Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Бейтапка бешбармактан мурда тынчтык берели


Эрмек Исмаилов иш үстүндө. Сеул. 17-ноябрь, 2018-жыл.
Эрмек Исмаилов иш үстүндө. Сеул. 17-ноябрь, 2018-жыл.

Жаш дарыгер Эрмек Исмаиловдун ооруканада жаткан адамга мамиле тууралуу ой-толгоосу.

Кыргыздын башка элдерден өзгөчөлүгү – жакшылык - жамандыкта дайыма бири-бирин колдойт, тууганчылык мамилеси бекем.

Чет өлкөлүк дарыгерлер да “бири-бириңерге аябай күйүмдүү келесиңер” деп суктанышат.

Бизде бейтап адеп ооруканага жатканда эмне кылат? Дал сиз ойлогондой, ооруп калганын дароо эле туугандарына кабарлайт.

Анан бул кабар досторуна, классташтарына, кесиптештерине, коңшуларына жетет. Зоболосу бийигирээк болсо, анын палатасынан киши үзүлбөйт, катышпаган алыскы тууганы деле кабар алып кетет.

Буга бир чети ооруканага жатканда "мага ким келди, ким келген жок" деп эсебин алмай, таарынмай адатыбыз себепчи окшойт.

Туура, кабар алып, көңүл бурган жакшы сапат. Бирок дарыгер катары палатага топурап киргендер ишке жолтоо болорун айткым келет.

Бейтап ооруканага дарыланып же операцияга даярдык көрүү үчүн жатат эмеспи. Бул убакта үйдөгү жана жумуштагы көйгөйгө алаксыбай, туура тамактанууга тийиш.

Бизде операция болгон кишини туугандары сөзсүз көрүп чыгышы керек деп эсептешет. "Кыйналып жатат, эс алсын" десең, кадимкидей таарынып, чыр салышат.

Бейтаптын абалы өтө оор болсо бир же эки кишинин эле каралашканы жетиштүү. Аябай эле көргүңүз келип жатса, жанындагы жубайына же уул-кызына телефон чалып, ал-акыбалын сурап койсоңуз болот.

Экинчи маселе, тыюу салынганына карабай, операциядан чыккан бейтапка, кош бойлууларга беткапсыз, кээде майда балдары менен кошо кире беришет. Көчөдөн ар түрдүү вирустар ээрчий келерин же өздөрү оору жугузуп аларын аңдашпайт.

Бир жолу операция болгон бейтапты көргөнү туугандары келди. Айтканыбызга көнбөй палатага беткапсыз киришкен. Эртең менен ишке келсем, дене табы 38ге чейин көтөрүлүп, чабалактап жатат. Тамагы сезгенип, түнү менен кыйналып чыгыптыр. Үйүнө эртең чыкканы турган адам ошентип дагы бир жума ооруканада жатты.

Дагы бир маселе бейтаптын абалын сурагандын баары кур келбейт. Бирок ооруканада жаткан киши мүнөздөп тамактанышы керектигин эч ким капарына албайт. Ашказаны ооруп жатса деле майлуу ашты көтөрүп жетип барышат.

Андай эле бейтаптын көңүлүн көтөргүңүз келсе, бешбармактын ордуна телефонуна бирдик салып коюуга эмнеге болбосун?

Бир ирет нөөмөт учурунда, ичегисинен операция боло турган бейтап жаткан палатага кирип калдым. Кайран киши туугандары алып келген мантыны сугунуп жаткан экен. Себебин сурасам, “ачка болсом, операциядан кийин кыйналып калам” деп ойлоптур.

Кебимди бизге жат бир окуя менен аяктайын. Бир бейтап операция болду, бирок анын абалын уялаш бир туугандарынан башка эч ким билген жок. Жанында жубайы гана карап жатты. Ооруканадан чыккандан кийин эсен-аман сакайып кеттим деп туугандарын, тааныш-билиштерин түлөөгө чакырып койду. Эч ким ага таарынбаса деле керек...

Эрмек Исмаилов, дарыгер

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG