Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Футбол - сүйүү


Бул жолку чемпионаттын жүзү ушундай болду.
Бул жолку чемпионаттын жүзү ушундай болду.
- Мени жакшы көрөсүңбү же футболдубу?

- Албетте, футболду, анан сени. Жок, сени, анан футболду...

Мына ушундай суроолор мындан толук бир ай мурун бериле баштаган. Эркек атпайдын баары түнкү үкүгө айланып, көгүлтүр экрандан көздөрүн албай, ашынган фанатка айланып, бири адреналин алса, биринин чөнтөгү жукарды. Дегеним, букмекерге акча сайып, барда достору менен мелдешип көргөндөр көп болду.

Кеч келип, аялынан жеме уккандар, эртең менен жумушка кечигип, жетекчисинен тил угуп, айтор, бул футболуң жалпы планетардык проблемага айланбадыбы.

Эркектерге кошулуп, далай аял кишилер да футболдун кумарына батты. 57 жаштагы эжем менен жездемдин Испания - Португалия оюнун кантип көргөнү кызык. “Ой теп, артыңды кара, чуркабайбы илкибей, арткысын кара салбырап, чыгарып салбайбы ары” деп эжем өзүнчө кыйкырыкка үйдү толтурду. Эжеме күлкүлүү караган жездем өзү да калышпай “мына бул комментатордуку өттү. Мүнөт сайын эле рекламаларын айтат да, көп акча берип, оозунан башка нерсе чыкпагандай кылып коюшкан го, кысталактар!” деп жездем төрдө күңгүрөнүп жатат.

Футбол ортосундагы тыныгуу убагында Европанын кооз шаарларын көрсөтүп жатышса, ажайып жерлерге суктанган жаным: “Кыргызстан качан бул жерлерде ойнойт?” – деп суроо узата койбоймунбу.

- Качан гана Кыргызстан Европага жылганда,- деген жооп угуп, уялып кеттим обу жок суроомо.

- Иий, анда качан дүйнөлүккө ойнойбуз? Дайым эле Италияга күйөрман болгондон тажадым.

- Кийин, чоңойгондо.

- Батыраак чоңойуш керек анда. “Кыргызстан эле Кыргызстан!” деп кыйкырып жан тартып турган кандай сонун?

Көпчүлүктү арбалган оюн мени да кызыктырып алды окшойт, өзүм Италияга, сүйлөшкөн жигитим Испанияга күйөрман болуп финалдын алдында мелдеше кеттик. Ошол жыйынтыгында ишенип жаткан италиялыктарым мени бир кой карыз кылды. Түнкү саат 2:42де “Испания-Италия 4:0! Талкалап салыштыыы! Урааа! Чемпионбуз. Жууп отурабыз” деген смс келди. Айрымдары эркек уулдуу болгондо да мынча сүйүнбөсө керек. Футболдун күчүн көрүңүз!

Самара Сагынбаева
XS
SM
MD
LG