Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

Рахмат сага, Facebook!


Самат жана Жанар - болочок футболчулар
Самат жана Жанар - болочок футболчулар

8-класстын окуучусу Самат токко урунуп, эки колунан ажыраганына эки жылдай болуп калды.

“Дарыгерлер эки колун кесип салгандан кийин өзүнөн өзү чүнчүп, намыс кылып үйдөн чыкпай койчу болду” дейт апасы Курманбүбү эже. Абалын сурап койолу деп келген туугандары менен учурашуудан да заарканып калган экен. Колунан намыс кылып, “колум жок болсо, алар менен кантип учурашам” деп кейичү.

Бир күнү Самат сыртка чыга калса эшиктин алдында ойноп жүргөн тестиер кыз “Самат байке, сиздин колуңуз кана? Мына менин колум, а сиздин колуңуз жок го” деп байкесинин колун издептир.

Кеңседе отурсам Саматтын жакындары келиптир. “Азаттык+” депутаттарга, президентке чейин түз киресиңер, Саматка жасалма кол салдырууга каражат керек” деп. Балким жасалма кол салынып калса, жанагы “колуңуз кана” деп эркелеген чунак кыз да унчукпай, Саматтын жүрөгүн оорутпай калат беле...

Саматтын жашоосун, ал буту менен сүрөт тартып, буту менен телефон колдонуп, сыналгыны жандырып, айтор буттун жардамы менен жашап жатканын сайтыбызга жарыяладык, Facebook сайтындагы баракчабызга койдук.

Курманбүбү эже аткаминерлерден жардам күттү эле, андай болбоду. Мен деле ошону күткөм.

Бирок бешене тери менен тапкан тыйынын тең бөлүшкөн чет өлкөдөгү мекендештерибиз Саматка кол сунушту.

АКШда иштеген “Азаттыктын” такай окурманы Махабат Абибилла Саматка 1 миң доллар жиберип, компьютер сатып берди.

Жакында Берлинге барсам, ал жактагы кыргыздар да каражат топтоп коюшуптур. Ал акчага Курманбүбу апа Саматка арнап жер үлүшүн сатып алаарын айтты.

"Менде баары жакшы болот"
Аманатты жеткиргенче Самат менен, анын үй-бүлөсү менен баарлашып келдим. Карапайым бүлөнүн кубанычында чек жок! “Силер, жаштар, баламдын жашоосун өзгөрттүңөр” дейт апасы.

Азыр мурдагы Самат жок, Махабат айым сатып берген компьютерден англис тилин үйрөнүп жатат, келечекте котормочу же актоочу болсом деп максат койду.

Самат азыр кайраттуу жигитке айланды. Facebook аркылуу жазылган каттар анын жашоосун өзгөрттү! Рахмат силерге, кайрымдуу мекендештер, рахмат сага, Facebook!

Рахмат сага, Facebook!
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG