Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Балдарын ата-энелер өздөрү багышса


Мен деле Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүп кетишин каалайм. Ал үчүн мамлекетибизде завод-фабрикалар менен ишканаларды көбөйтсөк. Айыл чарбасында түрдүү жер-жемиштерди, дан-азыктарын арбын камдашыбыз керек. Бак-дарактарды, токойлорду кыйууга жол бербестен, кайра аны өстүрүүнү билсек.

Фермерлерге мал чарбасын өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берүү керек. Анын ичинде ири мүйүздүү бодо малдарды, уяң жүндүү кой-эчкилерди, жылкыларды жана канаттуулар фабрикасын өнүктүрүү зарыл.

Жогоруда мен айтып кеткендердин баары ишке аша турган болсо азыркыдай биздин жарандарыбыз ар кайсы чет мамлекеттерге жумуш издеп кетишпейт эле. Өзүбүздүн мамлекетибизде толук жумуш менен камсыз болсо өз балдарын чоң-ата чоң-энелери, тайене-таяталары же кайсы бир туугандары багып калышмак эмес. Четке кеткен мигранттар балдарын бул жерге таштап кетишпейт болчу. Ар бир наристе, өспүрүм өз ата-энесинин койнунда бактылуу балалыктын доорун сүрүшмөк.

Мен Кыргызстандын жараны болуп жана ушул жерде туулуп өскөнүмө сыймыктанам, өзүмдү бактылуумун деп эсептеймин. Анткени биздин мамлекетке чет өлкөлүктөр көп суктанышат. Биздин жерибиз туш тарабынан мелтиреген аска-зоолор менен курчалган, абасы, суусу таза.

Биздин мамлекет өркүндөп өсүп кетиши үчүн биз наркомания, терроризм менен тынымсыз күрөшүбүз керек, бул ар бир атуулдун милдети деп ойлоймун .

Алакандай болгон мекенибиздин экологиясын сактай билсек жана ошондой эле ар бир жаран бири-бирине кайдыгер карашпаса, алдуулар алсыздарга жардам берсе, мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга кайрымдуулук көп болсо жакшы болмок.

Бизнесмендерибиз өтө өзүмчүл болушпаса, өз капчыгын ойлой бербей мектептерге, бала-бакчаларга, жетим балдар үйүнө жана карыялар үйлөрүнө демөөрчү болуп турушса өнүгүп кетет белек.

Бийликтегилер да байлыкка, мансапка көп умтулбастан, мамлекетибиздин эли-журтун өнүктүрүп, өсүп кетүүсүн терең ойлошсо дейм.

Кыргызстанда таштанды терген балдар аз болсо, ар бир эне өз баласынын кийинки тагдырын жакшылап ойлосо. "Балалуу үй базар, баласыз үй мазар" дегендей, балдар үйү чектүү болмок .

Ал эми балдар болсо өз ата-энесин карыялар үйлөрүнө таштабаса. "Карысы бардын - ырысы бар" болмок. Биздин келечегибиз мына ушул айтылгандар аткарыла турган болсо жакшы болмок, мамлекетибиз эң мыкты болмок .

Мен азыркы заманда жашап жатканыма аябай сыймыктанамын. Мындан канчалаган кылымдар бою биздин ата-бабаларыбыз жакырчылыкта жашап жана күнүмдүк оокатын эптеп таап жешкен. Аларга аябай кыйын болгон. Себеби дайыма уруш болуп, өз жерин коргоп турган. Биз буга аябай сыймыктанышыбыз керек. Алардын салымы чоң, бизди ушул заманга келтирген ошол ата-бабаларыбыз. Мен аларга алкыш айтам жана миң мертебе таазим кылам . Эгерде ата-бабаларыбыз жок болгондо кыргыз эли да жок болуп кетмек.

Азыр деле кыйынчылык болуп жаткан мамлекеттер бар. Көбүнчө түштүк чөлкөмдөрдө. Аларга не себептен кыйынчылык болот? Алар көбүнчө таза суудан, тамак-аштан кыйналышат. Көбүнчө суу тартыштан азап чегишет. Алар сууну кор кылышпайт . А бизде болсо таза суу көп болсо да кор кылабыз. Биз башка мамлекеттерден суубуз, абабыз менен сыймыктанышыбыз керек. Биз ошон үчүн бардык нерсени этият пайдаланышыбыз керек. Ошондо кыргыз жери өнүгөт. Мен ишенем, Кыргызстан да өнүгөт.

Байгазы Жээнбаев

XS
SM
MD
LG