Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Мындай шаарда жашагым келбейт


Бишкектин бир көчөсү.
Бишкектин бир көчөсү.
"Сак болгула! Шаарда тоноочулардын бандасы жүрөт. Бүгүн менин апамды Калык Акиев менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Триада” жана “Труссарди” дүкөндөрүнүн жанында чак түштө тоноп кетишти. Кара чүмбөтчөндөр экен. Мындай окуя биринчи жолу эмес...», - деп Фейсбукта коңгуроо какты бир таанышым.

Өткөндө айы-күнү жетип турган келинди өлтүрүп кетишти. Үйүндө эки жаш баласы калыптыр. Алардын убалы кимге? Ичи тарсайып, мына-мына көз жарайын деп турган кош бойлууга 13 жолу бычак урганга дити барган кандай айбан?! Алып кеткени - 2 миң сом, бир алтын чынжыр жана уюлдук телефон!!! Адам өмүрү ушунча эле болуп калдыбы?

Интернеттеги маалымат агенттиктеринин жаңылыктар түрмөгү «өлтүрүлдү», «мууздалды», «дайынсыз жок болду» жана «каза тапты» дегендерге жыкжыйма. Окугуң келбейт! Социалдык байланыш түйүндөрдө жоголгон жаш балдардын сүрөттөрү улам-улам жаңыланат.

Борбор калаабызда күндөн күнгө зордуктоо менен кол салуу күч алууда. Милиция аны жогото албайт! Кандай мыйзамдын негизинде иштеп жатышканы белгисиз.

Көчөдө кетип бара жатып коркосуң. Каалаган жерде бирөө сүзүп, анан качып кетиши мүмкүн. 2013-жылдын биринчи 3 айында эле 528 жол кырсыгы болсо, анын 322синде жөн бара жаткан адамды тебелеп кетишкен. 25 адам каза таап, 659у жаракат алган.

Капчыгыңды бир алдырган жаның, жыкжыйма маршруткага түшкөндө бирөө карап же жөөлөп койсо, жанталашып сумкаңдын оозун бек кармайсың. Улуу-кичүүсү, кыз-эркегине карабай шектенесиң. Чөнтөкчүлөрдүн белгилүү маршруттар боюнча «схемаларын» мыкты билишсе да, билмексенге салган ички иштер кызматкерлерине түк ишенгиң келбейт.

Кечээ жакында эле, чаламандын чак түшүндө Бишкектин Манас көчөсүндө бир унаа кесиптештер менен бара жаткан биздин унааны уруп кетти. Бирок кечирим сураганга жараган жок. Артынан кууп барып токтотсок, айдоочусу бутуна тура албайт. Өкүртө ичип алыптыр. Кесиптешим "милицияга кабарлайлы, бөөдө бирөөнүн убалына калбасын” деди. Анткенден эмне пайда. Чырактай келинди сүзүп өлтүргөн адамды качырып жибергендер кандай чара көрмөк?

Деги, борбор калаабызда тартип менен коопсуздук качан ордуна келет? Качан караңгы көчөдө элеңдебей, артындан бирөө келе жатса, капчыгыңды кыса кучактап, кадамынды тездетпей ээн-эркин басабыз?

Коопсуздук сезими качан пайда болот? Деги, тартип сакчыларына ишеним кайтарылабы?

Мен мындай, коркунучтуу шаарда жашагым келбейт!

Лазат ТАКЫРБАШЕВА, блогер
XS
SM
MD
LG