Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 05:45

Жаңылбай, жаңыланалы


Кыргызстан, Бишкек.

Жаӊы жыл келгендеги сезимдердин бири дал ушул жаңылануу маанайына тиешелүү окшойт.

Таарынычтардан арылып, кечиришип, жаштар акылдуу тартып, орто курактагылар өмүрдүн дагы бир жылы өтүп кеткенин, жашоосу канчалык майнаптуу, маани-маңыздуу жүрүп жатканын, улгайгандар кийинкилерге кандай таберик мурас калтыра турганын ойлоп... Албетте, мунун баарын ойлоп да койбогон же такыр тайыз түшүнгөндөр да көп. Ошентсе да, жаңылануу жөнүндө чогуу акыл калчап көрөлү.

Ак көйнөк

Акылдуулар башкалардын катасынан, акылсыздар өз катасынан сабак алат.

Англис макалы

“Мен сенден беш көйнөк ашык жырткам”, - дечү мурдагы байкелер инилерине, беш жаш улуу экенин, демек, турмуштук тажрыйбасы артык экенин кыйытып. Ырас, кээ бир агалар бир “көйнөгүн” беш жыл жамап-жаскап “кийип”, кичүүлөр болсо ай сайын бирден “эскиртүүгө” үлгүрүшү мүмкүн. Ошондуктан “көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет” эмеспи.

Бирок кеп көз карашын кол жоолуктай алмаштырган туруксуздар жөнүндө эмес. Көптү көрсө деле, бир катасын миң кайталаган киши эмнени билет? Демек, көргөн-билгенинен туура тыянак чыгарган адам билет.

Биз эгемендикке жетишкенден бери эки жолу социалдык каатчылыкты (кризисти) баштан өткөрдүк.

2005-жылдагы 24-март жана 2010-жылдагы 7-апрель окуялары “революция” деген түшүнүккө туура келбесин түшүнгөндөр жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. Мунун себеби жар салынган ураандар, көп кайталанган кооз сөздөр менен аларды айткандардын чыныгы мүдөөсү кескин айырмалангандыгында эмеспи? Адилеттүүлүктү орнотобуз, мыйзамдуулукту бекемдейбиз деп кыйкыргандар бийликке жетип алган соң иш жүзүндө мурункулардын жолун улантышты, атүгүл ашынып да кетишти.

Каар, мээр жана сергек акыл

Көйнөктүн кири жууганда кетет, көңүлдүн кири канткенде кетет?

Кыргыз макалы

“Буларың деле жарытпады”, - деп улам кийинкилерден көңүлү калса да, эл коомдун, мамлекеттин келечегинен такыр түңүлгөн жок деп ойлойм. Ошондуктан, алдын ала каралап, жалаа жапкандардын далбасасына карабастан, коррупцияга каршы уюштурулган “#Reакцияга” тилектештер көп эле болду.

Ооба, ар кандай иш-чараларга шектенүү, ишенбөөчүлүк менен караган мамиле бар. Болгону да жакшы. Бирок баары бир эч нерсе өзгөрбөйт деп кол шилтеп койгон жарабайт. Ар кандай идеяны же иш-аракетти жактаган жана каршы чыккан тараптардын жүйөсү канчалык орундуу экенин, ар кандай чакырыктарды КИМДЕР айтып чыкканын эске алуу зарыл.

Жаңырган жылда боло турган шайлоонун шаңы менен чаңы далайларды түйшөлтөт, “мыктыларга” ишенгендердин көбү өкүнүшү толук ыктымал. Кийинки чакырылыштагы Жогорку Кеңешке кимдер келет? Дагы эле чаласабат, жоопкерчиликсиз, мыйзамды сыйлабаган, өзүмчүл “элитабы”?

Келерки беш жыл Кыргызстан үчүн өтө орчундуу: эгемен мамлекет катары сакталып, өз алдынча өнүгө алабызбы же жокпу деген өтө кыжаалат суроонун жообу ушул кыска мезгил аралыгында айтылат. Бул жооп ар бирибиздин канчалык сергек ойлонорубузга, бийик мүдөө үчүн бириге алышыбызга жараша болот. Ошондуктан кимге, эмнеге ишенерибизди көбүрөөк ойлонуп, талкуулап, кеңешели.

Кимдин кайсы сөзү кылган ишине туура келбейт деп эсептесек, ачык айталы, жактаган же төгүнгө чыгарган далилдерди табалы, акыл таразасына салалы.

“Падышанын көзүндө каары, жүрөгүндө мээри болушу керек. Ал каарын кол алдындагыларга, мээрин элине төгүп турушу керек”, - деген имиш бир саясатчы. “Кеп эмес бекен!”, “Чыныгы элдик адам!”, “Акылман!” ж.б.у.с. суктануулар ээ-жаа бербей жаңырып жаткан экен бир жолку талкууда. “Эмне үчүн падыша кол алдындагылардын баарына каардуу мамиле жасашы керек? Иш билги, чындыкты өкүмдарга айтуудан жалтанбаган адистерге да ушундай залимдик кылышы керекпи? Мамлекеттик кызматкерлер падышанын каарынан корккону үчүн гана таза иштейби?” – деген суроолор берилгенден кийин көпчүлүктүн уу-дуусу тез эле басаңдап, токтоп калган эле ошондо...

Кооз, дүңгүрөк сөздөргө азгырылбаш үчүн эң эле акылдуу, намыстуу деп ойлогон кишилерибиздин да кептерин логикалык жактан талдай билели. Сезимдер толуп-ташып турганы жакшы, бирок эмоцияга, айрыкча жекече жакшы көрүү же сокур жек көрүү сезимине алдырбайлы.

Тагдыр чечер ушул жыл

Өзүңө... кудай жасап алба.

Инжилден

Жаӊы жыл алдында элдин көңүлүн бир удургуткан окуянын себепчиси Алмамбет Шыкмаматов болду. Бул майрамдык макаланын этегине ушул киши эскерген “Өзүңө кудай жасап алба” деген накыл кеп менен үтүр коё туралы.

Жетекчини, саясатчыны, укук коргоочуну, журналистти, молдону – кимди гана болбосун, идеалдаштырып албаш керек. Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт. Саясий оюндун кумарына ашыкча берилбес, утурумдук пайдага азгырылбас лидер (-лер) барбы бизде?

Балким, аны эл тарбиялап чыгышы керектир? Балким, ушул жолку шайлоодо жаңы муундагы мамлекеттик ишмерлер командасын шайлап алуу мүмкүнчүлүгү пайда болор?..

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт!)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG