Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Энелердин кадырына жетеличи


Дүйнөдөгү эң мээримдүү, эң камкор жана эң боорукер адам бул – эне. Баласынын жаны кыйналып, көңүлү чөгүп турганда энелик мээримин төгүп, бооруна имерген да Эне. Ошондуктан башыбызга жамандык келгенде гана эмес, ар дайым энелерди эстеп, кадырына жетеличи.

Энелер

Эне деген эң кымбаттуу асыл зат,
Эч бир адам энеге тең келе албайт.
Ааламды бүт кезип кыдырсаң да,
Өз энеңдей сага жакын табылбайт.

Ошондуктан сыйлай бил өз энеңди
Энекең сен үчүн баарын кылат
“Эне” деген ыйык сөздү укканда,
Сага деген мээримин эч аябайт.

Энелер эркелетет тирегим деп,
Урматтап, сыймыктанчу көлөкөм деп.
Үмүт үзбөй келечектен алдыдагы
Жашоодогу жол көрсөтчү чырагым деп
Ошондуктан актайлычы ишеничти.

Фарида Сейталиева
Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенти
XS
SM
MD
LG