Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Арыбас мээнет, билим аркылуу бакыбат дөөлөткө умтулалы


Шаңга толуп, бүт айлана салтанат,
Гүлгө оронуп, кооз көрүнөт ар тарап.
Суусу даамдуу, топурагы нан жыттуу,
Ата Мекен туулган жерден башталат.

Бул ыр саптарында маани-маңыз жатат. Албетте, Кыргызстандын кооздугун, кереметин Чыңгыз Айтматов чыгармалары аркылуу дүйнөгө алып чыккан. Улуу жазуучунун ар бир чыгармасында Кыргызстан, анан анын адамдары турат.

Ал эми Алыкул Осмонов "Ата-Журт" деген ырында мындай саптарды жазган:

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу...Бороон улуп, кар уруп.
Суугуңду өз мойнума алайын
Жол карайын, токтой турчу Ата-Журт!

Бул ыр саптарында ак мөңгүлүү Ала-Тоо, ажайып Ысык-Көл, Арстанбап жаңгак токою, Соң-Көл, чөккөн нардай Сулайман-Тоо, Суусамыр, Ак-Сай жайлоолорунун деми уруп турат. Кыргызстандын керемет жерлери кыргыздын кеңпейил, меймандос эл экенинен кабар берет

Бурана мунарасы караханийлер доорунда курулуп, кылымдарды кечкен мунара. Биз билгендей эле Манас атабыздын жети осуяты бар, анын бири - табият менен таттуу мамиледе болуу. Адам баласы жашоосунда бир бак тигип, аны өстүрүүсү пенделик парзы. Элибизде "жакшыдан бак калат, эртең кыямат кайым болсо да, бүгүн бир бутак сайып кой", деген накыл сөз айтылып калган. Ар бир адамдын көгөрткөн багы - жашоого кошкон салымы.

Бизде эки миңге жакын көлдөр бар, булактар, дары суулар, өзөндөр, дарыялар жерибиздин кан тамыры. Нарын дарыясы, кыргыз бермети Ысык-Көл жерибиздин сыймыгы. Дүйнөгө белгилүү акыныбыз Алыкул Осмонов бекеринен мындай саптарды жаратыптырбы:

Көргүм келет, көргүм келет миң ирет,
Айткым келет, айткым келет, сүйөм деп
Элесимде көл жатпаса шарпылдап,
Ырларымда анда кандай касиет.

Бизде Ысык-Ата, Жети-Өгүз, Жыргалаң, Жалал-Абад курорттору, дары суулар адамдын ден-соолугуна чоң таасир тийгизет. Бул дары суулар жаратылыштын бизге берген белеги, ыйык нерсеси жана касиети. Ата-бабаларыбыздан келе жаткан "Суу кордогон кор болор, суу сыйлаган зор болор" деген насыят ар бир адам сууну коргоого тийиш дегенди билдирет. "Жеримдин суусу дары, таштары алтын " деген сөз бекеринен айтылган эмес.

Кыргызстан аймагы ар кандай дары чөптөргө да бай. Булар да элибиздин баа жеткис байлыгы. Бизде көкөмерен, уу коргошун, чалкан, бака жалбырак, арча, кайыңдын суусу, ит мурун, чекенди, кызгалдак, чычырканак жана башка ушул сыяктуу дары чөптөр көп. "Өсүмдүктөр өмүргө дары" дейт элибиз.

Биз кыргыз болгонубуздан кийин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы, улуттар аралык ынтымагыбыз, достугубуз болсун, арыбас мээнет, билим аркылуу бакыбат дөөлөткө умтулалы, улуттар аралык ар-намысыбыз жана атуулдук ариетибиз болсун, гумандуу, айкөл, кечиримдүү бололу. Кыргыз мамлекетин чыңдап, көзүбүздүн карегиндей сактап, табият менен таттуу мамиледе бололу.

Субанбек уулу Санжар

XS
SM
MD
LG