Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Сууларыбыз дартка даба


Мен Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүн албетте каалайм. Биздин Кыргызстанда аябай жакшы жерлер бар. Суу, токой, көмүр, алтын, газ ж.б. байлыктарыбыз толтура. Бирок бизде башка мамлекеттен келип алтын казышат. Анын жарымынан азын мамлекетке берип, жарымынан көбүн өздөрү алып кетишет. Көк-Жаңгакта көмүр каза турган жерлер көп. Аны эл казып, көмүр түгөнгөндө ичин толтурбай кете беришет. Ал жаратылышка аябай зыян.

Бизде завод-фабрикалар курулуп, элди ошол жерде иштетүү зарыл. Аларды өкмөткө толугу менен өткөрүү керек. Ошондо жумуш орундары болуп, жаштар өз мекенинде иштешмек. Кыргызстандагы кен байлыктарды өзүбүз иштетсек, мекенибиз да бай мамлекетке айланат. Биз айылда жашайбыз. Айылда аба таза, кооз жерлер бар. Шаарга барсаң таштандылар сасып кеткен. Ошол дагы жаратылышка зыян.

Кыргызстанда Арсланбап, Ысык-Көл, Сары-Челек жана башка кооз жерлер көп. Бул жерлерге башка мамлекеттен туристтер келет. Ошол жерлерди ондоп, жакшы шарт түзүп алсак болот. Туристтер аябай көп келсе, бул деле Кыргызстанга пайда. Биздин Кыргызстаныбыз, бейиштин жери, анткени өзүбүздүн таза суулар, жерди жарып чыккан булактарыбыз бар. Булак суусу чет мамлекеттин тазаланып чыккан суудан таза. Булактан чыккан суулар, организмге пайдалуу. Тери ооруларын айыктырат. Бул дагы Кыргызстаныбыздын байлыгы болуп эсептелет.

Башында айтып өткөндөй, көмүр шахталарын өкмөт өзү колго алып иштетиши керек. Мал чарбасын да өнүктүрүп, тери иштетүүчү цех ачса болот. Бул деле пайда алып келет. Жаштар башка мамлекетке чыкпай, өз жеринде иштешет. Мен да келечекте мектепти жакшы баалар менен аяктап, бир кесиптин ээси болуп, Кыргызстандын гүлдөп-өсүшү үчүн чоң салым кошсом деген үмүтүм бар.

Кантемир Абдусатаров, Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте 7-класста окуйм.

XS
SM
MD
LG