Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:21

Селкинчек жасаган аталар кайда?


Өткөн жумада тайэжемдин баласы ат арытып, жол карытып Кара-Кулжадан бала-чакасы менен Бишкекке келип калды. Мен да учурашып коёюн деп эжемдин үйүнө бардым.

Бөлө агамдын үй-бүлөсү менен ал-акыбал сурашып, өткөн-кеткенди божурашып эле калдык. Аңгыча агамдын тоодо ээн-эркин өскөн кыздары көп кабат үйдө зеригип кетиштиби, айтор эшикке чыгабыз деп туруп алышты. Мен аларды колдон жетелеп, сыртка жөнөдүк.

Сиңдилерим капастан чыккан кушка окшоп, кубанычтары койнуна батпай кубалашып, секирип, бирде урушуп, бирде жарашып ойноп жатышты. Мен алардын урушкандарына, сүйлөгөн сөздөрүнө күлкүм келсе да, оюндарын бузбайын деп сырттан гана байкоо салып турдум.

Алардан обочороок жерде ойноп жаткан эки кичинекей кызга да көзүм түштү. Байкасам темир түркүктөргө ары-бери арта салынган, чие байланган ичке каучук жипти селкинчек кылып тээп жатышыптыр. Аңгыча бирөө жерге жыгылып түштү. Дароо эле жетип бардым. “Ким силерге ушинтип чалагайым жасап берди?” деп, кетиркей кыздар менен сүйлөшүп баштадым. Экөө тең бир ооздон “өзүбүз эле жасап алдык” дешти. Биринин аты Айзат, экинчисинин аты Аделия экен.

Жыгылып, денеси ооруганына карабай Аделия дагы деле өзү жасаган селкинчегин тепкиси келип жатты.

- Мындай селкинчектен эми жыгылсаң, бир жериң катуу ооруйт, жоон аркан жиптен бышык кылып, апаңа жасатып, анан теп, - деп, ага акыл үйрөттүм.
- Апам селкинчек жасай албайт да, өзүмдүкүн эле тебейин, - деп Аделия көшөрөт.
- Анда атаңа айт.
- Атам үйдө жок да, ал Москвада.
- Анда Айзаттын атасы жасап берет.
- Анын атасы да Москвада.

Ушуну укканы Аделияга эмне дээримди билбей ойлоно түштүм, бир саамдан кийин “апаңар деле жасай алат” десем, экөө тең “жок, апаларыбыз бекем кылып селкинчек жасай албайт” деп, биринен бири өтүп бежирейт. Чындап эле апалары селкинчек жасай албасачы? Ичке каучук жипти экөө эки жагынан күүлөнтүп, тепкенге батынбай ойноп жатышты.

Мен болсо Аделия менен Айзаттын аталарына окшоп Москвада иштеген, Ош-Бишкек жолунда бир аз кызып алып, жолоочуларга арманын айткан атанын сөзүн эстедим: “Жыргаганыман Орусияда жүрөмбү? Бала-чакамды багайын, Кыргызстандан үй алып алайын деп, ден соолугума карабай иштеп жүрөм. Эки жыл мурун да келген элем, паспортумду оңдотуп алып, кайра дагы кетем. Бир кыз, бир уулум бар. Эжем менен менин балдарымды ата-энем карайт. Балдарым кичиней кезинде эле жубайым экөөбүз кеткенбиз. Алардын сүрөттөрүн телефондон көрүп турат элек. Өткөн жолу келгенимде алдымдан үч жаштагы эки кыз эле томпоңдоп чуркап келатат. Эжемдин кызы менен менин кызым экөө жашташ болгондуктан, кайсынысы менин кызым деп тааныбай, аябай жаман болдум. Өз балаңды өзүң тааный албасаң, ичиң жаман ачышат экен” деп же ызасынанбы, айтор, үнү каргылданып, ыйлап ийе жаздаган эле.

Эми бул Айзат менен Аделиянын аталары да келгенде тааныбай калбаса экен?

Экөөнө бекем кылып селкинчек жасап берсе экен деп, сиңдилеримди ээрчитип үйгө кирип бараттым.

Экөө болсо селкинчек тээп ойногусу келип, бирок үзүлүп кетеби деп батына албай, бирдемени кобурап жатышты...


Нуржан Жумабек кызы
XS
SM
MD
LG