Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Омдун закону көкөйгө тийген


2-курс. 3 - семестр. Кышкы сесcия башталды. Эң биринчи эле студенттердин жүрөгүн титиреген физика илимдеринин профессору Үсөнкановдун экзамени экен. Эртең сынак. Курбум башка университетте физфакта окугандыктан аз да болсо жардамы тиер деп анын жатаканасына жөнөп калдым.

Дээрлик жатакананын баары сессияга даярданып, уйку жок. Бара салып эле окуп даярданмай жок да. Өткөн кеткенди сурашып, божурашып, тамак жеп жатып саат 11 болуп кетти. Жатакананын мыйзамы боюнча саат 12ден кийин бөлмөлөргө жарык берилбейт экен. Бир эсе келгениме жиним келе көпчүлүккө кошулуп, коридордун жарыгына окуу үчүн чыктым. Коридорду бойлой кыдырата тизилип бутубузга отуруп алып окуп жатабыз. Колубузда китеп, дептер, калемсап ж.б.

Түнкү саат 1ге чамалады. Анда-санда бирөөсү улутунуп, бирөөсү үшкүрүп койгону болбосо тынчтык өкүм сүрүп турат. Бир маалда ушунчалык тажатты бейм же окуп, жаттай берип мээси чарчадыбы, балким жазып жаткан шпаргалкасы аягына чыкпай койдубу арабыздан бир кыз колундагы китеп-дептерин ыргытып, күйүп-бышып “ушул Ом туулбай эле өлсөчү" - деп полго жатып калса болобу...

Араң турган жаныбыз бүт жатакананы жаңырта кыраан-каткы күлүп эле жатып калдык. Вахтерша келип урушканына деле болбойбуз. Качан коридордун светин өчүргөндө гана эсибизге келип, жарык берүүсүн өтүндүк. Шылкыйып бөлмөбүзгө келип, эртең менен эрте туруп окумай болуп уйкуга кеттик. Кайдан!!!! Тарс катып уктаптырбыз. Сынак саат 8де башталмак. Ойгонсок таңкы саат сегиз жарым, шашып, чала-була кийинип чуркап жөнөдүк. Кечигип келсем, агайым кычап Омдун кайсы бир законун сурабаспы.Түндөгү окуяны эстеп күлкүм келди. Толук жооп бербегендиктен 2ни балчайта коюп чыгарып жиберген. Кийин жүгүрүп жүрүп араң 4 койдургам..

XS
SM
MD
LG