Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

"Орточо немис" деген ким?


Футболист Томас Мүллер
Футболист Томас Мүллер

Биз бала кезде Германия же немис десе "Ханди хох!" же "Гитлер капут!" деген сөздөр менен айкалыштырчу элек.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө эң жогорку симпатияга ээ болгон өлкө - бул Германия экен. Анткени адамдар Германияны же немистерди тактык, жогорку сапат, прагматизм жана өз ишин билгендик менен айкалыштырат экен. Кантип немистер ушундай симпатияга ээ болду?

Немистердин жашоо образы кандай б.а. "орточо немис" бул ким, кантип жашайт жана күнүмдүк жашоосунда эмне менен алек, карап көрөлү.

"Орточо немис" же Томас Мүллер

"Фонекс" телеканалынын изилдөөсүнө ылайык, Германияда эң көп кездешкен фамилия - бул Мүллер. Немистердин футболдук курама командасында дээрлик бардык муундарда жок дегенде бир Мүллер деген оюнчу болгон. Буга азыркы футболчу Томас Мүллер да далил боло алат. Айта кетчү нерсе, немис элинде эң көп кездешкен эркектин аты Томас болсо, аялдардыкы Сабина. Демек, биз "орточо немисти" Томас Мүллер деп атап койсок болчудай.

Айтмакчы "мүллер" тегирменчи дегенди түшүндүрөт, орто кылымда ар бир айылда бирден тегирменчи же "мүллер" болгондуктан бул сөз фамилияга айланып, таркап, көбөйүп кеткен экен.

Нан, сыр жана кофе

"Орточо немис" же Томас Мүллер эртең менен саат 6:20да ойгонуп, 7:15те тамак ичет экен. Ал эртең менен көпчүлүк убакта нан менен сыр жеп, кофе ичет, булардын ордуна токоч менен мүслини жактыргандар да барын айта кетели. Баса, Германияда нандын 300дөн ашуун түрү бар жана жүздөгөн жылдардан бери иштеп келаткан наабайкана же "бэкерайлар" көп.

Түшкү тамакка поммес (майга бышырылган картөшкө) менен карри вурст болсо кечинде кайра эле нан менен сары май же сыр желет. Андан сырткары немистер этти көп жеген улуттарга кирет "орточо немис" жылына 60 килограммдай эт жейт экен.

"Фольксваген - Голф"

Германия жогорку сапаттагы техниканын мекени болгонуна карабастан "орточо немис" жашоосунда болгону 25 эле колфон (мобилдик телефон), 12 көмпүтөр жана 10 автоунаа алмаштырат экен.

Томас Мүллер 10 автоунааны ар алты жыл сайын алмаштырат. Немис эркектер үчүн автоунаа - бул сыймык. Немистердин үч эң көп айдаган автоунаасы: "Фолксваген Гольф", "Ауди А4" жана "Мерседес S" классы. Көпчүлүк немистер "Порше" автоунаасын алсам деп кыялданганы менен мингени "Гольф". Бул факт биз үчүн аябай таңкалычтуу болсо керек, бизге ал жактан ар кандай автоунаалар келет эмеспи.

Немистер абдан сарамжалдуу болгону үчүн "Гольф" айдаса керек, анткени бул автоунаа арзан жана майды азыраак ичет. Акыркы маалыматтарга ылайык, Германияда 41 миллион автоунаа бар. Бул сан өсүп бараткандыктан Томас Мүллер жылына орточо 60 саат жол тыгынында турат.

Бюро жумушу

Немистер эң көп аркалаган жумуштар: биринчи орунда бюро жумушу, экинчи орунда сатуучу анан үчүнчү орунда айдоочу (көбүнчө жүк ташуучу унаалардын айдоочулары). Аялдар үчүн үчүнчү орунда медайым (медсестра) жумушу болуп эсептелет.

"Орточо немис" б.а. 62% немистер бир жылда 18.000 - 42.000 еврого чейин маяна алышат. Бир айлык орточо маянасы (салыктан сырткары) 1.450 еврону түзөт.

Томас Мүллер көбүнчө бюро жумушун же аз кыймылдаган жумуш жасап майлуу тамакты көп жейт жана күнүнө бир бөтөлкө сыра ичет. Андыктан жашы өткөн сайын анын курсагы чоңойо берет экен.

Томас Мүллер жана спорт

Анткен менен Германияда 500дөн ашуун спорт уюмдары бар, бул боюнча немистер дүйнөдө алдына эч кимди салбайт. 60% ашуун жаштар жумасына эки-үч жолу спорт менен машыгат.

Немистерде эң популярдуу спорттун түрү - футбол. Спорттон сырткары немистер саякаттаганды да жакшы көрөт, Томас Мүллер жашоосунда кеминде 63 жолу саякатка чыгат жана биринчи өз өлкөсү Германияны түрө кыдырып, андан кийин Испания жана Италияга барышат.

Кошумча кызыктуу фактылар

Эркек немистер жылына орто эсеп менен кийимге 100, ал эми аялдар 236 евро коротот.

Андан сырткары Томас Мүллер күнүнө 3.5 саат сыналгы көрөт жана саат 11де уктаганы жатат.

Анын эң жакшы көргөн коммуникация жолу - бул СМС аркылуу сүйлөшүү. Андан сырткары 68% немистер немис экенине сыймыктанат экен.

Дагы бир кызыктуу фактты айтсак, немистер таштандыны кайра иштетүү боюнча биринчи орунда турат.

Германияда таштанды кагаз, био-таштанды, калдык-таштанды, пластик жана бөтөлкөлөр болуп бөлүнөт жана көпчүлүк таштандылар кайра иштетилет.

"Орточо немис" же Томас Мүллер ким экенин аздыр-көптүр билип алдык. Ал эми сиздердин оюңуздарча "орточо кыргыз" ким болду экен?

Баатыр АЛЫМКУЛОВ, Эрфурт шаары, Германия

XS
SM
MD
LG