Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

“Курманжан Датка” тасмасын күтөбүз


"Курманжан датка" фильминен кадр. Сүрөт режиссер Садык Шернияздын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
"Курманжан датка" фильминен кадр. Сүрөт режиссер Садык Шернияздын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Бүгүн “Курманжан Датканын” премьерасы. Демек бүгүн - 31-август. Бирок мен кинотеатрга барган жокмун. Бүгүн Түркияга учам. Ал жакка магистратурага окууга тапшырып, эми кийинки эки жылым ошол жакта өтө турган болду.

Мен жалгызмын...

Тилекке каршы, мен да эл катары абдан күткөнүмө карабастан “Курманжан Датканы” көрбөй кеттим. Эми качан көрөрүм да белгисиз. Атайын сүйлөшүп алгансып, эл социалдык тармактарда фильмди кеп салат. Бирөөлөр сындаса, дагы башкалары сындагандарды сынга алат. Кээ бир досторум “сен сынчыл элең, бир көрсөң сенин да оюңду угат элек”, - дешет.

Менин сыным жерде калсын! Кыргызстан калкынын улут болуп кайра жаралуу этабында маанилүү тепкичтердин бири болуп калган “Курманжан Датка” тасмасын көрбөй калганымдын өзү трагедия болуп жатпайбы. Анын үстүнө бир гана мен калгансып жалгызсырайм.

Бирок “убакыт баарына дабаа” деген сөз бар эле, убакыт өттү, мен да кайгымды унуттум.

Мен жалгыз эмесмин...

Ноябрдын биринчи аптасы. Кечинде Нимет аттуу түркиялык группалаш кызым менен сабактан чыгып келатабыз.

Бир кезде: “Силерде бир фильм бар го”, – деп калды.

- Кайсы фильм? “Курманжан Даткабы”?

- Ооба. Мен ошону абдан күтүп жатам. Түркчөгө которулушун күтүп жатам. Ал түрчөгө которулган эмес да, ээ?

- Жок, которулган эмес. А сен ал тасманы кайдан билесиң?

- Каныкей деген ырчы кызыңар бар эмеспи, ошонун клибинен көргөм. Каныкей да мага абдан жагат. Мен курбуларым менен “Курманжан Датканын” түркчөгө которулушун күтүп жатабыз. Баса, сен барсың го. Которо албайсыңбы?

- Жок, мен которо албайм, демек күтөбүз,- дедим жылмайып.

- Ооба, күтөбүз.

Мындай сөздөрдү угуп алып кантип сүйүнбөй коёюн? Себеби чет жерде жүргөндө Кыргызстан жана кыргыздар тууралуу ар бир айтылган жылуу сөздөр үчүн сүйүнөбүз. Андыктан эми Алай ханышасын мен жалгыз күткөн жокмун. Биз көппүз, жана биз түркчөсүн дагы күтүүдөбүз.

Шербол Жапаралиев

Анкара, Түркия

XS
SM
MD
LG