Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Кайран гана ак калпагым...


Март, 2013
Март, 2013

5-мартты “Калпак күнү” деп майрам катары белгилей баштаганыбызга 4-5 жыл болуп калды окшойт. Бул жакшы саамалык - ак калпакка бир күн да болсо сый көрсөтүп коебуз. Бардык эркек аттуулар жумуштабы, окуу жайдабы, мектептеби, айтор, 5-мартта калпак кийип келебиз деп убадалашып калдык. Эски сандыкты аңтарып тойдон түшкөн калпактын мыктысын тандап, дайындап коебуз. Анан таң эрте кыйшайта кийип сабакка жөнөйбүз.

Бүгүн калпагы жок эле жумушка шашып бара жаткам. Алдыман бир таанышым чыгып калды. Көптөн бери көрүшө элек болгондуктанбы, же тигинин башындагы каламадай кытай калпагынанбы, тааныбай барып араң учураштым.

- Ой, эмне калпагың жок? Патриот эмесиңби? – деп адыраңдады алик албай жатып. Жанында досу бар экен. Анысы сериалдан көргөн корей жигиттерине окшошкусу келсе керек. "Олоң" чачы ийинине жетейин деп турат. Калпактан чач сыртка чыгып турса жаман эле көрүнөт экен.

Экөөнүн жанында тургум келбей “Ата-бабам аздектеген баш кийимге азырынча менин башым татыктуу эмес. Ак калпак чекчейип туруш үчүн башта бирдеме болсун да” – деп какшык узатып басып кеттим.

Көчөдө болсо кайда караба калпакчандар. Майрам десе ашынып кеткен жайыбыз бар эмеспи, балдар түгүл айрым “патриот” кыздар да кийип алыптыр. Эркектин кийиминен талашпаган ушул калпак эле калды эле.

Базарларда да бул күнү кытайдын калпактарынын "багы ачылып", жамгырдан кийинки козу карындай эле жайнады.

Аларды деле өзүнө арнап сатып алгандар чанда эмеспи. Болгону жакшылыктарда көңүл алчу “жүгүртмө белек” катары алышат. Айрыкча күзүндө кытай калпактары аш-тойлордо эстафета буюмуна айланат. Бирөө бирөөнө, ал башкасына берет дегендей. Андай жүгүртмө калпак чучук жеген колдон да, алагүү мастын да колунан өтөт. Ошентип жүрүп кирдейт. Кайран кийилбей кирдеген баш кийим деп эрдиңди тиштейсиң.

Кирдеп, пайдага жарабай калганды эмне кылабыз? Анын кийинки өмүрү мончодо өтөт. Бууга киргенде башка кийип, чыккандан кийин үстүнө отуруп алышат.

Кайран кор болгон АК КАЛПАК, сенин баркыңды билип, анан майрамдасак…

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG