Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

Мен психолог болууну чечтим!


Бишкектеги ЖОЖдордун бирине тапшырып жаткан абитуриент.
Бишкектеги ЖОЖдордун бирине тапшырып жаткан абитуриент.

Ар бир адам өз жашоосунда үч жолду туура тандоосу абзел. Бул турмушта дайыма бирге болчу өмүрлүк жолдошуңду, кеп-кеңешин берип туура жолго баштоочу досуңду жана эң негизги кесипти.

Мен 11-классты бүтүп жатып өмүр жолумда дайыма көмөк болчу кесип тандоонун астында турам. Бул кадамым менен өзүмдүн келечектеги ордумду, мындан кийинки жашоомду чечип коём. Туура тандасам, турмуштун катаал жолунда мүдүрүлбөй жашай алам. Кесип тандоодо көп акча табууну ойлобой же коомдогу статуска карабаш керек. Өз кызыкчылыктарыңа караганың туура болот. Ата-энеңдин да кеңешин ук, бирок жүрөгүң менен каалаган кесипти танда.

Кесиптин оор же кыйыны, жакшы же жаманы болбойт. Ар бир кесип түйшүктүү жана ардактуу. Мен көпкө ойлонуп, психолог болууну чечтим. Мен бул тармакты терең изилдеп, дал ушул кесип мага туура келүүсүн акылым да, жүрөгүм да тандады.

Азыркы учурда ар бир адамда жан дүйнөсүн өйүгөн көйгөйү бар. Ал көйгөйдү ичинен ойлоно берип стресске кабылып, нервдерине да таасир этип, анын кесепетинен ар кандай ооруларга дуушар болушат. Догдурларга барат, айткан дары-дармегин ичет пайдасын көрөт, бирок толук айыга албайт. Ал инсандарда ишеним жок. Эгерде аларга психолог катары кеңеш берип, жан дүйнөсүнө катылган терс ойлордон арылта алсам чексиз кубанычта болом.

Сөз менен дары, кеңешим менен шыпаа болсом бул менин жеңишим. Зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер, балдар кыйналып, ичиндеги сырын эч кимге айталбай суицидге кабылышат. Мен ушул өндүү адилетсиздиктин запкысын жеген же турмушта туура жолду тандай албагандарга кеп-кеңешимди берип, жакшы сөзүм менен азап көлүнөн сууруп чыккым келет.

Мен үчүн бир адамдын өмүрүн сактап калуу чоң бакыт. Ошол инсандардын жүзүнөн жылмаюу, көзүнөн кубаныч көрсөм - бул менин жеңишим. Психолог сооптуу, ары пайдалуу да кесип. Мен бул кесипти тандоодо "кийин иш табылабы?" деп ойлогон жокмун. Ооба, Кыргызстанда бул кесип өтө өнүгө элек. Психологго келгендерди жинди деп ойлогондор да кездешет. Бирок баары бир биздикилер бул кесип өтө керектүү экенин да түшүнгөн күн келет. Ишимди мыкты билсем, эч качан кор болбойм.

Негизи эле "акча көп таба аламынбы?" деп да ойлобош керек. Акчадан да бийик турчу элдин сый-урматы, ыраазычылыгы, ак батасы мага акчадан да кымбат. Кыргыз журтума пайдам тийчү кыздардан болсом, бул бакыт миллиарддаган доллардан өйдө турат. Мен өз кесибимди туура тандаганыма толук ишенем. Достор сиздерге айтарым эң биринчи өздөрүңүздөрдүн жөндөм, талантыңыздарга карап кесип тандооңуздарды өтүнөт элем. Акчаны көп табам деп жакпаган кесипти тандабагыла. Кесипти мыкты өздөштүрсөңөр акча өзү сиздерди издеп келет. Эң биринчи "тандаган кесибим колумдан келеби? Элиме, жериме кандай пайдам тиет" деген суроону өзүңүзгө бериңиз. Мен, мисалы, психолог болууга жөндөмүм жана кызыгуум бар жана боло аларыма көзүм жетет.

Эгерде наабайчылыкка кызыгып, бирок ал кесиптен уялып юрист болсоңуз жаңылышасыз. Юрист да болосуз, бирок эч кимден айырмаланбаган кадимки эле юрист болосуз. Андан көрө мыкты наабайчы болуп, элдин ыраазычылыгын алып, ак эмгек менен тиричилик кылып, өзүңүз сүйгөн кесипке ээ болсонуз миң мертебе жакшы эмеспи?

Жыйынтыктап айтсам, өзүңүздөр сүйгөн, колуңуздардан келген жана ушул кесип менен келечекте өзүңүздөрдү көрө алсаңыз гана тандаңыз. Урматтуу бүтүрүүчүлөр, сиздерге кесип тандоодо ийгилик каалайм жана туура тандооңуздарга толук ишенем!

Айжан Бектенова, Жалал-Абад облусундагы, Ноокен районунун, Масы айылынын №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 11 “Б” классынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG