Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Келсин!


Ушул жылдын 2-3-августунда Мамлекеттик резиденцияда экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен “Мекендештердин” форуму өтүп, ага дүйнөнүн төрт бурчунда жашап, окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар катышты. Айрым жаштардын чет жерлерде жүрүп өтө чоң ийгиликке жеткендиги таң калдырып, “Кудай ушуну кут кылсын!” дедиртип кубандырып олтурду.

Ыр окуп беришим керек эле, ыр окурдан мурда минтип сүйлөдүм. Окурмандарыма түшүнүктүү болуш үчүн, ошондогу сүйлөп жатканымда эсимден чыгып кеткен, бирок айтайын деп ичимден камдап алган ойлорумду да кошо кетейин.

Жыйырма жыл мурун баарыбыз океандын үстү менен бир кемеде сүзүп келаткан элек. Күтпөгөн жерден кемебиз кыйрады. Ар кимибиз эптеп тирүү калуунун аргасын издеп ар кайда кеттик. Бир заматта кайда кеткенибизди да, өлүү-тирүүбүздү да билбей калдык. Мамлекет айоосуз таланып-тонолуп жатты. Аренага акылын акча тепсегендер чыкты. Академиялык билими бар музыканттар, бала окуткан мугалимдер сагыз сатып калды. Ыйман ыдырады. Ынтымак кетти. Адамдарды ач көздүк, дүнүйөкордук деген оору каптады. Эки президент тең элдин эмес, өз үй-бүлөсүнүн жеке байлыгын көздөп өлкөнү талап-тоноп турду. Эгемендик жаңы келгендеги 40 жаштагы баралына толуп турган музыкант жан багуунун айынан кларнетин таштап, базарда чүпүрөк сатып жүрүп 60ка, андан кийин 1000 сом менен пенсияга чыкты.

* * *
Бийликке нааразы болгон эл революция жасады. Биринчи президент үй-бүлөсү менен Орусияга качты.

Заман оңолгон жок. Баягыдан да жаман болду.

Бийликке нааразы болгон эл экинчи революцияны жасады. Экинчи президент үй-бүлөсү менен Беларуска качты.

Эл жакырлангандан жакырланды. Айыл-кыштактарда жалаң эстеликтей болгон кары-картаңдар менен чиедей жаш балдар гана калды.

Эркек деген качан болсо чачат экен. Аял деген жыйнайт экен. Эркек деген бузат экен. Аял деген курайт экен. Эркек деген үзөт экен. Аял деген улайт экен...

Акыры чачылганды жыйнай турган кез келди. Чачылганды эл тарабынан үчүнчү президент болуп шайланган Роза Исаковна Отунбаева жыйнады. Бузулганды Роза Исаковна Отунбаева курады. Үзүлгөндү Роза Исаковна Отунбаева улады.

Элестеткилечи, биз ошондо кандай абалда элек. Ала-Тоо аянтында төгүлгөн 90 баланын каны кургай элек эле. Каргашалуу Ош окуясынын жараты айыга элек эле. Мамлекет жүрүп келаткан багытынан ажырап, чачылып кеткен вагондорго окшоп, ар кай жерде жаткан. Ошондо өлкөнүн тетиктерин аял башы менен Роза Исаковна өзү чогултуп, өзү жыйнап келип, кайрадан рельске койду. Анан:

–Кагылайын эл. Мен силерге ыраазымын! Мага силер ыраазы болгула! Эми мына ушул эптеп кураган Кыргызстаныбызды мындан ары бүлүндүрбөй, төгүп албай, чачып албай, талап-тонобой, түз жол менен алып кете көргүлө!,–деп кийинки президентке өткөрүп кете берди.
* * *
ХIII кылымда дүйнөнү титиреткен Чыңгызхандын тушунда Бука деген акын бабабыз жашаган. Бир күнү Чыңгызхандын уулу мергенчиликке чыгып жолборс чалып каза болот. Хандын каарынан корккон жан-жөкөрлөрү уулунун өлүмүн угуза албай: “ким угузат, баласынын өлүмүн угузсак башыбыз кетет, бир угузса кандан-бектен жалтанбаган Бука акын угузат” деп Бука акынды алдыртышат. Ал анан комуздун коштоосунда хандын баласы кантип кырсыктуу өлүмгө туш болгонун айтып ырдайт. Угуп бүтөрү менен кандын ыза-муңу бетине тээп чыгат. Көзү канталап, колу кында жаткан кылычына жакындайт. Ошондо хандын жан-жагынан, туш-тушунан:

–Кет! Кет! Кет!–деген үндөр чыга баштайт. Анан ал улам күчөп олтуруп:
–Кетсин! Кет, Бука кетсин! Кетсин!–деген үндөргө алмашат. Ошентип эркиндикти сүйгөн кыргыз ХIII кылымда эле жакпаган кишилерин “КЕТСИН!” деп келген. Ошондон тартып акын Буканын аты КЕТ БУКА болуп аталып калган. Чыңгызхан өзү да:
–Кет, кет, кет Бука,
Кейпи жаман ит Бука!-деген.

“Кетсин!” деген сөз бүгүн эл аралык терминге айланды. “Кетсин!” деген сөздүн маани-маңызын дүйнө эли бүгүн эч кандай котормосу жок эле эң сонун түшүнөт.

* * *
Эми жыйырма жыл мурун кемебиз кыйрап, жыйырма жыл мурун деңиздин түбүнө чөккөндөй Жер шарынын ар кайсы булуң-бурчуна берметтей чачылып жок болгон мекендештерибизди бүгүн Роза Исаковна Отунбаева кайрадан бирден терип жыйнап, бир максатка – КЫРГЫЗСТАНды оңдоп, түзөп, өнүккөн өлкөлөргө теңесек, башка элдердин өлкөсүндөй өлкө кылсак деген аруу тилек, асыл максатка чогултуп отурат.

Бир кездеги сагыз сатып отурган мугалимдин балдары силер бүгүн АКШнын, Кытайдын, Германиянын, Англиянын, Франциянын, Жапониянын, Канаданын, Малайзиянын жана мен атын атабай кеткен башка ондогон өлкөлөрдүн мен деген мыкты жерлеринде ийгиликтүү иштеп жатасыңар. Силерде бүгүн баары бар, айрыкча билим, таза-акыл эс бар. Силер өзгөчө сүйгөн Ата-Мекениңер болгон Кыргызстаныңар бар.

Бир кездеги чүпүрөк сатып отурган музыканттын баласы бүгүн дүйнөнүн мен деген концерттик залдарында Бахтын, Моцарттын, Шопендин жана башкалардын чыгармаларын ойноп, миңдеген адамдардын жан дүйнөсүн, акыл-эсин тазартып жатат.

Келгиле жаштар! Келгиле, кыргызстандык мекендештер! Келечегибизге жакшылык каалагандардын баары РОЗА ИСАКОВНА ОТУНБАЕВАнын демилгесин колдойлу! Акыл-эсибизди, билимибизди, акчабызды, өмүрүбүздү Ала-Тоонун бермети болгон алакандай Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өнүгүшү үчүн жумшайлы!

Чет өлкөлөрдө жүргөн силерди бүгүн киндик каныңар тамган Ата Мекениңерге ушул кымбат жана асыл демилге алып келди. Эми мындан ары “КЕТСИН” деген биротоло кетсин, келсин деген биротоло КЕЛСИН! Силер менен Кыргыз жергесине ЫРЫС-КЕШИК КЕЛСИН! БАКТЫ-ТААЛАЙ КЕЛСИН! ЖАКШЫЛЫК КЕЛСИН! ТЫНЧТЫК КЕЛСИН!

КЕЛСИН! КЕЛСИН! КЕЛСИН!


Мен эми мындан 15 жыл мурун жазган “Кет Буканын ыры” деген ырымды окуп берейин.

Көгүш тоону кыян жууп,
Көрк бузулат сак болгун.
Көсөмдөрүң элди алдап,
Көч бузулат сак болгун.
Көзүн сатып ар кимге,
Көп бузулат сак болгун.
Өзөгүңө өрт таштап,
Өз бузулат сак болгун.
Сөөлөтүнөн ажырап,
Сөз бузулат сак болгун.

Салкын тоону кыян жууп,
Салт бузулат сак болгун.
Намыс түгөп, ар түгөп,
Нарк бузулат сак болгун.
Адам алдап Кудайды,
Алк бузулат сак болгун.
Намыс түгөп, ар түгөп,
Нарк бузулат сак болгун.
Кара тили калп минип,
Карт бузулат сак болгун.
Калыс сөзүн айталбай,
Калк бузулат сак болгун.

Кызыл тоону кыян жууп,
Кырман качат сак болгун.
Кыз-уланың дүйнө кууп,
Кырдан качат сак болгун.
Ынтымагың ыдырап,
Ыйман качат сак болгун.
Кырды-түздү жат элге
Кыйган качат сак болгун.
Кылгылыкты кыргызга
Кылган качат сак болгун.

Тулпар тоону кыян жууп,
Тул болосуң сак болгун.
Кудайы жок жандарга
Кун болосуң сак болгун.
Кубат-күчүң соодалап,
Пул болосуң сак болгун.
Куру сайды кучактап,
Кум болосуң сак болгун.
Кудуреттүү элдерге
Кул болосуң сак болгун!..
XS
SM
MD
LG