Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Ислам баалуулугун четке кагуунун кесепети


Франциялык "Шарли Эбдо" журналынын карикатурасына каршы акция. Ош. 24-январь, 2015.
Франциялык "Шарли Эбдо" журналынын карикатурасына каршы акция. Ош. 24-январь, 2015.

Бүткүл дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурган Франциядагы кайгылуу окуя журналисттердин адепсиздиги, Батыштын саясий оюну жана ислам терисин жамынган "террористтердин" же болбосо дин түшүнүгү тайкы "сабатсыздардын" кылган иши катары баалануусу коомчулуктун маселенин чыныгы төркүнүн түшүнүүсүнө тоскоолдук жаратууда.

Адамзаттын бүгүнкү күндөгү абалын көрсөтүп турган көптөгөн маселелердин негизин Италияда башталып, ошол эле Францияда улантылган ренессанс доорунан издөө керек.

Ренессанс христиан дин адамдарынын динге жамынып, эркин ой жүгүртүүнү басмырлап, диндик догмаларды таңуулоосуна каршы реакция катары илим, философия, искусство жана башка тармактарда жаңылануунун башталышы эле. Европа, христиан философиясынын орто кылымдагы негизги өзгөчөлөгү болгон схоластикалык философияны да четке каккан дин адамдарынын өкүмзордугунан, динчилдердин кулуна айланган адамзатты куткаруу жана ага татыктуу жашоо берүүнү, өзүнүн бул дүйнөдөгү тиешелүү ордун табууну көздөгөн.

Европанын алдында (а) классикалык грек философиясы жана (б) бул көз караштардын мусулмандардын (исламдык принциптерге ылайыкталган) арабча котормолору (эклектикалык мүнөзгө ээ болбогон ислам философиясы) жана алардын түшүндүрмөлөрү (интерпретациялары) бар болчу. Албетте алар биринчисин түздөн түз алууну туура тапты.

Мусулмандардан илим жана маданияттык элементтерди кеңири пайдалангандыгына карабастан, бул илимди жана маданиятты колдонуучу адамды таанып-билүүдө ислам баалуулуктарына таянуудан алыс болушту. Нормалдуу көрүнүш эле. Анткени алардын бул иш- аракетинин негизинде X кылымдан баштап, христиан жортуулдарында динди жамынып, коомчулукту согушка (мусулмандар менен) үндөгөн (рим папалары) жана (Франциядагы мамлекеттик, диний, саясий мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга аракет кылган Клуни сектасы сыяктуу) дин адамдарына жана өздөрүнүн аймактарына кирип келген мусулмандарга болгон жек көрүү бар эле.

Жогорудагы себептер, акырындык менен Батышка андан кийин дүйнөнүн бардык аймактарына өзүнүн көз карашын таңуулаган (батыштык) идеологиянын негизги башталгычы болуп эсептелет. Акыреттин баалуулугу жана ал баалуулуктарга ылайык болуу үчүн (бейишке чыгуу сыяктуу) үмүт саткан христиан дин агымдарынан айырмаланып, ренессанс адамды алдыга чыгарды.

Батыштын жаңылыштыгы

Адам үчүн башка дүйнө эмес ушул дүйнө маанилүү экендигин жана бардык нерсе адамдын эркин ой жүгүртүүсүнүн негизинде түшүндүрүлүшү керек экендигин жактаган гуманизм өзүн динден жана диний түшүнүктөн алыстаткан сайын, өзүнүн оригиналдуулугун жана баалуулугун даңазалап отурду. Өзүнүн максатын эркин коё билген жана максатка жетүү үчүн ар түрдүү ыкмаларды колдоно билген адам түшүнүгү акырындык менен прагматикалык маанайда түптөлүп отурду. Адам эркин болушу керек эле. Эркин болгон сайын дин адамдарына каршы өзүнүн баалуулугун далилдей алмак. Ушул адамдын эркиндигинин негизинде түзүлгөн баалуулук идеологиясы адам укугу түшүнүгүнүн негизин түздү. Укук адамдын каалоосунун негизинде түзүлдү. Адам (же болбосо көпчүлүк) туура көргөн нерсени эч бир күч, эч бир баалуулук чектей алмак эмес. Бир гана башкалардын эркиндиги же акысы чектей алмак. Мындайча айтканда, "сенин укугуң башталган жерде менин укугум аяктайт. Сага (түздөн түз) зыян кылбаган бардык нерсе менин эркин каалоом, тандоом жана укугум" эле.

Дин адамдарына каршы реакция катары түптөлгөн бул идеология ренессанс башталган мезгилде, ислам баалуулуктары менен таанышкан болсо балким мындай абалга кептелмек эмес. "Менин укугумду" тепселебеген ченде дагы (ренессанстан мурда жашаган) аалым Газзали тарабынан системалаштырылган жан, акыл, ишеним, адам тукуму, байлык сыяктуу исламдын негизги беш ыйыктыгын коргоону шарт кылуу менен укуктун аныктамасы түзүлгөндө, ренессанс күн өткөн сайын адамдын эркиндигин даңазалоо менен бирге адамдын баркын, ыйыктыгын, рухий маанилүүлүгүн четке кагуу парадоксуна дуушар болмок эмес. Адамдын жанына кооптонуу туудурган, адамдын акыл-эсине зыян алып келе турган жана ошондой эле адам тукумунун көбөйүүсүнө терс таасирин тийгизген, адамга кызмат кылган байлыктарга зыян алып келе турган эркиндиктин кесепети кандай болорун ислам дини абалтадан айтып кеткен. Батыш бул кемчиликтердин көпчүлүгүн тарыхый тажрыйбасы менен оңдоп-түзөө аракетинде. Бирок дагы көптөгөн маселелер кайрадан карап чыгууга муктаж экендигин акыркы окуялар айгинелейт.

Мусулмандар ислам баалуулуктарын түшүнбөдү...

Биз исламдагы баалуулуктарга учкай токтолдук. Батышка ислам маданияты үлгү боло албады. Үлгү болуучу тарых барактары болгону менен ар кандай себептердин негизинде өнүгүү менен улантылган жок. Башкача айтканда, ислам дүйнөсү ислам баалуулуктарын туура түшүнүп жана жашоосунда колдонуп, адамзатка үлгү боло алган жок. Бул мусулмандардын күнөөсү. Ал тургай ренессансты керектүү кылган жагдай мусулман дүйнөсүндө да көптөн бери жаралып келе жаткандыгын моюнга алуу керек. Ислам акылды ыйык санаганына карабастан акылды колдонууга каршы чыккан, жогорудагы баалуулуктарды эске алуу менен эркин ой жүгүртүүгө күмөн саноо менен мамиле кылган, наркы дүйнө түшүнүгүн бул дүйнөнү маанисиз абалга таштоо менен түшүндүргөн, өзүнүкүн гана туура деп башка көз караштарды жокко чыгарганга аракет кылган, исламдын өзөгүн, рухун түшүнүүнүн ордуна формалдык ритуалдар менен гана алек болгон.

Ислам дининин бүткүл адамзатына жөнөтүлгөндүгүн аңдап, ошого жараша дүйнөлүк деңгээлде адамзатына болгон жоопкерчилик менен мамиле кылуунун ордуна аймактарга, мазхабдарга бөлүнгөн саясий жана диний "салафиттердин" активдешүүсү ренессанстын алгачкы этабын элестетет. Албетте мусулман дүйнөсү мындай абалга бүгүн гана келген жок. Ислам дүйнөсүнүн бул абалга келүүсү бир канча кылымды камтыйт.

Бул процессти атайын жасагандар же болбосо бул процессти колдогондор маданият согушунда эч качан оңдуу жыйынтык ала албастыгын тарыхтагы көптөгөн окуялар сыяктуу акыркы oкуялар да далилдеп турат.

Адамдын (моралдык, руханий шарттар эске алынбаган) эркиндиги Батышты кайра кайткыс проблемага кептөөдө. Ренессанстын улантуучусу жана азыркы дүйнө системасынын түзүүчүсү катары Батыш бардык маселелерге жооптуу. Анткени Батыш маданияты адамзатына бактылуу, адилеттүү жашоо сунуштай албады. Ислам маданиятын жокко чыгарып же болбосо мусулмандын дин түшүнүгүн (бир гана мечиттерде намаз кылып, ажыга баруу менен) чектеп, ислам түшүнүгүн Батышка ыңгайлаштыруу аракети баарынан мурда өзүнө зыян алып келет. Адамзаттын бактылуу болуусу үчүн Батыш ислам дүйнөсүн жана ошондой эле ислам маданиятын таанып, өнүгүүсүнө көмөктөшүү аркылуу гана жалпы адамзатына адилеттүү жана бактылуу жашоо-шартын түзө алат. Ал эми мусулман коомчулугу дүйнө коомчулугунун "ээрчиген, кошумча" бир бөлүгү болуу менен чектелбестен, дүйнөлүк коомчулуктун бакубат жашоосу үчүн абадай керек болгон ислам баалуулуктарын туура аңдап, өнүгүүгө карай жол алып, адамзатынын бактылуулугуна болгон милдетин аткарууну колго алуусу керек.

Самаган Мырзаибраимов, теолог

P.S Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
XS
SM
MD
LG