердеги сатиралык үлгүдөгү чыгармаларга окшобогон, кыргыздын турмушун кыргызга жасалма, жалган сөздөр менен эмес, накта өзүнүн сөзү, өзүнүн тили, өзүнүн кыял-жоругу менен айтып бергиси келген чыгарма. Мындайды мурда көрбөгөндөр, билбегендер, муз аянтында коньки тепкендер ошол тегеректен чыкпай тепкен сыяктуу, чыгарма жазгандар адабий алкактан гана чыкпай жазыш керек деген “такыбачылыкта тарбиялангандар” такыр эле жактырбашы мүмкүн. Анткени алардын тапкан наны ошого байланыштуу болгон соң, алар үчүн адабий жанр бузулгус эрежеге айланган. Чыныгы жан дүйнө же жүрөк менен жазылбаган чыгармалар, калп жыгачка салынып куюлган кыш сыяктуу ошол эрежелер менен жазылат. Андай чыгармалар жалаң жасалма, жалган, ойдон куралган “куурчак” каармандардан турат. Анан автор баягы кыргыз эл жомогундагыдай ошол өзү жасап алган “куурчакка” кантип жан киргизем, кантип сүйлөтөм менен убара болот. Ал эми жүрөк деген эч кандай эрежеге баш ийбейт. Демек жүрөк менен жазылган чыгармалар гана жүрөктөргө жетет, жүрөк менен жазылган чыгармалар гана узак жашайт.

Султан иним Акторпоктун мына ушул жүрөк менен жазылган “Кыргызча жашоонун бормулаларынын” элдеги өмүрүнүн узак болушун каалайм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG