Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

Бишкекти булгабайлы


Интернетке чыккан видеодон бир көрүнүш
Интернетке чыккан видеодон бир көрүнүш

Кечинде жумуштан келгенден кийин ысык чайдан ичип, курсакты кампайтып алып чөнтөк телефондон интернетти "казып" отурмай адатым бар.

Бүгүн да адаттагыдай эле интернетке кирсем чемичке чагып отурган эки кыздын видеосу жайнап кетиптир. Бул видеону көрүп тиги кыздарга мен да абдан нааразы болдум. Бирок мага чейин эле интернет колдонуучулардан тойгончо сөгүү угушканын окуп, мен да өз оюмду кыскача билдирип коюуну туура көрдүм.

Интернетте хит болуп жаткан эки кыз жогорку окуу жайдын студенттери экенин да айтып чыгышты. Коомдук жайды булгап, көчө шыпыргычтар тазалайт деп бейкапар сүйлөп отурбай, кечирим сурап, ошол жерди тазалап койсо ушул абалга жетмек эмес. Бишкекте мындай көрүнүштү парктардан же көчөлөрдөн биринчи жолу көрүп жатабызбы? Мындай адамдарды шаардан күн сайын кезиктирүүгө болот.

Видеонун алдындагы пикирлерди окуй албайсың. Өтө эле жаман сөздөр менен сөгүп, жада калса ата-энесине чейин асылышыптыр. Ата-энеси окутканы үчүн күнөөлүүбү? Албетте ата-эненин балага берген тарбиясынын орду чоң. Бирок бардык ата-эне балам жаман болсун деп тарбия бербесе керек.

Кыргызстанда жакшы мыйзамдар бар, бирок көңүл жылытарлык иштебегени зээнди кейитет. Паракорчулукка чиновниктерибиз белчесинен батып, ар кимиси өз чөнтөгүнүн камын көрүп жатышат. Балким ушул себептерден да азыркы видеодогудай абалга келип жаткандырбыз деген да ой келет.

Башка өлкөлөрдү көрүп суктанасың. Европаны айтпай эле коёлу, коңшу Казакстанды эле алалы. Кыргызстан менен Казакстанды аябай салыштырып таразалай берем. Себеби Казакстандын борбору Астанада жүргөнүмө бир топ убакыт болду. Астана жаш шаар болгондуктан абдан таза. Көчөлөрү бүтүн, шаар ичиндеги эл ташыган коомдук автобустар аялдамага токтойт. Көчөлөрдө видео камера орнотулган. Жол эрежесин одоно бузган айдоочуну кезиктирбейсиң.

Бишкектегидей жашыл бак-дарактар болбосо да, асман тиреген бийик имараттар көз жоосун алат. Түнүндө дайыма жарык. Астанада чемичке чагып, коомдук жайда одоно тартип бузган адамга 15 000, 20 000 теңге айып пул салынат. Айып пулду өз убагында төлөбөсө соттойт. Мыйзам иштейт, тартип жакшы. Чылым чеккен адамдар атайын жерди издегенин көп кезиктирдим. Мыйзам иштесе, тартип күчтүү болсо, адамдар баарына үйрөнөт экен.

Ал эми Бишкекте жайында бак-дарагыбыз шаардын көркүн ачып турганы менен көчөлөрүбүз талкаланган, жолдун жээгиндеги бузулган арыктар, ичи толгон таштандылар, көрүнгөн жерлерде жарнама кагаздары чапталып, шаардын үрөйү учурат.

Шаарда көчөдөгү кичи автобустардын айдоочулары кыргызчылык менен жан сактап келет. Адам эмес, картошка жүктөп жүргөндөй айдашат. Жол чырактарыбыздын баары эскирип, жарымы иштебей калган. Түнүндө көчөдө Ак үйдүн жаны, айрым көчөлөр гана жарык болбосо көпчүлүк жер караңгы. Шаар ичиндеги коомдук дааратканаларыбыз жок. Болсо дагы начар абалда.

Айрым адамдар тазалыкты сактабай таштандыларды көчөгө таштап же машинанын терезесинен ыргытып жиберген учурларга өзүм да көп жолу күбө болдум. Ошондой адамдар менен жакшы-жаман айтышып, жаман көрүнгөн учурлар да болду.

Мен Кыргызстанды өз үйүмдөй, ал эми борборубуз Бишкекти сыйлуу конок келгенде коноктой турган үйдүн чоң бөлмөсүндөй элестетем. Айтайын дегеним Кыргызстандын кайсы бурчунда болбойлу өз үйүбүздөй таза сактап, туу тутсак. Өзгөрүүнү өзүңдөн башта дегендей, өзүбүз таза болсок, коом жана Кыргызстан да таза болот.

Темиржан Маткеримов, Астана

XS
SM
MD
LG